Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:42

Элдик Курултай


Бишкекте «Медиа-форум» комплексинин алдында оппозициялык күчтөрдүн Элдик курултайы саат 11.00 дө башталды. Аталган иш чарага беш миңдей адам чогулуп, “Үй-бүлөлүк башкарууга жол жок!”, “Исмаил Исаковго боштондук!”, “Бүлекбаев, Аргымбаев, Рыскуловго боштондук!”, “Гуревичти сотко!” “Азаттыкка азаттык!” деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп турушат.

11:00 Элдик Курултайды БЭКтин лидерлеринин бири Эмил Каптагаев ачты. Ал 2002-жылы 17-мартта Аксы районунун Бозпиек айылында адамдардын атылышын эскерип, ал окуяга тиешеси барлар жазасын албай отурганын белгиледи.

Чогулган элдин алдында БЭКтин төрагасы Алмазбек Атамбаев, лидерлер Роза Отунбаева, Эмил Каптагаев жана «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев, орун басары Дүйшөн Чотонов ж.б. турушат.

11:25
Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрайымы жана СДП фракциясынын лидери Роза Отунбаева курултайдагы сөзүндө бийликти кескин сынга алды. Ал президент К.Бакиев бийликти узурпациялап жатканын, мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүп, өзүнүн баласын бийликке алып келгенин, күнөөсүз адамдарды куугунтуктап, камап жатканын белгиледи. Ал ошондой Евгений Гуревич жаңжалын айтып, Бакиевдин финансылык кеңешчиси Италия мафиясынын мүчөсү болуп чыкканын атады.

11:35 “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев
дагы өзүнүн сөзүндө президенттин саясатын кескин сынга алып, Кыргызстандын экономикасы бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгына иштеп жатканын, өлкөдө мафиялык бийлик орногонун, аны таза күрөш менен жеңүүгө ишеничи бар экенин айтты.

11:50 Генерал Исмаил Исаковду эркиндикке чыгаруу боюнча Алайдагы комитеттин төрагасы Айтбай Жээналиев генерал Исаковдун ак жеринен камалып отурганын айтып, "ак адамды камаган бийлик - бийлик эмес" деп атады. Ал ошондой эле Исаковду бошотуу талабы менен акциялардын уюштуруучулары куугунтукка алынып жатканын белгиледи. Жээналиевдин айтымында, бул бийликти кетирмейин өлкөдө жакшылык болбойт. "Ал эми абакта отурган генерал Исмаил Исаковдун башынан тал чачы түшсө, ага Курманбек Бакиев жооп берет", - деди Жээналиев.

Курултай башталардын алдында Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” интервью берип, аталган курултайдын эки өзгөчөлүгүн белгиледи. Анын айтымында, курултай жөн эле тарап кетпейт, анын туруктуу органы түзүлөт. Экинчиден, бул акцияны Кыргызстандагы оппозициялык күчтөрдүн баарынын бирдиктүү иш-аракети болуп саналат. Анткени курултайга оппозициядагы партиялардын, кыймылдардын жана ар кандай бирикмелердин баарынын өкүлдөрү катышып жатышат.

Курултай өтүп жаткан жерге жети боз үй тигилди. Бул өлкөнүн жети облусунун өкүлдөрүнө арналып тигилген боз үйлөр.

Иш чара болуп жаткан Шабдан баатыр көчөсүнүн жээгинде 10-15тен милиция кызматкерлери байкоо салып турат. ИИМдин маалымат жана коомдук байланыштар башкармасы ММКларга тараткан маалыматында Элдик курултайга келген элдин санын саат 12.00 гө карай 1300-1500 деп көрсөтүп жатат.

XS
SM
MD
LG