Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:03

12-август – Жаштардын эл аралык күнү. Кыргызстанда жаштар маселеси кантип чечилип жатат? Бул багытта “Азаттыктын” суроолоруна Жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов жооп берди.

- Жаштар министрлиги апрелден кийин түптөлгөн эң эле жаш министрлик болуп эсептелет. Азыр уюштуруу иштери кантип атат? Түптөлүп, кадыресе милдеттерди аркалаганга кары-күчү жетип калдыбы?

Алиясбек Алымкулов: Бул министрлик 2010-жылы 20-апрелде Убактылуу өкмөттүн декретинин негизинде түзүлгөн. 1-июндан тарта иш алып барып атат, эки айдан ашты. Буйруса, биринчи кадамдар жасалып, аракеттер болуп атат. Азыр биз жер-жерлерге чыгып атабыз. Мурда Ак үйдө жазылып, кагаздар өйдөдөн ылдый кетчү эле. Биз ал маселени бузуп, жер-жерлерди кыдырып, көйгөйлүү маселелерин өздөрүнөн угуп, өздөрү менен акылдашып, министрликтин концепциясын, стратегиясын, программасын жазардан мурда алардын оюн угуп, ошонун негизинде түзүп атабыз.

- Азыр кайсы багыттарга артыкчылык берилип атат?

Алиясбек Алымкулов: Негизи төрт багытты алып атабыз, бул учурдун талабы болуп атат. Биринчиси, жумушсуздук, өтө оор маселе экен. Экинчиси, сапаттуу окуунун жоктугу. Үчүнчүсү, идеологиянын жоктугу. Төртүнчүсү, кедей-кембагал, жетим, жесир балдар өтө оор шартта жашаган балдарга шарт түзүү. Анткени алар да биздин коомдун жарандары, бизге эле окшогон атуулдар.

- Ушул багыттар жөн эле ишке ашырылбайт, албетте каражат колдоо керек. Бул багытта кандай чаралар болуп атат, каражатты кайдан табышыңар мүмкүн?

Алиясбек Алымкулов:
Көпчүлүк маселени биздин донорлор, грант берген уюмдар менен иштеп атабыз. Буйруса, чоң-чоң долбоор программалары жаштар өздөрү жазып, министрлик жардамдашып, негизги багытта ошондой иштерди алып барып атабыз.

- Мамлекеттен кандай колдоо болушу мүмкүн? Бюджеттик канча каражат керек экен, эсебин чыгарып көрдүңөрбү?

Алиясбек Алымкулов: Өзүңүз көрүп атасыз, быйыл замандын оордугуна, өткөөл мезгилде турганыбызга байланыштуу, андан тышкары бюджеттин жетишсиздигине байланыштуу бюджеттен кыйын эле болуп калып атат. 2011-жылга парламент шайланып келип калса ошол жактан көп эле сумма сурайбыз деп турабыз. Бирок биз өкмөттү карап отура бербестен өз ылдынча аракеттерди жасап жатабыз.

- Азыр эми “Жаштар министрлигинин кажети жок, бул жөн эле апрель ыңкылабындагы жаштардын эмгегин эске алып ыраазычылык иретинде саясий лидерлер түзүп берип коюшту. Бул министрликти түзүү аркылуу эле жаштардын көйгөйлөрү чечилип калат деген суу кечпеген дымак” деген өңдүү пикирлер айтылып келатпайбы. Өзүңүз да күбөсүз, буга бир катар нааразылык акциялар да уюштурулуп кетти. Мисалы «Апрель» кыймылы сыяктуулардан. Мындай пикирлерде данек барбы?

Алиясбек Алымкулов: Мен да ошондой ойдо болгом. Бирок биринчи күндөн иштеп баштагандан тарта жаштар проблемасы ушунчалык көп экенине, акыркы 20 жылда жаштар коомчулуктан бөлүнүп, ыңгайсыз шартта калганына мен күбө болдум. Бүгүн да кеч болуп бара жатат. Анткени эртеңки күндүн тарыхы бүгүн жазылат. Эгерде бүгүн биз жаштарды туура багытка алып кете албасак, эртең өтө аянычтуу, кайгылуу бир нерселерге дуушар болуп калышыбыз мүмкүн.


Өзүңүздөр күбө болуп атасыздар, 7-апрель болобу, же башка окуялар болобу бүт жерде жаштар. Буларды курал катары пайдаланып, өз максаттарына жеткенден кийин айрым бир күчтөр кайра буларды жолдун жээгине таштап кетет. Ызаланган жаштар, ичи кайнаган жаштар кандай шарттарга, эмненин үстүнөн чыгат бир кудай билет. Ошон үчүн багытты багыттай билиш керек.

- Жаштар министрлиги ошол проблемаларды козгогон башка министрликтердин деле түзүмдөрүн, бөлүмдөрүн кайталоочу министрлик болуп калды деп атышат. Ушуга байланыштуу парламенттик шайлоо жыйынтыкталып, парламент келгенден кийин бул министрликти жоюп салуу ыктымалдыгын ойлогон жоксузбу? Ушул министрликти сактап калуу үчүн, коргоо үчүн кандай чараларды көрөсүздөр?

Алиясбек Алымкулов: Биз парламент келип жоет, же жойбойт деп коркуп отурбастан колубуздан келген ишти жасай беребиз. Миң кадамда бир кадамдан баштабайт дейт элибизде. Албетте министрликтин алдында өтө чоң көйгөйлүү маселелер көп. 20 жылда талкаланган нерсени 20 айда куруп кетиш оңой эмес. Бирок аракеттерди азыртадан жасабасак кийин кеч болуп калат. Ал эми министрликти жаштар менен өкмөттүн ортосунда көпүрө катары, министрди жаштардын өкүлү катары карасак болмок. Ошол жердеги жаштардын ой-максатын, көйгөйлүү маселелерин алып барып, ошол жерден чечүү үчүн түздөн-түз катышып, аракет кылып, жаштар менен бирге иш алып бара тургандай министрлик катары карасак туура болот го дейм.

- Азыр Жаштар жылы деп атат. Ушуга байланыштуу кандайдыр бир жаңы иш-чаралар барбы силерде?

Алиясбек Алымкулов: 1999-жылы 7-декабрда 12-август Жаштар күнү деп кабыл алынган экен. Ошондон баштап 10 жылдан бери өткөрүлүп келатат. Буйруса эң негизгиси сентябрдын башынан тарта чет өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштайм, чоң суммада донорлор менен сүйлөшкөнбүз. Мен алардын барынан суранып атам, бизге кагаз жана башка жумуштардын кереги жок. Бизге жыйынтык керек, жаштар колу менен кармап, көзү менен көргүдөй иш көргөзүш керек. Жер-жерлерге завод, фабрикаларды куруш керек, жумуш менен камсыз кылыш керек, түздөн-түз жаштар өздөрү иштеп, өздөрү чечкидей болуш керек деген көптөгөн сураныч менен кайрылгам. Туура эле кабыл алып атышат. Азыр ошону баштаганга аракет кылып атабыз.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG