Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:54

Кыргызстан Журналисттер Биримдигинин жетекчиси Абдыкадыр Султанбаев Убактылуу өкмөттүн УТРКны коомдук сыналгы каналга айлантуу сунушун колдоп, мурдагы президент Курманбек Бакиев аны каалабай, мындай демилгени четке кагып келгенин айтат.

- Айрым талдоочулар Улуттук телерадио компаниясын Коомдук сыналгы каналына айлантууга эрте деген пикирлерин айтышууда. Учурда аны коомдук телевидение кылып кайра түзүүнүн канчалык зарылчылыгы бар?

- Өзүңүздөр көрүп-билгендей, биздин республикадагы окуялардын өнүгүшү, бийликтин алмашышы, бийликке Убактылуу өкмөттүн келиши, алардын өлкөдө демократиялык башкарууну орнотууга умтулуу аракети мына ушундай ойлорду, пикирлерди жаратып жатат. Анын үстүнө Убактылуу өкмөттүн жетекчилеринин бири Өмүрбек Текебаев УТРКны Коомдук телевидениеге (сыналгыга) айландыруу демилгесин көтөрдү.

Биз ойлойбуз, бул убагында эң туура көтөрүлгөн сунуш деп.

Себеби, коомчулук абдан жакшы билет Кыргыз Республикасынын акыркы 20 жылдагы өнүгүшүндө басма сөз жаатында кандай маселелер, кандай жагдайлар болуп келгендигин. Өлкөдө болуп жаткан окуялар жаңылыктан бир жактуу, тескери, туура эмес чагылдырылып, көпчүлүк мамлекеттик басма сөз каражаттары бийликтин гана куралына айланып калган жагдайлар мына ошол мамлекеттик басма сөз каражаттарын коомдук телеге айландыруу зарылчылыгын жаратты.

- Буга чейин К.Бакиевдин мезгилинде дагы Мелис Эшимканов баш болгон бир топ демилгечилер Коомдук телевидение кылабыз дешип токтоп калышты эле, анын чоо-жайына дагы токтоло кетсеңиз?

- Кыргыз эли кыска мезгилдин ичинде эки революцияны башынан кечирди десек жаңылышпайбыз. 2005-жылы 24-мартта болуп өткөн революциянын башкы ураандарынын бири өлкөдө толук демократияны орнотуу, басма сөз, сөз эркиндигин камсыз кылуу. Ошонун чараларынын бири - УТРКны коомдук телевидениеге айландыруу болгон. Ушуну президент биринчи күнүнөн эле жар салган.

Бирок көп убакыт өтпөй эле Бакиев айткан сөзүнөн баш тартып, Улуттук коомдук телерадио корпорациясын коомдук телевидениеге айландыруу аракетин эч көргөн жок. Бирок ошол кездеги Жогорку Кеңештин демилгелүү депутаттары К.Иманалиев, Ө.Текебаев ж.б. болуп 2006-жылы июнь айында Кыргыз Улуттук радиокорпорациясы жөнүндө атайын мыйзамдын Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышына жетишишкен.

Бирок ошол мыйзамда УТРКга коомдук телевидениенин элементтерин киргизүү чаралары болгон. Ошол мыйзамга ылайык УТРКны Байкоочулар кеңеши башкармак. Байкоочулар кеңеши УТРКнын башкы директорун, анын орунбасарларын сунуштоо укуктарына ээ болгон.

- Ошол Коомдук телевидение түзүү тууралуу мыйзам убагында эмне себептен ишке ашырылбай калды?

- Ошол мыйзамдын ишке ашышына ошол кездеги бийлик ээлери эч кандай кызыкдар болгон жок. Себеби шайланган Байкоочу кеңештин мүчөлөрүн бирден Ак үйгө чакыртып алып, кайра мүчөлүктөн баш тартууга мажбурлашты.

2008-жылы алар ушул мыйзамды жокко чыгарган телекөрсөтүү жана радио берүүлөр жөнүндө жаңы мыйзамды сунуштады, анда коомдук телевидение жөнүндө эч кандай кеп да, сөз да болбой калды.

- Демек бул жерде коомдук телевидениенин тегерегинде саясий оюндар жүргөн турбайбы?

- Коомдук телевидениенин тегерегинде саясий оюндар ачык эле жүрдү. Алар сөз жүзүндө коомдук телевидение деп маселе көтөрүшкөнү менен, иш жүзүндө анын ишке ашышына баардык тоскоолдуктарды жасашты.

- УТРК толук кандуу коомдук телевидение болуп кетүүгө даярбы? Техникалык жагын айтпаганда дагы кадр маселелери дегендей?

- Мисалы, коомдук телевидение уюштуруунун ар кандай принциптери бар.

Көпчүлүк мамлекеттерде анын уюштуруунун принциптери ар кандай.

Бирок азыркы Убактылуу өкмөттүн көздөгөн максатын туура деп эсептейм. УТРКнын материалдык-техникалык, чыгармачылык жамаатынын базасында коомдук телевидение түзүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Бул жерде башкаруу органдарын көз карандысыз кылыш керек. Анан журналисттери чыгармачылык жактан даяр болуш керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG