Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Көкөлөгөн баанын кезеги эми күйүүчү майларга келет


Орусиянын Кыргызстанга кымбат майы
Орусиянын Кыргызстанга кымбат майы

1-апрелден тарта Орусия Кыргызстанга жөнөтүлчү күйүүчү майлардын тоннасына 193,5 доллар кошумча бажы төлөмүн киргизгендиги маалымдалууда. Ансыз да энергетикалык, коммуналдык баалардын кымбатташынан жүрөкзаада кыргызстандыктарды эми күйүүчү майдын кымбатташы күтүүдө.


Кыргызстанга кымбат май

Кыргызстанды күйүүчү майлар менен камсыз кылчу орусиялык “Газпром нефть Азия” компаниясына караштуу май куюучу жайлардын атын атагысы келбеген кызматкери азырынча баалар көтөрүлө электигин, бул маселе жетекчилер тарабынан аныкталарын айтуу менен чектелди.

- 95- май 30 сом 30 тыйын. Арзан делген дизель майы 25 сом 60 тыйын.

Ал эми “Газпром нефть Азия” компаниясынын пресс-катчысы Ольга Волосатых Орусиядан келчү күйүүчү майлардын кымбатташы тууралуу кабарды такташка кызыкдар маалымдоо каражаттары ага телефон чала берип тажатышканын айтып, сатылчу баа канчага кымбаттаары дайынсыз экенин жашырган жок:

- Биздин жетекчилер Москва менен сүйлөшүүдө. Чечим кабыл алынат. Кырдаалды карап жатышат. Азыр мен эч кандай комментарий бере албайм. Баары такталгандан кийин Б.Мамбетов силердин алдыңарга чыгып, маалымат жыйынын өткөрүп, баарын түшүндүрүп берет.

Базарбай Мамбетов
Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетов ушул жылдын 1-апрелинен тарта Орусиядан Кыргызстанга жөнөтүлчү күйүүчү майларга атайын салык төлөмү киргизилгенин ырастап, бажы кызматынан ошондой маалымат алынганын кабарлады:

- Андан кийинкилерин биз бул жерде Кыргызстанда андай болсо эмне болот? Баа кандай көтөрүлөт? Эмне кылып чара көрүшүбүз керек? Кимдерге чыгышыбыз керек? Кимдер менен акылдашыбыз керек? Жалаң ушул маселелер менен эле азыр иштеп жатабыз.

Бирок канчага?

Базарбай Мамбетов да күйүүчү майлардын баасы канчага көтөрүлө тургандыгын так айта албастыгын маалымдады. Орусиядан ташылып келинчү күйүүчү майдын баасы канча болорун жакынкы эки-үч күн аралыгында жарыя кылышарын ырастады.

Анткен менен орусиялык 1 тонна күйүүчү майдын баасы дагы 193,5 долларга кымбатташы бери дегенде бензин баасы 7 - 9 сомго көтөрүлөрүн айрымдар эмитен эле эсептеп отурушат. Анан да күйүүчү майлардын минтип кескин көтөрүлүшү Кыргызстан дыйкандары жуп жазгы талаа жумуштарына киришип жаткан чакка туш келди.
Алмамбет Матубраимов

Орусия тараптан алдагыдай ишара келе электе Казакстан Кыргызстанга келаткан транзиттик жүктөрдү өткөрбөй, жолун бууп койгон болчу. “Кыргызстан эл биримдиги” кыймылынын тең төрагасы Алмамбет Матубраимовдун айтуусунда, бул өзү күтүлүп жаткан иш эле:

- Биз Бажы биримдигине кирбегенден кийин ушул да. Бүттү, экспорттук пошлина.

Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңеш мүчөсү Эмил Каптагаев баалардын кымбатташынан Кыргызстанда бир гана үй-бүлө пайда көрөт, деген пикирде:

- Мамлекетти бир үй-бүлө башкарып турса ошондойлордон түшкөн акчанын үзүрүн бир эле үй-бүлө көрүп атат да.

2006-жылдын августунан тарта Кыргызстандын күйүүчү майларга керектөөсүнүн 90% ашуунун камсыз кылган “Газпром нефть Азия” компаниясы орусиялык Омск мунайзат иштеп чыгуучу ишканасынын продукциясын ташып келет.

Кыргызстан өкмөтүнүн маалымат кызматынан бул маселе иликтенип жатканын, анын жыйынтыгы чыкканча пикир айта алышпастыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG