Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

АКШнын жарандары кыргызстандык балдарды асырап алууга кызыкдар болуп жатышат. Өткөн аптада АКШнын балдар маселеси боюнча департаментиндеги бюронун атайын кеңешчиси Сьюзен Жейкобс бул жаатта Кыргызстан менен АКШнын ортосунда түшүнүүчүлүк меморандумуна жетишүү сунушун билдирди.

Эгер бул документке кыргыз тарап кол койсо эки жылдан бери созулуп келе жаткан 65 мүмкүнчүлүгү чектелген, кароосуз баланын тагдыры чечилип калышы ыктымал.

2006-жылдан бери эл аралык балдарды асыроо иши менен өкмөттүн токтомуна ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги алектенип келген. Бул убакыт аралыгында кыргызстандык кароосуз калган 236 баланын 177син АКШнын, калганын Израиль, Италия, Франция, Германия, Австралия өңдүү мамлекеттердин жарандары асырап алышкан. Өткөн жылы асырандыга берилип жаткан балдар чет мамлекеттерге мыйзамсыз жөнөтүлүп жаткандыгы маалым болуп, бул маселе парламентте чоң талкууну жараткан. Анын негизинде эл аралык бала багып алуу чарасына мараторий жарыяланган. Кыргызстандын балдарды коргоо боюнча департаментинин башкы адиси Жаңыл Сукенбаева буларды айтат:

- Баланы асыроо боюнча боюнча Билим берүү жана илим министрлиги иштей баштаган күндөн тарта көпчүлүк документтер жетишпегенине карабастан иштей берген. Жогорку Кеңештин, прокуратуранын, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүлгөн. Анын ичинде мен да көз карандысыз эксперт катары жүрүп, ошол Билим берүү жана илим министрлигинин кетирген кемчиликтерин ошо жактан соттордун ишинен көрүп келип, биз министрликтен өкмөткө кат жаза баштаганбыз. Жада калса жасалма документтер кетип жатыптыр деп, андан кийин мораторий жарыяланган. Жалпы иштердин баары жабылган. Чет элдик 87 ата-эненин министрликтеги арыздары кайтарылып берилген.

Өткөн жылкы парламенттин жыйынында айрым депутаттар кыргызстандык балдарды чет өлкөлүк атуулдар кандай максат менен аларына кызыгып, алардын андан аркы тагдырына кооптонууларын да билдиришкен. Жаңыл Сукенбаева ушул тапта чет жерге жөнөтүлгөн балдар боюнча монитринг жүргүзүлүп келе жатканын, бакма ата-энелер алты ай же бир жыл сайын дайынын билдирип тургандыгын белгилейт:

- АКШда балдарды асыроо кандайдыр бир жогорку деңгээлде калыптанган. Бул алардын мээсине сүңгүп, сиңип калган. Биздин өлкөдө балдарды көпчүлүк учурда эне жалгызчылыктан арылам деген максатта асырайт же үй-бүлөнү сактап калуу үчүн асырайт. Америкалыктар болсо баланы өзү үчүн эмес, баланын кызыкчылыгы үчүн багып алышат. Жашоого мүмкүнчүлүк бере ала турган үй-бүлө бала асырап алууга арыз берет.

Издеп алаар бирөө барбы?

Балдар укугун коргоочулар лигасы ушул тапта өспүрүмдөргө ар тараптуу жардам көрсөтүп, аларга укуктук жактан колдоо берип келет. Анын башчысы Назгүл Турдубаеваны чет жактарга кетип жаткан балдардын, өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга түзүлүп берчү жакшы шарттардан мурда алардын өз мекенинде макамдарын аныктоо маселеси тынчсыздандырат:

-Ар бир баланын статусу бар бекен? Чын эле өзүнүн ата-энеси андан баш тартканбы? Бүт тиешелүү процедуралар каралып, сакталганбы? Мындай суроолор аябай көп. Мунун баарын өкмөттүк органдар, прокуратура тарабынан так изилденбесе, албетте баланын укуктары мындан ары да бузула берет.

Өткөн аптада Кыргызстанга келген АКШнын балдар маселеси боюнча департаментиндеги бюронун атайы кеңешчиси Сьюзен Жейкобс Жогорку Соттун төрагасынын орун басары Фируза Жамашева менен жолугуп, 65 баланы багып алабыз деген америкалык ата-энелер бул маселенин тез арада чечилишине үмүт артып тургандыгын билдирди. Ал бул жаатта Кыргызстан менен АКШнын ортосунда өз ара түшүнүүчүлүк меморандумуна жетишүү сунушун билдирген. Жогорку Соттун маалымат катчысы Рысалиев буларды айтат:

- Бирок азырынча АКШ менен Кыргызстандын ортосунда эч кандай келишимдердин жоктугунан бул иш токтоп турат. Эгер АКШ сунуш кылган меморандумга кол коюлуп калса, ошол балдарга тийиштүү иштер сотко өтөт. Азыр ал меморандум Миграция министрлигинде кол коюуда жатат. Бизде өткөн жолугушуда Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева бул маселени тезирек чечип берүүгө болгон мүмкүнчүлүгүн жумшай турганын билдирди.

Документтер жок - иш жабык

Өткөн жылдын жаз айларында кыргызстандык жеткинчектерди чет өлкөлүктөр багып алышына мыйзамсыз уруксат бергендиги үчүн Башкы прокуратура тарабынан 36 кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталгандыгы маалымдалган. Азыр болсо бул документтер Башкы прокуратурада жок. Алар үстүдөгү жылдын апрель айындагы окуялар учурунда Башкы прокуратуранын имараты менен кошо өрттөлүп кеткен.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын жетекчиси Кубаныч Сабыров "азыр бизде кылмыш иши жок экен. Качан козголгон, эмне болгон - бизде маалымат жок" деп билдирди.

Ушул тапта АКШнын жарандарын зарыктырган мүмкүнчүлүгү чектелген 65 бала Бишкек жана Токмок шаарындагы балдар үйүндө тарбияланып жатат.

"Азаттыктын" архивинен: Жетимдин жегени желим

Дүйнөнүн башка ири шаарлары өңдүү эле Алматыда да үйүнөн качып кеткен, же башка бир себептерден улам кароосуз калган көчө балдары көп. Алардын бири - 16 жаштагы Сава өз тагдырын баяндап берди. ZMa.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG