Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:04

Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын аймактары айкалышкан Фергана өрөөнү кийинки кездери чек ара жаңжалдары эң көп катталган мейкиндикке айланууда. Мындагы чыңалуунун орун алышына талдоочулар, көпчүлүк учурларда чек ара сызыктарынын тактала электиги жана талаштуу аймактарына көп экендиги менен байланыштырышат.

Өткөн эки аптанын ичинде эле чек ара тилкелеринин ар кайсы тарабынан Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек арачылары бирин-бири аңдып, колго түшүрүп камакка алган окуялардын эки учуру катталды.

Москвадагы стратегиялык изилдөө борборунун маалыматтына караганда, өткөн он жыл аралыгында кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек ара тилкелеринде эки жүз элүүдөн ашуун ар кандай мүнөздөгү чек ара чатактары катталган.

Чек ара чатактарынын чордону

Буга негизинен чек ара аймагындагы ок атышуулар, эки тараптуу кармоолор, жарандардын чек арачыларга кол салуулары, жайыт жана суу ресурстарына мыйзамсыз ээлик кылууга жасалган аракеттер кирет.

Мамлекеттик чек араларды тактоо боюнча комиссиянын мурдагы төрагасы Саламат Аламанов мындай мүнөздөгү жаңжалдардын көбөйгөндүгүн чек ара сызыктарынын такталбай жаткандыгы менен байланыштырды:

- Кыргызстан менен Өзбекстан, Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттеринин ортосундагы чек аралардын көпчүлүк бөлүгү боюнча макулдашууларга жетишилбей жатат. Чек ара сызыктары такталбаган жерлерде эки тараптын жарандарынын ортосунда же болбосо чек арачыларынын ортосунда чыр чыга турган шарттар түзүлүп турат. Чек арада чагымчыл аракеттер, бири-бирине кыр көрсөтмөй, ким кимди басынта алат, ким кимди багынта алат деген сыяктуу оюндар ошондон улам кайталанып жатат.

Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1375 километрди түзөт. Анын жарымына жакыны такталып бүтүп, эң орчундуу тилкелерге келгенде сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураган. Жалпысынан эки ортодо талаштуу деп эсептелген аймактардын саны жетимишке жакын. Кыргыз-тажик чек арасы жалпысынан алты жүз кырк километрди түзүп, талаштуу аймактардын саны отуздан ашат. Саламат Аламанов Фергана өрөөнүндөгү чек араларды тактоо көйгөйү советтик доордон калган мурас экендигин белгиледи:

- Мамлекет башындагылар бири бири менен макулдашып, саясий чечимге келгенден кийин адистер чек ара сызыгын аныктоо боюнча иштерин жеңил жүргүзүшмөк. Борбордук Азиядагы орчундуу ушул маселедеги негизги кемчилик - мамлекет башчылары бир пикирге келип, бирдей багыттагы саясий чечим кабыл албай жаткандыгында. Жетимиш жыл бою бир мамлекеттин ичинде болгондуктан керек болсо ички административдик чек аралар да аныкталбай калып кеткен. Ошонун азабын биз азыр тартып жатабыз. Анан калса союздук республикалардын болжолдуу чек араларын аныктоодо Москвадан келген адистер чакчалакейликке жол беришкен.

Өтүп бара жаткан аптанын башында кыргыз-өзбек чек арасында кырдаал бир кыйла татаалдашты. Өткөн эки аптанын ичинде эки тараптын чек арачыларынын ортосунда ар кандай мүнөздөгү чыр-чатактар жана барымтага кармоолор орун алып, маселени жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдөн азырынча майнап чыга элек. Жергиликтүү бийлик жетекчилери чек ара көйгөйлөрүн жеринен чечүүгө мүмкүнчүлүгү жок.

Баткен облусунун губернатору Султан Айжигитов коңшулаш Өзбекстандын облустук жетекчилери менен байланышып маселе чечүүгө мүмкүн эмес деп эсептейт:

- Ташкент уруксат берсе сүйлөшүүгө чыгышат. Болбосо жок. Алар жогору жакты карап отура беришет. Өз алдынча маселени чечейин дегендери жок. Аларда эми система ошондой экен. Ошондуктан чек арадагы пайда болгон жаңжалдарды жеринде өз учурунда чечүү кыйынга туруп калууда. Биз тараптан алар менен макулдашып, бири чечимге келгенге аракет жасалгандыгына карабастан көпчүлүк жолугушуулар жыйынтыксыз болуп калууда. Ошондуктан алардын облустук жетекчилери менен жолугушуунун деле зарылчылыгы жок экен деген ойго келесиң.

Катарма катар кармоолор


1-сентябрь күнү Ала-Бука районунун Өзбекстан менен чектешкен Көк-Таш чек ара тилкесинде лейтенант Мелис Приев жана катардагы жоокер Нуржахон Сарымсаков мамлекеттик чек араны бузушкан деген кине менен Өзбекстандын чек арачылары тарабынан кармалышкан. Андан бир күн мурун Кадамжайдагы Пүлгөн менен Вадилдин ортосундагы бейтарап аймакка, Өзбекстандын чек ара өкүлчүлүгү менен атайын жолугушууга барган жеринен полковник Зияд Бегматов жана подполковник Исматилла Анарбаев кармалып, коңшулаш Кувасай милициясына жеткирилген. Айдаркен чек ара отрядынын командири Нурлан Керимканов кыргызстандык эки офицер чек ара чатактарын жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө алдап чакыртылган деп эсептейт:

- Тескерисинче, Өзбекстан жактан кийинки кездери ар кандай чагымчыл аракеттер күч алды. Мына ушул маселелерди жөнгө салууну сүйлөшүү үчүн биздин борбордук аппараттан атайын өкүлдөр келишкен болчу. Мен өзү Өзбекстандын чек ара кызматынын тиешелүү өкүлү менен жолугушуу тууралуу алдын-ала сүйлөшкөм. Андан кийин да тараптар телефон аркылуу качан, каерде жолугушуу тууралуу макулдашышкан болчу. Анан алар бардыгына макул болот да болжошкон жерге келип күтүп отурган эки офицерди кармап, чек арадан ичкери алып кирип кетишкен.

“Жасалган” жалаа

Расмий бийликтин көз карашын чагылдырып келген press-uz.info сайты Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматына шилтеме берүү менен кыргызстандык эки офицерге мамлекеттик чек араны бузгандыгы жана бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүп, бейбаштык кылгандыгы үчүн кылмыш иши козголгондугун жарыялады. Муну Кыргызстандын Чек ара кызматы атайлап жасалган чагым катары баалады. Анткени бейтарап аймакка чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жумушчу жолугушуусуна барган офицерлерди куралдуу топтун жардамы менен кармап, камакка алууга негиз болгон эмес.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбеков Өзбекстан тарабынан кармалгандарга карата жалган жеринен жалаа жабуу жүрүп жатат деп баалады:

- Бирөө килейген полковник, бирөө килейген подполковник болуп жатат. Аларды чакырып, анан кармап кетип жатышпайбы. Анан да кармагандан кийин алар мас экен, арак ичип алып чек араны бузуп кириптир деген сыяктуу жалаа жаап жатышкандыгы кандай? Чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жумушчу жолугушуусуна кандай офицер ичип алып бармак эле. Логикага да туура келбейт. Бул эки чоң офицер экөө тең ичимдик оозуна албаган адамдар болчу. Аларды мас абалында мушташ чыгарышкан деп жатышат. Кана ошого далилдер? Орозо кармаган, ичпеген кишилерди алар атайылап каралап кармап жатышса бул бетпактык да.

Аңдышмай амалы

Кыргызстандын жогорку чиндеги эки офицерине удаалаш эле кыргыз-өзбек чек арасынын башка бир тилкесинен лейтенанттын жана катардагы жоокердин кармалышын Өзбекстандын чек арачыларынын өз кесиптештерине карата өчөшкөн тирешүүсү катары мүнөздөлүүдө. Анткени Кыргызстандын чек арачылары тарабынан 21-август күнү Кадамжайдын Беш-Таш айылына мыйзамсыз кирип келип, жергиликтүү жаранды уруп-соккондугу үчүн Өзбекстандын төрт жараны кармалып, жергиликтүү милицияга өткөрүлүп берилген. Алардын үчөө бажы жана бирөө улуттук коопсуздук тармактарынын кызматкерлери экендиги аныкталган. Аларды кайтарып берүү өтүнүчүнө кыргыз тарап тергөөдөн кийин жооп бериле тургандыгын айткан.

Чолпонбек Турусбеков Өзбекстандын күч түзүмдөрүнүн айрым жетекчилери кылмышка шектүүлөрдү бошотуу үчүн аларды алмаштырууга өбөлгө издеп жатышы мүмкүн деп божомолдойт:

- Жакында кармалган Өзбекстандын төрт жаранына Кадамжайда кылмыш иши козголгон болчу. Алар Беш-Таш айылына кирип келип эле жергиликтүү бир тургунду катуу тепкилеп салышкан. Биздин чек арачылар атайын чакыруунун негизинде барып, тигилерди кармашкан. Иш козголуп, алардын аткезчиликке катыштыгы бар экендиги да тастыктала баштаган. Өзбекстанда калган алардын шериктери өздөрү жактагы чоңдоруна чыгышып, кандай жол менен болбосун кармалгандарды кайтарып алууну эңсешкен. Бул жакта калса соттолуп кетет деп коркушуп, ар кандай ызы-чуу салышып жатышат. Муну биз аягына чейин териштиребиз.

Ошол эле учурда маселенин өңүттүн чек ара аскер бөлүктөрүнүн жетекчилеринин кесиптик деңгээлине байланыштыргандар да аз эмес. Анткени келип чыккан чатакты жайгарууда коңшулаш мамлекеттин чек арачылары менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, жакшы санаалаштыкты колдонуу аракеттери жыйынтык берген учурлар да болгон. Мындан мурун чек арадагы жүрүм-турумдун шарттары боюнча эки тараптуу макулдашууга жетишилген. Бирок анын шарттарын аткаруу ар бир жетекчинин кесиптик деңгээлинен көз каранды деп эсептейт Чек ара кызматтынын төрагасынын мурдагы орун басары Кубанычбек Сарыбаев:

- Кадамжайда же Айдаркенде полковник Алимбаев дегенде элдин баары кандай иштегендигин айтып берет. Баткен чек ара отрядынын командири полковник Иратов дегенди да эл арасында ошондой эле баалашат. Алар өздөрүнүн Өзбекстандагы кесиптештери менен өз ара ишенимдеги өтө жакшы мамиле түзгөнгө жетишип, ошол эле учурда тең ата болушчу. Чыр чыкканда учуп барышып, жеринен чечип келишчү. Бул эми ошол жерге коюлган командирлердин кесиптик даярдыгына байланыштуу экен. Мына эми ошол кесипкөй командирлерди кызматынан кетирип, өздөрүнө жакын санаган даярдыгы жок адамдарды алып келишти эле. Алардын ишин көрүп жатабыз. Мынтип полковниктерди тарттырып жиберишүүдө. Бул аскер адамдары үчүн өтө уят нерсе.

Жообу жок жолугушуулар

Өзбекстанда кармалган жогорку чиндеги кыргызстандык үч офицерди жана бир катардагы жоокерди бошотуп алуу боюнча сүйлөшүүлөр азырынча жыйынтык бере элек. Кыргызстандын Чек ара кызматынын жетекчилиги менен өзбекстандык кесиптешинин телефон аркылуу байланышынын мазмуну ачык жарыяланган жок. Коңшулаш тараптын кандай талаптарды койуп жаткандыгы да белгисиз.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр улантыла тургандыгын кошумчалады:

- Бул боюнча биздин тиешелүү жетекчилер жеринде териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бул боюнча Өзбекстандагы кесиптештер менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Азырынча жыйынтыгын айтыш эрте. Удаалаш ушундай окуялар болуп кеткендиги тынчсыздандырат. Ошондуктан бул маселени териштирип туруп, эки тараптуу негизде чечкенге аракет кылып жатабыз.

Тирешүүнүн тизгини кайда?

Анткен менен буга чейин эле Өзбекстандын аймагы аркылуу Баткен облусуна өтүү кыргыз жарандары үчүн кыйынчылыктарды жаратып, коңшу мамлекеттин чегарачылары жүргүнчүлөргө ыдык көрсөткөн учурлары катталган. Талдоочулар арасында расмий Ташкендин ишарасы болбосо чек ара тилкелериндеги мындай чыр-чатактарга кокустан жол берилмек эмес деген пикирлер үстөмдүк кылат. Мына ошондуктан чек арадагы кыйчалыш абалды түзүү аркылуу Кыргызстанга басым көрсөтүү тымызын ишке ашып жатышы мүмкүн дейт серепчи Уран Ботобеков:

- Өзбекстанда бийлик борборго көз каранды. Алар Ташкендин уруксатысыз бир кадам алдыга жылышып, өз алдыларынча эч нерсе жасашпайт. Мына ушул өңүттөн алганда кыргыз-өзбек чек арасында болуп жаткан окуяларга расмий Ташкендин макулдугу менен болуп жаткандай сезилип жатат. Ошентсе да эки тараптуу сүйлөшүүлөр жыйынтык берет деген ойдомун. Анткени коңшу мамлекеттер тынчтыкта жашашы азыр абадай зарыл.

Буга чейин деле бир нече ирет кыргыз-өзбек чек ара тилкелеринде эки тараптын тең кенже курамдагы чек арачыларынын мыйзамды бузгандыгы үчүн бирин-бири кармаган учурлары катталып келген. Бирок жогорку чиндеги офицерлердин чек ара өкүлчүлүгүнө жолугушууга барып кармалып, аларга коңшу мамлекетте кылмыш иши козголгон учурлары болгон эмес. Мунун өзү эки мамлекеттин чек ара кызматтарынын ортосундагы аңдышмай жана барымтага алмай оюндарынын жогорку деңгээлге жетип калгандыгынан кабар берет дешет серепчилер.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG