Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

Алыстагы билдирүүнүн жакындагы жаңырыгы


Кыргыз өкмөтүнүн “Манас” аба майданындагы эл аралык аскерий базаны чыгаруунун кесепеттери кандай болушу мүмкүн? Маселе кандай чечилгени Москвадан жарыя кылынганы да түкшүмөл суроолорду жаратууда.

АКШнын Кыргызстандагы аскерий базасынын чыгарылышы тууралуу кыргыз өкмөтү кандай чечим чыгарганын президент Курманбек Бакиев орусиялык 2 миллиард доллар карыз акча ырасталгандан кийин жалпыга жарыя кылды. Аны улай өкмөт аскерий база тууралуу ортолук келишимди жокко чыгаруу сунушун парламентке жолдоп, бул ишке байланышкан укуктук жөрөлгөлөрдү жасоого өттү.

“Манас” аба майданындагы эл аралык антитеррордук күчтөрдүн Кыргызстандан чыгарылышы, “Туран” партиясынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевдин пикиринде, өлкө үчүн биртоп жагымсыз жагдайларды жаратышы ыктымал.

- Көп эле донор финансылык институттары, сырткы карыздар, ошондой эле көпчүлүк европалык мамлекеттердин мамилеси кескин түрдө өзгөрүшү мүмкүн. Бул америкалык база 150 миллион доллар төлөйт, орусиялык база эч нерсе төлөбөйт, деген салыштыруу алдыда боло турган кыйынчылыктардын жанында баланын оюнчугу болуп калышы мүмкүн.

Тышкы саясаттагы алдагыдай кескин бурулуштун артында кандай кызыкчылыктар башбактап турганы көпчүлүк үчүн азырынча түшүнүксүз. Аны парламенттеги социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов да ырастап, буга чейин кыргыз бийлиги аскер базанын чыгарылбастыгын айтуудан тажабай келгенине таңданганын жашырган жок.

- Кээ бир депутаттарды “ал маселе каралбайт”, деп толук ишендирип кетти. Анан момундай болуп жатат. Кыргыз өкмөтү жыйында караган эмес. Жогорку Кеңеш аны караган эмес. Жалпы элдин ал жөнүндө кабары жок. “Бап” деп эле ал ой айтылып кетти.

Аскер базаны чыгаруу жөнүндө 2005-жылы Астанадагы Шаңкай кызматташуу уюмунун кезектеги жыйынында кеп болуп, бирок анда “Манас” аба майданындагы террорчулукка каршы эл аралык күчтөрдүн дагы канчага турушу такталышы керектигин билдирүү менен чектелишкен.

Кийинки жылдары кыргыз бийлиги аба базанын ижара акысын көбөйтүү жөнүндө көбүрөөк кеп кылып, базаны жабуу чечиминин чыгышына ал кадыресе жүйөө катары жүрдү окшойт.

“Акшумкар” партиясынын негиздөөчүсү, парламенттин мурдагы депутаты Темир Сариевдин айтуусунда, “Манас” аба майданында аскерий базанын турушунан Кыргызстан экономикалык пайдадан башка зыян көргөн жок.

- Пентагондун билдирүүсү боюнча, учурда 150 миллион доллар акча авиабазадан Кыргызстан капчыгына түшүп жатат. Бул тике салыкка эмес, Кыргызстанга жалпы келип жаткан акчалардын эсеби. Анын ичинде 17 миллиону ижара үчүн кетип жатат. Ал эми калган акчалары көрсөтүлчү тейлөө, май сатып алуу, салыктарды төлөөгө, башка кызматтардан келип атат. Анын ичинде 300дөй биздин атуулдар ошол базада иштеп, айлык маяна алып жатышат.

Т. Сариевдин эсебинде, аба базадан Кыргызстанга 200 миллионго жакын доллар акча түшөт. Булардан тышкары эл аралык уюмдардан жыл сайын Кыргызстан бюджетин колдоого 150 миллион доллар берилип турат.

Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилигинин коомчулук менен байланыштар кызматынын жетекчиси Марк Камерон мырза азырынча “Манас” абамайданындагы аба базаны чыгаруу жөнүндө расмий маалымат келип түшө электигин ырастап, кызматташтык улана бере тургандыгын билдирди.


“Манас” аба майданындагы террорчулукка каршы эл аралык күчтөрдүн базасын кетирүүнү кыргыз коммунисттери кыйладан бери талап кылып келатышкан. Өкмөттүн андай чечимин алар кубаттоого алышты.

- 3 жылга келип, мына 8 жыл отурду. Ишин аткарышты. Эми кармап эмне кылабыз. Анан кыргыз эли деле тандаш керек да ким менен дос болушту, ким менен кандай мамиле түзүштү,- дейт коммунист депутат Анаш Сейтказиев.

Аба база 2001-жылдын аягында кыргыз өкмөтүнүн макулдугу менен “Манас” аба майданында жайгаштырылып, ага Ооганстандагы аскерлерге керектүү жүктөрдү ташып жеткирүү милдети коюлган.

XS
SM
MD
LG