Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:06

Айың кептин артындагы сыр


Кыргызстандын Өнүгүү фонду жарыя кылган каржылык кеңешчиликке жалгыз MGN Group компаниясы катышкан. Фонд жетекчиси Алексей Елисеев башка каржы уюмдарынан эч кандай өтүнүч түшпөгөндүгүн билдирди.

2007-жылы түзүлгөн Кыргызстандын Өнүгүү фондунун иши быйыл күзгө тарта өзгөчө жанданып, анын жетекчиси Алексей Елисеев 22-сентябрда мындан ары кандай иштерди жасай турушкандыктарын журналисттер алдында жарыя кылды. Анын ырасташынча, орусиялык 300 миллион доллар кредиттин 286 миллиону, “Кумтөр” алтын кенинен Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө деп бөлүнчү акчанын тең жарымы, буга кошумча ири акционердик коомдордогу мамлекеттик акциялар, АКШдан келчү 20 миллион доллар – баары чогулуп Өнүгүү фондуна өтөт. Анан да Өнүгүү фонд өкмөттүн кыйла жылдардан бери кайтара албай келаткан карыз акчаларын өндүрүп берүү милдетин өзүнө алууда.

Өнүгүү фонд биртоп каржылык булактардан жыйнап келген акчаларын кайсы ишкердик долбоорго кандай шартта карызга берүүнү жеке өзү чечпейт. Чогулган акчалар иргелген 5 коммерциялык банкка таратылып, каржылоонун негизги жумуштарын мына ушул банктар ишке ашырмакчы. Фонддун аткаруучу директору Кубанычбек Жусуповдун айтуусунда, тандоодо банктардын каржылык мүмкүнчүлүктөрү эсепке алынды.

-Анын ичинде “Демир банк”, “Кыргызстан” коммерциялык банкы, Азия Универсал банк, анан “Манас” банк, АТФ банк. Биз кичи пайыз менен банктарга кредиттерди беребиз. Мисалы, 7-8% банктарга кредиттерди берсек, банктар өзүнүн маржасын 5% кошуп, 13 – 14% менен насыяларды берет.

К.Жусупов коммерциялык банктар берчү кредитке караганда Өнүгүү фондунун карыз акчасы банктардын үстөк пайызы менен деле кыйла жеңил болорун белгиледи. Фонд ушундай шарт менен “Камбарата – 2” ГЭСинин курулушуна быйыл 20 миллион доллар кредит берип, андан кийинки 80 миллион долларды жаңы электр станциясын өз алдынча кимдер башкара тургандыгы аныкталгандан кийин бөлө турганын билдирүүдө.

Өнүгүү фондунун финансылык кеңешчисине жарыя күн мурунтан кабарланганы менен ага жалгыз MGN Group компаниясы арыз таштап, ошол тандалып алынганын фонд жетекчиси Алексей Елисеев маалымдады. Антиштин себебин ал момундайча түшүндүрдү:

- Биздин өлкөдө башка компания же табылбай калганбы, же бул тендерге катышкысы келбегенби, болгон ишти болгондой эле айталы, расмий түрдө жалгыз мына ушул MGNден эле өтүнүч түштү.

Айрым маалымдоо каражаттарынын кабарлашынча, Өнүгүү фонду өткөргөн тендерге жалгыз өзү катышкан MGN Group компаниясынын топ-менеджерлери Бишкек машине куруучу завод, “Манас” эларалык абамайданы, “Кыргызтелеком”, “Электр станциялары”, “Кыргызгаз”, электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялардын директорлор кеңешине кирип, өлкөнүн стратегиялык ишканаларын башкаруу мүмкүндүгүнө жетишүүдө. Аталган компанияга Кыргызстандын Социалдык фондуна караштуу биртоп ишканалардын акцияларын ишенип башкаруу укугу да берилген.

Өнүгүү фондунун акчаларына 5% үстөгүн кошуп кредит берүүчү банктардын иралдында айтылуу “Азия Универсал банкынын” аты аталууда. Кыска убакыт ичинде активдерин ыкчам көбөйтүп, 2008-жылы “Кыргызөнөржайкурулуш” банкын өзүнө кошуп алган чоң каржылык мекеменин директорлор кеңешинин төрага орунбасары болуп иштеп келген Алексей Елисеев эми фонд жетекчиси катары журналисттер үчүн маалымат жыйынында соңку кездери көп айтылып, көп жазылып келаткан темага - президенттин уулу Максим Бакиев экөөнүн мамиле-катышына токтоло кетти. «Азаттыктын» кабарчысынын суроосуна ал момундай жооп узатты:

- Жакындан бери мен кызыктуу киши катары таанылып баратам. Өзүм жөнүндө биртоп нерселерди, өзгөчө Интернеттен окуп жатам. Бирде мени Максим Бакиевдин классташы, бирде группалашы деп жазышат. Өкүнүчкө мен аны менен классташ боло албайм. Мен көзү жакшы көрбөгөн, сокур балдар мектебинде окугам. Аны бүттүм. Классташтарымдын арасында жакшы балдар бар. Алар менен байланышымды үзө элекмин. Андайлардын катарына Максим Бакиев кирбейт. Шүгүрчүлүк, анын көзү жакшы көрөт. Ал менин группалашым да эмес. Мен окуган кыргыз-орус (славян) университетинде менден бир курс төмөн окуган.

Өнүгүү фондунун ээлигине кирчү ополтоо акчалардын кыйласы кыска мөөнөттө Кыргызстандагы эң ири каржы мекемесине айланып чыга келген “Азия Универсал банкы” аркылуу сарпталмакчы. 2006-жылы орусиялык Борбордук банктын шектенүүсүн туудурган ири банктын артында азырынча эч кандай илинчек жоктугун Кыргызстандын Улуттук банкынын төрага орунбасары Сүйөркул Абдыбалы тегин биздин суроого берген жообунда ырастады.

- Биз жана “Промстройбанкты” кошуп алып жатканда уруксат бергенбиз. Ошондо көрсөткүчтөрүнүн баарын караганбыз. Ошол учурдагы көрсөткүчтөрү боюнча баарысы тең эле алгылыктуу деңгээлде эле болчу. Андан бери кандай болуп кетти, аны мен айта албайм.

Иши кылып Өнүгүү фондуна чынында эле оңор эмес акчалар чогулганы турат. Түзүлгөнүнө эки жыл болгонуна карабастан, буга чейин белгисиз келген каржылык мекеменин кыска убакыт ичинде Кыргызстандын стратегиялык ишканаларына ээ чыгып, орусиялык ири кредитти башкарып, анан да “Кумтөр” алтын кенинен алынчу 1% төлөмдүн тең жарымын, америкалык 20 миллион долларды сарптоо укугуна ээ болуп чыга келишинин артында кандай экономикалык кызыкчылыктар, максат-мүдөөлөр турганы көпчүлүккө белгисиз бойдон калууда. Кайсы таасирдүү күчтүн жардамы менен адатта жай кыймылдачу бюрократиялык аппарат алеки саатта иштеп, күргүштөгөн акча агымынын бир нукка бурулуп жатканы көбүнесе миш-миш катары айтылып, чоң оюндун көшөгөсүнүн артында кимдер турганы жабык бойдон калууда. Фонд жетекчиси Алексей Елисеев президенттин уулу Максим Бакиев менен эч кандай мамиле катышы жоктугун айтса, айрым маалымдоо каражаттары мамлекет башчынын кенже уулу экономика маселелерин тейлеген өкмөт башчынын орунбасарлык кызматына келерин болжоп отурушат. А бирок андай кабарлардын текши баары тегиз текшерилип такталмайын ишенүү кыйын экенин саясат таануучу Марс Сариев кесиптешим Илим Жанузаков менен маегинде билдирген.

- Факты жок болуп жатпайбы. Эми гезиттер айткан менен так жооп бербей аны орусиялыктар кайра жаап салышса анан мен ойлойм, бул туура эмес. Түбүнө чейин жетиш керек.

Мурдагы коопсуздук кеңеш катчысы Мирослав Ниязовдун айтуусунда, маселенин учугу ансыз деле көпчүлүккө дайын.

- Коррупциянын башында турган ошол президент менен анын үй-бүлөсү болуп атат. Кыргызстандын экономикалык тагдырын алар эле чечип аткандай болуп жатат. Ошон үчүн Кыргызстанда мурдатан бери өндүрүш жок болуп, экономикалык саясат жүргүзгөн эч ким жок.


Парламент депутаты, “Акжол” фракциясынын өкүлү Жангороз Каныметовдун айтуусунда, маалымдоо каражаттарындагы алдагыдай божомолдор чындыкка коошпойт.

- Мен ойлойм мындай нерсеге сөзсүз маани бериш керек. Бербей койбосо болбойт. Бирок мунун чын-бышыгын да такташ керек да, чынбы? Анан эми пресса азыр каалаганын жазчу болбодубу. Анан эми президенттин баласы... Президент мамлекет үчүн кам көргөн, келечегин ойлогон адам да чынбы? Анан баласы атасына каршы чыгышы мүмкүн эмес, деп ойлойм.

А.Елисеев маалымат жыйынында кредит бөлүштүрүүгө катышчу банктардын каржылык абалы жөнүндө Улуттук банктан маалымат сөзсүз алынышы керектигин айтты. Бирок азырынча иргелген банктар жөнүндө так маалымат жоктугун кошумчалады. Бир ай мурун кабарланган тендерге кантип жалгыз компаниянын катышып калганы, анын өлкөдөгү башка кирешелүү делген ишканаларды башкаруучулардын катарына кошулушу азырынча жашырын сыр катары жабык бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG