Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

Жамааттык коопсуздук келишими уюму Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаалды жөнгө салууга жана тополоң уюштуруп, чагым салгандарды табууга көмөктөшүүгө даяр экенин уюмдун баш катчысы Николай Бордюжа 25-июнда Бишкектеги иш сапары учурунда билдирди.

Бул үчүн аталган уюм Кыргызстанга атайын жана техникалык каражаттарды, тик учак бөлдү.

25-июнда Кыргызстанга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа менен бул уюмдун кырдаалга баам салуу боюнча жумушчу тобу келди. Николай Бордюжа бул иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Өткөөл мезгилдеги президенти Роза Отунбаева, Коопсуздук кеңешинин катчысы Алик Орозов, тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев менен жолугушту. Жолугушуу соңунда эки тарап журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Роза Отунбаева Кыргызстан кыйын кыдаалда ЖККУнун аскерий, техникалык жардамына муктаж экенине токтотулуп, көптөн күткөн жардамды алар кез келип калганын белгиледи.

- Буга байланышуту документ чыгаар алдында турат. Биз көптөн күткөн, абдан муктаж болуп турган материалдык-техникалык жана аскерий жардамды алабыз. Ошондой эле өлкө мыкты формада, мыкты куралданган абалда бардык чакырыктарды тосо алат.

Өз кезегинде Николай Бордюжа Кыргызстанга ЖККУнун жетекчилиги Орусия президентинин тапшырмасы менен келип жатканын белгиледи. Анын айтымында, аталган уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттери Ош жана Жалал-Абаддагы кырдаалды турукташтуруу үчүн көмөктөшүүгө даяр. Анын негизинде ЖККУ атайын жана техникалык каражаттарды, тик учак бөлдү.

- Тополоңду уюштуруучуларды, азыркыга дейре абалды дестебилдештирүүгө аракет кылган чагымчылдарды таап, жоопко тартууга көмөк көрсөтөбүз. Биз биринчиден, тартип коргоо структураларын атайын жана техникалык каражаттар менен камсыз кылууну туура көрүп жатабыз. Буга кошумча транспорт, башкача айтканда тик учак зарыл экени белгиленди. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн бардык президенттери Кыргызстандын түштүгүндөгү абалды турукташтырууда тартип коргоо ишмердүүлүгүнө зарыл болгон жардамдарды берүүгө макулдугун билдиришкен.

Николай Бордюжа ошондой эле ЖККУнун Кыргызстандын түштүгүндогү кырдаалга баам салуу боюнча жумушчу тобу түзүлгөнүн, ал Ош жана Жалал-Абад областтарынын аймагында жайгашып, өлкөнүн күч органдары менен эриш-аркак иштерин кошумчалады. Бул топту генерал Владимир Бережной жетектемекчи.

Убактылуу жумушчуү топтун курамында ЖККУга мүчө сегиз өлкөнүн өкүлдөрү кирди, алардын арасында Өзбекстандын өкүлү жок. Муну ЖККУ баш катчысы Өзбекстан өкүлү башка багытта иштеп, алардан маалымат алып туруу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнү жана анын Кыргызстанга келүүсүнүн зарылчылыгы жоктугу менен түшүндүрдү.

Мындан сырткары ЖККУ баш катчысы ар кандай ушактарга жана чагымчылыктарга жол бербөө максатында маалымат агымдары менен дагы иштер жүргүзүлөрүн билдирди.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Алик Орозов мына ушул маселелер бүгүнкү жолугушууда дагы такталганын, Кыргызстан ушул тапта техника жагынан жардамга муктаж болуп турганын айтат:

- Биздин атайын кызматтар калдыктарды, кылмышкерлерди издегенге жетишпей жатат. Алардын тажрыйбасы көбүрөөк. Ошол жагынан жардам сурайбыз. Анан курулуш жагынан жардам сурайбыз. Анткени күйгөн, талкаланган имараттарды кайра тургузууга биздин өкмөттүн күчү жетпейт. Менимче ЖККУ жардам берүүдөн баш тартпайт болуш керек. Орусиядан эки тараптуу кызматташуунун алкагында гуманитардык жардам келип атат. Биз техникалык каражаттарды да күтүп атабыз.

ЖККУнун Кыргызстанга жасап жаткан бул жардамы - “Убактылуу өкмөттү таануу дегендик эмес” деген оюн “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров билдирди. Ал Орусия президенти Дмитрий Медведев менен АКШ президенти Барак Обаманын жолугушуусунда Кыргызстанга басым жасалып, түштүктөгү окуяны өлкөнүн ич ара иши катары кароо керектиги эки тараптан тең айтылганын белгиледи:

- Берилчү жардамдар стратегиялык өнөктөш катары гуманитардык техникалык жардам болуп эсептелет. Муну саясий жардам катары кабыл алсак туура эмес болот. Ушундай оор заман болуп турганда Ефиопия, Гондураста жана башка мамлекеттерге болсо деле Орусия колунан келген жардамын берип жүрөт. Кыргызстанга берилчү жардам да мына ушундайлардын бири. Бир айырмачылыгы – Орусиянын президентинин айтымында, Кыргызстанга эң жакын жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөш катары мамиле жасалып жатат.

Ал эми саясат талдоочу Токтогул Какчакеевдин пикиринде, ЖККУнун жардам берүү чечими Орусиянын коопсуздук стратегиялык кызыкчылыгынан жана Кыргызстан менен карым-катнашынан улам да кабыл алыны.

Айрым саясий серепчилер тарабынан ЖККУга мүчө өлкөлөрдү бириктирген эч нерсе жок экени, ар ким өз көмөчүнө гана күл тартары айтылып жатат. Ал эми жергиликтүү саясат талдоочу Орозбек Молдалиев болсо, ЖККУ таасири жок уюм деп сыпаттады.

- Антип айтканга негиз бар. Кыргызстанда 7-апрелден бери ар кандай окуялар болуп, туруксуздук болуп, коопсуздук маселеси курчуп кетти. Эки элдин ортосунда кан төгүлүп, адамдар өлүп кетти. Эми тынчыгандан кийин ЖККУнун эксперттери келип бизге кагылышты кантип басуу боюнча акыл үйрөтөт экен. Ушундай да болчу беле? Өзбекстандын президенти Ислам Каримов бул уюм менен кызматташуусун эки жолу токтоткон болчу. Анткени ЖККУ таасири жок, жардам бербеген уюм.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 14-июнда Москвада болгон мөөнөтсүз кезексиз жыйынында Кыргызстандын түштүгүндө болуп аткан окуялар талкууланып, жыйынтыгында бул өлкөгө аскердик күчтөр киргизилбейт деген чечим кабыл алынган эле. Анда чыр-чатактарды Кыргызстан өзүнүн күч-аракети менен жөнгө салышы керек деген жыйынтыкка келишкен. Ошондой эле Кыргызстандын Коргоо министрлигине ар түрдүү аскерий жабдууларды, аскердик техникаларды, тик учактарды, алардын күйүүчү май заттарын жана башка материалдык-техникалык мүнөздөгү жардам көрсөтүү жөнүндө бүтүм чыккан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG