Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:05

ЕККУнун полиция тобу Кыргызстанга жакында киргизилбейт


ЕККУ полициясын киргизүүгө каршы Бишкектеги акция, 2010-жылдын 26-июлу.
ЕККУ полициясын киргизүүгө каршы Бишкектеги акция, 2010-жылдын 26-июлу.

ЕККУ полиция кеңешчилер тобун Кыргызстанга киргизүү боюнча меморандумга кол кою белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул эки тараптын ортосунда полиция тобунун мандаты боюнча кайчы пикирлердин жөнгө салынбай жатышы менен байланыштырылууда.

Ушул жылдын август айынын аягына чейин расмий Бишкек ЕККУнун полиция кеңешчилер тобун Кыргызстанга киргизүү боюнча меморандумга кол коймок. Буга чейин элүү адамдан турган полиция тобу тогуз мамлекеттен тандалып алынып, сентябрдын башында алардын Кыргызстанга келиши күтүлүп жаткан. Бирок расмий булактарга караганда, тараптар эл аралык полиция кеңешчилеринин мандатындагы жана меморандумдун шарттарындагы айрым жагдайлар боюнча бир пикирге келише алышкан эмес.

Каршылык акциялардын таасириби?
Бул маселеге Оштун мэри Мелис Мырзакматовдун позициясынын да таасири тийбей койгон жок.А. Орозов

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Авланбек Жумабаевдин айтымында, полиция кеңешчилер тобун киргизүүдөн Кыргызстан толук баш тартат дегендикке жатпайт:
ЕККУ полициясына каршы Оштогу акция, 2010-жылдын 26-июлу.

- Учурда консультациялык сүйлөшүүлөр бүтө элек. Эң биринчиден, Кыргызстан аталган меморандум өлкөнүн кызыкчылыгына туура келгенде гана гана кол койот. Эң башында эле ЕККУнун катчылыгы иштеп чыгып, сунуштаган меморандумдун долбоору менен Кыргызстан макул болгон эмес. Эл аралык полиция кеңешчилеринин тобунун бул жакта болушунун мөөнөтү боюнча да Кыргызстандын өзүнүн позициясы бар. Ошондой эле меморандумдун айрым шарттары боюнча ача пикирлерден улам, ага кол кою кандайдыр бир мөөнөткө созулуп турат.

Анткен менен талдоочулар арасында меморандумдун өз учурунда кол коюлбай калышынын себептери боюнча башкача божомолдор да бар. Буга Ош, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларындагы ЕККУнун полиция кеңешчилеринин киргизилишине карата уюштурулган каршылык акциялары да себеп болгон. Экинчи жагынан, эл аралык полиция кеңешчилеринин киришине каршылыгын айтып чыккан Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун кызматынан алуу аракетинин ишке ашпай калгандыгы да буга терс таасирин тийгизди деген пикирлер үстөмдүк кылууда.

Мурдагы коопсуздук кеңешинин катчысы Алик Орозов чечимдин создугушун кыйчалыш абалдын түзүлүп калышы менен байланыштырды:

- Буга эми жанагы Оштун мэри Мелис Мырзакматовдун позициясы да таасирин тийгизбей койгон жок. Ал деген Ошто хан болуп алып, "мен айткан боюнча бул жакка, бир дагы бирөө кирбейт" деп жатпайбы. Ошондуктан ЕККУга биздикилер сунуш кылган болсо керек. Кырдаалды курчутуп албайлы, коё туралы деген мааниде. Экинчи жагынан, шайлоо жакындап келе жатат. Муну эми чечим канчалык туура жана зарыл болсо дагы кыйчалыш учурда жүзөгө ашыруу оңой эмес. Муну эми ЕККУнун Туруктуу Кеңешинде дагы түшүнүш керек да, бул жакка жөн эле күч менен киргизүүгө болбой тургандыгын.

Полиция кеңешчилеринин мандатын өзгөртүү маселеси каралууда

Буга чейин ЕККУнун полиция кеңешчилеринин киргизилишине макул жана каршы тараптардын кызыкчылыктарын бирдей эске алуу үчүн мунасага келүү демилгеси көтөрүлгөн. Анда эл аралык полиция тобун Бишкекке чакыртып, ушул жерден эле кеңеш берип үйрөтүү үчүн шарттарды түзүү маселеси сунушталган.
Коомчулуктагы түрдүү пикирлерден улам ЕККУ полиция кеңешчилеринин мандатын өзгөртүү маселеси каралууда. Ш. Мамыров

ЕККУ полициясына каршы Оштогу акция, 2010-жылдын 11-августу

Илимий изилдөө борборунун жетекчиси Шамшыбек Мамыров бул багытта алардын мандатына өзгөртүү киргизүү жагы буга чейин эле ЕККУнун катчылыгына сунушталганын айткан болчу:

- Бүгүнкү күндө биздин жетекчилик коомчулукта түрдүү пикирлер болуп жаткандыктан ЕККУнун полиция кеңешчилеринин мандатын өзгөртүү боюнча маселени карап жатат. Аларды Бишкекте эле кармап, окутуу иштерин ушул жерден эле жүргүзүү боюнча демилге көтөрүлүп жатат. Муну менен элдин маанайын дагы карап, ошол эле кезде түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек болуп жатат. Себеби мындай каршы пикирлер түшүнбөгөндүктөн келип чыгып жатат.

Мына ушул багытта Кыргызстандын бийлиги тарабынан киргизилген сунуштардын үстүндө ЕККУнун Туруктуу Кеңешинин катчылыгы менен кеңешмелер узакка созулуп кеткен. Анын натыйжасында полиция кеңешчилеринин Кыргызстанга киргизилиши боюнча эки тараптуу меморандумга кол коюну кийинкиге жылдыруу жагы макулдашылган.

XS
SM
MD
LG