Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

Жылдыз Жолдошева: Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккан


Жарандык уюмдар БШКнын азыркы курамына ишенич жоктугун белгилеп, аны реформалоо маселесин көтөрүп жатышат. Алардын жүйөөсүндө өткөн парламенттик шайлоолор бузуп-бурмаланган жана расмий жыйынтыгы алиге чыга элек. Жарандык уюмдардын мындай сын-дооматтарын БШКнын мурдагы мүчөсү, “Курманжан даткан” коомдук бирикмесинин төрайымы Жылдыз Жолдошевага узаттык.

“Азаттык”: - Оппозиция жана бир катар өкмөттүк эмес уюмдар азыркы Борбордук шайлоо комиссиясына ишенич жоктугун айтып, аны парламенттик шайлоолордун жыйынтыгын бурмалаган деп айыптап жатышат. Чындыгында ушундай айыптоолорго негиз барбы?

Ж.Жолдошева: - Шайлоодо негизги күч, шайлоону туура алып бара турган бул участкалык шайлоо комиссиялары. Ошол жерге ар бир партиядан өкүлдөр киргизилип, алар таза иштеш керек. Себеби БШКнын мүчөлөрү облустардан, райондордон келген маалыматтарды гана сводка жасайт. Ал эми парламенттик шайлоодо, албетте, ар түрдүү кырдаал болду. Ал жөнүндө мен «Лица» деген гезитке да жазып чыктым эле, райондордон, участкалык комиссиядан келген маалыматтарды биз жыйынтыктаганбыз. Бирок ошол кезде оппозиция тараптан дагы мүчүлүштүктөр кеткен.

“Азаттык”: - Сиз ар түрдүү кырдаал дедиңиз, кандай кырдаал жөнүндө айтып жатасыз?

Ж.Жолдошева: - Мисалы, бизде шайлоо системасы бар. Ал шайлоо системасында ар бир эки саатта келип турган шайлоонун жыйынтыгы телевизор аркылуу элге жеткирилип туруш керек болчу. Ошондо шайлоо системасы эмнегедир бузулуп калды деп, демократиянын негизи болгон элге түз эфирде көрсөтүлбөй калды.

“Азаттык”: - 2007-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыяланган-жарыяланбаганы тууралуу ушул кезге чейин талаш жүрүп келатат. Ошол кездеги БШКнын мүчөсү катары сиз бул талашка кандай жооп берет элеңиз?

Ж.Жолдошева: - Шайлоонун жыйынтыгы, албетте, чыккан. Биз баарыбыз протоколго кол коюп бергенбиз. Аны болсо БШКнын ошол мезгилдеги төрайымы Клара Кабилова ММКларга жөнөтүш керек болчу. Ошол мезгилде БШКнын акыркы жыйынтыгы “Эркин тоо” гезитине чыккан. Ал эми ар бир райондон келген маалымат чыкпай калды окшойт. Мен өз эрким менен БШКдан кеткем, калган жыйынтыктары эмне болду экен, мен аны билбей калдым. Ал эми азыркы президенттик шайлоодо участкалык комиссиянын курамы бүттүбү, же түзүлүп атабы, ал жерде албетте ар бир партиянын өкүлдөрү мыйзам ченемдүү кириш керек. Ушул шайлоонун алып барышында негизги ролду ошолор ойнойт.

“Азаттык”: - Бармакка белги коюу алынып салынды. Андан сырткары айдоочунун күбөлүгү менен добуш берүүгө уруксат берилгендиги тууралуу айтылууда. Булардын баары кайра-кайра добуш берүүгө, бурмалоолорго шарт түзбөйбү?

Ж.Жолдошева: - Мисалы мурун эле шайлоо кодексинде айдоочунун күбөлүгү менен добуш бергенге уруксат берилген болчу. Азыр эми шайлоо кодексинен маркировканы эмне себептен алып салганын билбейт экемин. Бирок бул маркировка өтө кымбат турат. Мурун донорлор жардам берип аткан болчу. Эгерде бюджеттен алыныш керек десе, албетте, бул өтө чоң суммадагы акчаны талап кылган процедура. Ал эми бурмалоого шарт берет деп айтпайм. Себеби, кайрадан эле мен мурунку БШКнын мүчөсү айтат элем, участкалык комиссияларда так таза адамдар иштеп берсе, мен ойлойм шайлоо эч кандай бурмаланбайт.

“Азаттык”:- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG