Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:02

Инвестициясыз ишибиз кыйын


Каражат кайгайы Кыргызстан бийлигин ойлонтууда.
Каражат кайгайы Кыргызстан бийлигин ойлонтууда.

Быйылкы окуялардан соң Кыргызстанга сырттан инвестиция келиши, ишкердик жүргүзүү кыйындап, өлкө оор экономикалык кризиске капталууда. Бир ай мурда Бишкекте өткөн донорлор жыйынында өлкө экономикасын колдоого 1,1 миллиард доллар бөлүнөөрү айтылганы менен анын качан келери белгисиз.

Анткен менен кысталыш кырдаалда Кыргызстанга жардам көрсөтүүгө куштар инвесторлор да чыгууда.

Маалкаткан акчанын маани-жайы

Президент Р.Отунбаева мурунку бийликтин тушунда бизнес жүргүзүүгө шарт түзүп берүү боюнча биртоп демилгелер көтөрүлгөнү менен, жасалчу иштердин жалпысына коррупция тоскоол болуп келген болчу деп эсептейт. Эми болсо бийлик менен бизнес диалогу такай жүрөрү, тийиштүү маселе, проблемалардын текши баары ачык талкууланары, алардын негизинде жыйынтык чечим кабыл алынары белгиленди.

- Анан сиздер жакшы билесиздер, Кыргызстан донорлор жыйынын өткөрүп азырынча убадага ээ болду. Баса айткым келет, акча же анын дүмүрчөгү эмес, убаданы уучтап олтурат. Мүмкүн биз экинчи донорлор конференциясын өткөрөбүз. Президент Н.Назарбаевдин демилгеси менен бул конференция шайлоодон кийин өтөт. Мунун логикасы мындай, биз алгач биринчи конференциянын жыйынтыгын алышыбыз керек. Анда башка донорлор болот,- деп билдирди президент Р.Отунбаева Бишкектеги ишкердикти өнүктүрүү, инвестиция кеңешинин жыйынында.

Антип өзгөрүлүп кеткен донорлор катарына Түркия, Араб өлкөлөрү кошулушу мүмкүн экендиги жакындан бери кабарлана баштады. Чоң жыйында убада кылынган укмуш акчалардан азырынча дайын жок.

Ушу тапта Кыргызстан экономикалык калтыс абалга кептелип, бюджеттин кирешесинен чыгашасы арбып, ортодогу айырма чоңойгондон чоңоюп баратат. Кыргызстандын Каржы министри Чоробек Имашовдун маалымдашынча, донорлор жыйынында жардам берүүгө убада кылган акчалардын келиши арсар калууда.

- Бизге донорлор конференциясында бюджет таңкыстыгын жабууга 120 миллион доллар акча бөлмөй болгон ЕврАзЭстин кризиске каршы фондунун позициясы түшүнүксүз калууда. Азырга чейин ал акчаларды кантип алуу боюнча алдын-ала сөз боло элек.

Каражатты карыздабай деле тапса болот

Ошондон сырттан келчү жардамга болгон үмүттү артып отуруп албай ишкердикке кенен жол ачуу, инвестицияга ыңгайлуу шарт түзүү милдети айкүрүнөн коюлууда. Ишкерлерди кооптонткон маселе жеке менчиктин бекем корголбой жатышы, бийлик алмашылганда эле ортодон бирөөнүн дүйнө-мүлкүнө көз арткандардын көбөйүп кетиши, текшерүүчүлөрдүн ат тезегин кургатпай басып жатып алышы, соттордун көз карандылыктан кутула албай келатышы болууда.

Анткен менен азыркыдай кысталыш жагдайда деле Кыргызстанга инвестиция алып келүүгө куштар компаниялар бардыгын германиялык “ЦАНУС” консорциумунун вице-президенти Алиреза Могхаддам ырастап, ушу тапта Ошто социалдык үйлөрдү жасоочу завод куруу жөнүндө тийиштүү тараптар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады.

- Мына ушyндай жагдайда Ошко жардам берилиши зарыл. Бирдеме жасалышы абзел. Мына ушул ойду ишке ашырыш үчүн социалдык турак-жайды курууну чечтик. Бул өзү биргелешкен долбоор. Муну ишке ашырыш керек. Ушундай ыкма менен үй куруу дүйнөнүн биртоп жеринде жактырууга ээ болгон.

Ылдам курулчу арзан, сапаттуу үйгө керектүү материалдарды чыгарчу заводду германиялык ишкерлер 8 айдан кийин ишке киргизишерин ырастоодо. “ЦАНУС” консорциумунун салык, каржы маселелери боюнча адиси Вольфганг Менгендин айтуусунда, жаңы үйдүн курулушу көп деле убакытты албайт.

- Бул үй кичинекей балдардын “Конструктор” оюнчугу сымал курулат. Фабрикада курулуштун өз алдынча элементтери жасалат. Анан алар чогултулат. Буга көп курулушчунун деле кереги жок. Үйдү чогултуу көп деле убакытты албайт.

Азырынча 100 чарчы метри 40 миң долларга бааланчу тез курулчу социалдык үйлөрдүн тагдыры чечиле элек. Өкмөт болсо Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү иштери курулуш тармагынын жанданышына алып келерин, бул кезегинде жалпы экономикалык өнүгүүгө таасирин тийгизерин болжолдоо менен алек.

XS
SM
MD
LG