Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Е. Гуревич: Дүйнөлүк каржы базарына жол ачабыз


MGN Group компаниясынын башчысы Евгений Гуревич "Азаттык үналгысы" үчүн маек куруп жаткан учур. 2009-жылдын 14-октябры.
MGN Group компаниясынын башчысы Евгений Гуревич "Азаттык үналгысы" үчүн маек куруп жаткан учур. 2009-жылдын 14-октябры.

MGN Group компаниясы менен кыргыз президентинин үй-бүлөсүнүн эч байланышы жок. MGN Group башчысы Евгений Гуревич “Азаттыкка” муну тастыктады.

- Сиз адегенде өзүңүз жана кылган ишиңиз жөнүндө кеп оролун жандырсаңыз?

- Өзүм тууралуу көп нерсе айтуу кыйын го. Мен өнүгүп келаткан базарлар (market) менен 15 жылга жакын убактан бери иштешип келатам. Кыргызстанга келип иштегенге чейин Нью-Йоркто жашадым. Болжол менен бир жарым жылдай мурун менин командама алгачкы профессионалдык инвестициялык банк түзүү тууралуу идея келди.

Биз Борбор Азиядан, Кыргызстандан сырткары Лондонго, Нью-Йоркко чыгууну көздөгөн элек. Азыр болсо биз ишмердүүлүк жүргүзгөн жалгыз мамлекет Кыргызстан болуп эсептелет. Биз кыргыз компаниясы болуп эсептелебиз. Компаниянын максаты өлкөгө инвестиция тартуу жана активдерди, инвестицияны натыйжалуу пайдалануу.

Мен АКШнын жаранымын. Бирок Орусияда, Москвада төрөлгөм. Өмүрүмдүн алгачкы учурун ал жакта өткөрдүм. Москвага такай барып турам. Эми ал жакта көптөн бери жашабай калсам деле өзүмдүн үйүм деп эсептейм.

Мен бул жерден бизнес үчүн жаңы орундарды көрдүм жана ал жабык эмес экенин байкадым. Ошондуктан MGN Group компаниясын түзүүнү чечтим. Бул туура чечим болгонун убакыт көрсөттү.
Билимди АКШдан алдым. Калифорнияда Беркли университетинде каржы маселелери боюнча кесипке окудум. Университетти бүткөндөн кийин Африкада банк тармагында иштедим. Андан кийин Кыргызстанга келгенге чейин Нью-Йоркто жети-сегиз жыл жашадым.

Нью-Йоркто бир катар бизнестерим, долбоорлорум бар болчу. Алардын эң негизгиси болуп консалтинг эсептелет. Ушул долбоорлордон кийин инвестициялык банк боюнча иштөө кызыктуу, стратегиялык жактан маанилүү экенин билдик.

Башында бул консалтинг компания болчу. Бирок бизге дайыма инвестбанк боюнча долбоорлор менен кайрылышчу. Менин жеке өзүм үчүн такай иштөөгө географиялык аймак табуу маанилүү эле. Анткени Азия менен Африканын, Штаттар менен Европанын ортосунда дайыма учуп жүрүү, албетте, кыйын. Бул - менин Кыргызстанга келгенимдин негизги себептеринин бири.

- Буга чейин кайсы бир бир кыргызстандык компаниялар менен иштешип көрдүңүз беле?

- Ооба. Чынында мен бул жакка көчүп келгенге чейин Кыргызстанга көп каттачумун. Өлкөгө инвестиция салчумун. Бул жерде мага жакшы жагымдуу мамиле бар болчу. Мен бул жерден бизнес үчүн жаңы орундарды көрдүм жана ал жабык эмес экенин байкадым. Ошондуктан MGN Group компаниясын түзүүнү чечтим. Бул туура чечим болгонун азыр убакыт көрсөттү. Чынында эле бул жерде жасай турган иштер көп жана биз аны өлкө үчүн жана өзүбүз үчүн да колдоно алабыз.

- Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эмне үчүн Кыргызстанды тандап алдыңыз. Көптөгөн инвесторлор тескерисинче, айрыкча "жоогазын" ыңкылабынан кийин саясий жана экономикалык бейстабилдүүлүктөн улам бул өлкөдөн качып кеткени белгилүү. А сиз эмне себептен бул жакка келип ушундай өнүгүп жаткан чоң компания түздүңүз?

- Мунун бир нече себептери бар. Биринчиси, мен белгилеп кеткендей бул өлкөдө менин инвестиция жаатында ийгиликтүү тажрыйбаларым бар эле. Экинчиси, бул акыркы убактарда деле тастыкталып жатат: соңку учурда өкмөттүн жана коомчулуктун күчү менен Кыргызстанда чын эле инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп жатат.

Биз билгендей “Doing Business” боюча Кыргызстан алдыңкы он реформачыл өлкөнүн катарына кирди. Эгер бул өлкө Дүйнөлүк соода уюмунун инвесторлорду коргоо боюнча Вашингтон конвенциясынын мүчөсү экенин карай турган болсок, чынында эле реформалар тездик менен жүрүп жатат. Бул жакка келген, ар кандай тармакта иштеген чет өлкөлүк инвесторлордун ийгиликке жетишкен учурлары көп.

Мына ушулардын баарын анализдегенден кийин дүйнөдө бул өлкө тууралуу жетишерлик так маалымат жетишпей турганын айтса болот. Биз профессионал инвесторго түшүнүктүү болгон тил менен ошол маалыматты жеткирген канал болуп бере алабыз. Алар эмнени каалашат, эмнени уккусу келерин билебиз.

Анткени өзүбүз дал ушул жолду басып өткөнбүз. Экинчи уникалдуу жагы - бул жерде бизге иштей турган чөйрө бар эле. Мисалы, коңшу Казакстанда көптөгөн инвестициялык банктар иштейт. Орусияда, Өзбекстанда да бар. Мен буларды салыштырган жокмун, жөн гана айтып жатам. А бул жерде бизге чейин бирөө да жок эле. Ушундай чоң бизнести ачуу үчүн мүмкүнчүлүк ар дайым эле ачыла бербейт. Мен аны көрө алдым жана тобокелге барган аракетибиз өзүн актайт деп чечтим.

- Сизге белгилүү болсо керек, көптөгөн маалымат каражаттары, анын ичинде орусиялык ММК сиз бизнести бул жакта президент Бакиевдин үй-бүлөсү, анын уулу Максим менен жакшы байланышыңыз бар үчүн ачты деп жазып жүрүшөт. Бул канчалык деңгээлде чын?

Бул бизнес жүз пайыз мага тиешелүү. Коммерциялык тобокелчиликтин баарын мен өзүмө алгам, каражат салгам.
- Албетте, мен эмне деп жазып жатышканын окудум. Бул чынында карандай калп. Бул бизнес жүз пайыз мага тиешелүү. Коммерциялык тобокелчиликтин баарын мен өзүмө алгам, каражат салгам. Ооба, биз азыр өнүгүп-өсүп жатабыз. Бирок биздин бизнес пайдалуу болобу, же болбойбу, билбейбиз.

- Демек, сиз кандайдыр бир тобокелдик бар экенин сезет экенсиз да?

- Ооба. Кандай гана жаңы бизнес болбосун, аны Штаттарда, Африкада же Орусияда баштасаң деле, баардык жерде тобокелдик бар, бул жерде география эч кандай роль ойнобойт. Анткени бизди бул жакка эч ким чакырган эмес. Мен бул идеяны досторум менен талкуулаганда “болуптур, сен бул ишти баштадың. Бирок баргандан кийин эч кимге керегиң жок болуп калсачы, анткени кайсы бир деңгээлде сен мамлекет менен атаандашып жатам деп эсептей бер”, дешти. Мен коркунучтарга карабай, керек деп тапкан иштерге барганга көнүп калгам.

Эгерде сиздин сурооңузга кайрадан кайрылсак, бул жазылгандардын баары, балким, биздин тездик менен жетишкен ийгилибизге көрө албастык кылып жатышы мүмкүн. Балким, атайын буйрук менен жасалып атканы иштер болушу мүмкүн. Мен бул тууралуу көп деле ойлонбойм. Бир гана нерсени айта алам – биз президенттин үй-бүлөсүнүн жардамы жок эле, же өкмөттүн колдоосу жок эле иштейбиз.

- Сиздердин ийгилигиңиздердин сыры эмнеде? Чын эле ишкердик идеябы же күчтүү командаңыздабы?

- Бул жерде бир нече жагдайлар бар. Биздин командабыз чынында эле күчтүү. Биздин компанияда иштеген адамдардын 70-80 пайызы ушул жерде төрөлүп чоңоюшкан. Кыргызстандын жарандары. Биз каржылык анализ боюнча өлкөдөгү мыкты команданы топтой алдык деп эсептейм.

Биз каржылык анализ боюнча өлкөдөгү мыкты команданы топтой алдык деп эсептейм. Атаандаштардан айырмаланып, эл аралык платформасы бар жападан жалгыз компаниябыз.
Атаандаштарыбыздан айырмаланып, эл аралык платформасы бар жападан жалгыз компаниябыз. Биз сырттан инвестицияны тарта алабыз, биздин Нью-Йоркто жана Лондондо өзүбүздүн офистерибиз бар. Москвада да ачабыз. Көптөгөн мамлекеттер менен өнөктөш мамилелерибиз бар. Буга менин жеке мамилелерим жана буга чейинки тажрыйбаларым негиз болуп берет.

Биз эл аралык каржы рынокторун түшүнүү менен кардарларыбызга дүйнөдөгү дээрлик баардык каржы рынокторуна жол ачабыз. Бизге чейин Кыргызстанда мындай нерсе жок болчу. Мунун баарын биз биринчи сунуштадык. Активдерди башкаруу, айкындуулуктун заманбап принциптери тууралуу айтып, көрсөтүп бердик.


Бул маектин толук түп нускасын "Азаттыктын" орус тилиндеги интернет барагынан http://www.azattyk.org/content/Kyrgyzstan_MGN_Gurevich/1852931.html
окусаңыз болот.

Е.Гуревич: Дүйнөлүк каржы базарына жол ачабыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:37 0:00
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Элеонора Бейшенбек кызы

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.

XS
SM
MD
LG