Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

Нил Уокер: Укук коргоо жаатында тынчсызданууга негиз бар


Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Нил Уокер. 2009-жылдын 23-октябры, Бишкек.

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Нил Уокер. 2009-жылдын 23-октябры, Бишкек.

24-октябрь – Бириккен Улуттар Уюмунун күнү. Аталган уюмдун Башкы Жыйыны 2009-жылды “Адам укугу боюнча окутуунун эл аралык жылы” деп жарыялаган. Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Нил Уокер "Азаттыктын" суроолоруна жооп берет.

“Азаттык” Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Нил Уокерге Кыргызстандагы адам укугу жааттагы билим берүү жана адам укугунун азыркы абалы тууралуу суроо узатты.

“Азаттык”: - Уокер мырза, Кыргызстанда дипломдуу юристтер жетишээрлик эле. Бирок алардын арасында укук коргоочулук ишмердүүлүккө жигердүү киришип, адам укугун коргоого ынтызаарлыгын билдиргендер аз. Мунун себебин кандайча түшүндүрүүгө болот?

Нил Уокер: - Менин оюмча бул жагдайын эки мүнөздүү себеби бар. Биринчиден, адам укугу бул абдан сезимтал темалардан. Адам укугун коргоону чечкен жаран мына ошол проблеманы сезимталдуулуктан арылтып, өзүнүн коркуп-кооптонуусун жоюу үчүн анда эң күчтүү каалоо болушу керек. Экинчи себебин болсо жөнөкөй эле түшүндүрүүгө болот. Эгерде сиз квалификациясы бар юрист же адвокат болсоңуз укук коргоочу болбой туруп, башка иштерди аткаруу менен көп акча тапсаңыз болот. Укук коргоочу болуш үчүн эң оболу чыныгы каалоо керек.

Кыргызстан кол койгон эл аралык келишимдер, өлкөдөгү мыйзамдар менен бийликтин реалдуу иш-аракеттеринин ортосунда чоң ажырым бар
“Азаттык”:
- Учурда айрым серепчилер, эл аралык уюмдар Кыргызстанда адам укугу жаатта абал кыйындап кетти, деп билдирип келишет. Ушундай тыянак менен макулсузбу?

Нил Уокер: - Бул татаал суроо. Макулмун, же жок, деп бир жактуу жооп берүү кыйын. Биз бул маселелерди талдаганбыз жана өзүбүздүн конкреттүү жоопторбуз, сунуштарбыз бар. Мен ушул жерден Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин өлкөдөгү жана дүйнөдөгү адам укугунун абалына байланыштуу бир сөзүн окуй кетким келет. Ал, “адам укугун коргоону жана демократиялык принциптерди сөз жүзүндө калтырбай ишке ашыруу - Кыргызстандагы татаал жана приориттүү маселелердин болуп эсептелет”, деген эле. Биз мамлекет башчынын ушундай адам укугун коргоого колдоо билдиргенин маанилүү деп эсептейбиз.

Мындан тышкары Кыргызстан БУУнун адам укугун коргоо боюнча дээрлик баардык маанилүү инструменттерине кол койгон. Бирок ушундай позитивдүү нерселер Кыргызстанда адам укугу жаатта баары кынтыксыз дегенди түшүндүрбөйт. Өлкөдөгү адам укугунун абалына биз эмес көптөгөн адамдар тынчсызданып жатышат. Биздин оюбузча Кыргызстан кол койгон эл аралык келишимдер, өлкөдөгү мыйзамдар менен бийликтин реалдуу иш-аракеттеринин ортосунда чоң ажырым бар.

Ноокат окуясында камакка алынган адамдын үй-бүлөсү
Адам укугу боюнча адамдардын тынчсызданууга негиз бар экенин далилдеген конкреттүү мисалдар бар. Биринчи мисал, 2008-жылдын 1-октябрындагы Ноокатта жана андан кийин болгон окуялар. Бул жерде адам укугу боюнча тынсызданууну жараткан бир топ маселелер жаралды. Бул –себеби жок эле камоолор, кыйноолорду колдонуу, зордук көрсөтүү, кылмыш-жаза кодексин колдонулбашы өндүү маселелер. Бул конкреттүү тынчсыздануу. Бул тынчсыздануу тууралуу Улуттар уюму кыргыз өкмөтүнө билдирген болчу.

