Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:08

Кризис тушунда текшерүү арбыганы ишкерлердин көңүлү жок


Кризис күчөп жаткан чакта Кыргызстанда президент шайлоо өтөт

Кризис күчөп жаткан чакта Кыргызстанда президент шайлоо өтөт

Быйылкы жылдын үч айында Кыргызстанда ички дүң продукт көлөмү болгону 0,2% гана көтөрүлдү. Антишке өнөржай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул кезине салыштырганда 20% төмөндөп кетиши себеп болду. Өкмөттүн болжолунда жыл аягына чейин өнүгүү ашып барса 1 – 2% жетиши мүмкүн.

Өнөржай өндүрүшүнүн басаңдашына кошул-ташыл өлкөдө акча жүгүртүүнүн көлөмү да кескин азаюуда. 31-мартка карата жүгүртүүдөгү акча көлөмү 30 миллиардга бираз жете бербеген көрсөткүчтү түздү. Бул өткөн жылдын ушул кезине салыштырмалуу 15,5% акча азайганын, коммерциялык банктардын сактап отурган каражаттарынын да катары суйдаң тарта баштаганын көрсөтчү белги. Акыйкатта да 4 миллиардга жакын сом жүгүртүүгө чыкпай, банкка акча сактачулардын саны азайгандын үстүнө азайып баратат.

- Бул бизде 8 миллиарддан 12 миллиард сомго чейин аз болот дегендик. Биз колдоо көрсөтүшүшүбүз керек эле. Координациялык кеңеш ушу маселени, макроэкономикалык жагдайды талкууладыбы?- деп Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров өзү башкарган тармак жетекчилеринин жыйынында суроо койду.

Өнөржай өндүрүшүндөгү абалдын абыдан начарлап кетишинин дагы бир себеби “Кумтөр” алтын кенинин белгиленген чекке жете албай калганына да байланыштуу. Компания үч айда 2 тоннага жете бербеген (1 тонна 960 кг) алтын өндүрдү. Көрсөткүчтүн төмөндүгүн компания кенде алтындын аздыгына байланыштуу түшүндүрүүдө. Буга кошумча бучкактаган энергетикалык кризистин капшабынан өнөржай өндүрүшү өзгөчө жапа чегүүдө.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Игорь Чудинов экономикалык кризис шартында ички дүң продукт көлөмү жыл аягына чейин 1 же 2% тегерегинде болжолдонуп жатканын, анткен менен ал азырынча бекем илимий негизден чыкпаганын белгиледи.

- Биз бүгүн отчет, алынган сандык көрсөткүчтөр жөнүндө көбүрөөк кеп кылдык. Атүгүл баяндамачы прогноз дегендин ордуна “божомол” деген сөздү айтып ийди. Антип божомол менен божурашып отурсак, министр менен жардамчылары жакшы билишет, биз министрликтен (Экономикалык өнүгүү жана соода – Ред.) өлкөнүн өнүгүшү боюнча прогнозду күтөбүз. Анан кластер жөнүндөгү сөзгө токтоло кетейин. Аны иштеп чыгууга ким тоскоол болууда? Азырынча министр гана мени менен жолукканда айтып калганы болбосо иш жок.

Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин үч айдын жыйынтыгын чыгарган жыйында өкмөттүк мекемелер кагазга басылып калганы, өйдө-ылдый агылган буйрук-өтүнүчтөр дайрасы негизги ишке тоскоол болгондон башкага жарабастыгы айтылды.

Өкмөттүн ишкерликке шарт түзүү демилгесинен да жыйынтык чыкпай, текшерүүлөр азайгандын ордуна көбөйүп жатканын Кыргызстан ишкерлер биримдигинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков ырастады.

- Кийинки кездердеги текшерүүчү айрым уюмдардын ишкерлерге болгон мамилелери, былтыркы бир жылкы президенттин тыюу салуусунан кийин ачыгып калганбы же кандайбы, айрым текшерүүчү органдар - финансы кызматы болобу, салык кызматы болобу, биздин ишкерлерди тим эле тытып жатат. Бул да алардын маанайына таасирин тийгизип, ишкерлер бүгүн эки анжы ойдо туруп жатат. Иштеш керекпи же ишти жыйнап кетиш керекпи деген ойлор ишкерлерде пайда боло баштады.

Кыргызстан дүйнөлүк экономикалык интеграцияга батыл аралаша албаганынан өнүккөн өлкөлөрдүн шаштысын кетирип жаткан кризис аны кыйгап өтүшү деле мүмкүн экендиги буга чейин көп айтылып келди. А бирок андай божомолдун суу кечпесин 3 айдын жыйынтыгы айгинелеп койду окшойт.

Жагдайдан чыгуунун бир аргасы катары өкмөт бюджеттен бөлүнчү 1 миллиард сомду социалдык курулушка жумшап, ошону менен биротоло токтоп калыш коркунучуна кептелген өнөржайга колдоо-көмөк көрсөтүүнү ойлонууда. Буга кошумча быйыл жыл аягына чейин“Камбарата – 1” ГЭС курулушунун даярдык жумуштары башталып калышы да мүмкүн. Анткен менен Казакстан, Орусиянын шаштысын алган экономикалык кризистин жаалы кайткыча Кыргызстан экономикасынын мурдагы кездегидей 7 – 8% өсүшкө көтөрүлүшү кыйын. Ошондон өкмөт жыл аягына чейин ички дүң продукт көлөмү 1 менен 2% ортосунда болорун болжоп отурат.
XS
SM
MD
LG