Дагы башка мисал президенттик шайлоо менен байланыштуу. Мен дагы эле конреттүү тынчсыздануулар тууралуу айтып жатам. Ойлорун ачык айта албай нааразыланып чыккан адамдардын кармалышы, ал адамдардын укугун коргогон адвокаттын жоктугу. Бул мисалдардын баары Кыргызстандагы көйгөйлөр болгон суроолорду чагылдырат.

Өлкөдө ар түрдүү этникалык топтор бар. Өлкөдө жакырчылык көйгөйү бар. Акыркыга иликтөөлөргө караганда элдин отуз пайызы өтө жакыр жашайт. Антсе да сиз билесиз, жакырчылык ар бир аймакта, мисалы Нарын, Жалал-Абат, Ошто згөчөлөнүп турат. Жумуштун, экономикалык перспективалардын жоктугу өлкөдөн элдердин башка жактарга кетишин шарттайт. Мына ушул көйгөйлөр өлкөнүн алдында турган кыйынчылыктардын өзөгүн түзөт. Адам укугу жаатындагы проблемалар ушундай экономикалык татаал жагдайлар менен тыгыз байланышта. Бул проблемаларды чечүү үчүн көп убакыт керек. Ошондой эле кабыл алынган мыйзамдардын баары аткарылышы керек.

Биз кыргыз өкмөтү жана жарандарынын эки багыттагы иш-аракеттерин колдогубуз келет. Биринчиси, негизги көйгөйлөрдүн өзөгүндө жаткан экономикалык проблемаларды өз убагында натыйжалуу чечүү зарыл. Экинчи жагдай – кайсы бир тирешүү проблема пайда болгондо ал проблемаларды кыргыз бийлиги өзү кол койгон эл аралык милдеттемелерди колдонуу менен чечиши керек. Мына ушул эки башка багыт бири-бири менен тыгыз байланышта. Бир тарабындагы ийгилик экинчи тарабындагы алга жылууларга алып келет. Дагы бир маанилүү жагдай – ачык-айкындуулук жана маалымат менен толук камсыз кылуу эсептелет.

Маалымат менен толук камсыз кылуу өкмөттүн кайсы бир иш-аракеттеринин туура же туура эмес жактарын көрсөтүп турат. Өкмөт катачылык кетирген күндө да эгер ал катаны мойнуна алып, чечим кабыл алса, анда бул өзү үчүн пайдалуу. Ошол кетирген катачылыктарды жоюу үчүн жакшы. Бул - үчүнчү элемент. Биринчиси – экономикалык проблемаларды жоюу, экинчиси өзүнө алган милдеттемелерди сыйлоо, үчүнчүсү маалыматтын жеткилеңдиги жана ачыктыгы.

Биздин, Улуттар Уюмунун жана менин жеке тажрыйбамдан улам адам укугун сыйлоо жана коргоо мамлекеттик башкаруунун эң жогорку деңгээлинде колдоо тапканда гана ишке ашат, деп айткым келет. Антсе да президенттин демократиялык принциптерди сөз жүзүндө да иш жүзүндө да колдойм деген ниети алдыга жылуу өнүгүү болот деп үмүттөндүрөт.

Ноокат окуясы жана президенттик шайлоодо болгон окуялар боюнча Улуттар Уюм өзүнүн кабатырлануусун билдирген жана аны кыргыз өкмөтүнө жөнөткөн.

“Азаттык”: - Рахмат.

Сөз соңунда, БУУнун Борбор Азиядагы адам укугу боюнча өкүлү Фиона Фрейзер Балыкчы окуясы боюнча бул соттук териштирүүлөргө аталган уюмдун атайын өкүлү байкоо салып жатканын айтты жана сот чечими чыккандан кийин БУУ ага өзүнүн баасын берерин билдирди.
XS
SM
MD
LG