Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:35

Кыргызстандын энергетика секторуна байланышкан маалыматтардын көбү «мамлекеттик сыр» катары сакталат. Опсуз көп сандар, көрсөткүчтөр саналганы менен тармактагы абалды так көрсөтчү маалыматтар жокко эсе. Ошондон электр акы, анын өздүк наркы жаңы бийлик саясатына байланыштуу өзгөрүлүп турат.

“Сырсандыктын” сыры жана сыны

8 жылдан бери Кыргызстан энергетикасынын абалын иликтеп келаткан америкалык эксперт Желлин Мерфинин ырасташынча, тармакка байланышкан чоң-кичине маалыматтардын көбү “мамлекеттик сырга” айланып калган. Оголе көп маалыматтар жарыя айтылгандай болот, бирок да алардын кайсынысы так, кайсынысы калп экенин билиш кыйын.
Желлин Мерфи

- Экинчи жагынан алганда социалисттик замандагыдай өндүрүштү гана көбөйтүүгө, капиталдык эмес, операциялык чыгымдарды азайтууга көбүрөөк көңүл бурулат, керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгы анчалык эсепке алынбайт. Үчүнчүдөн, киреше табууга караганда башка кайсы бир максаттар жөнүндө көбүрөөк айтылат.

Анткен менен советтик мезгилден калган капиталга колдоо көрсөтүлбөй, жаңыланбай, ушу тапта кыйын абалды башынан кечирүүдө. Ж.Мерфи Кыргызстан менен бир убакта энергетика секторун реформалоого киришкен Грузия менен Айастанда коммерциялык жоготуулар түшүнүгү жоюлуп, техникалык жоготуулар да кескин азайганын, кирешелүү тармакка айланганын белгиледи. Мындан 9 жыл илгери иштеп чыгуу, ташып жеткирүү, бөлүштүрүү компанияларына ажыраган Кыргызстандын энергетика тармагында башкаруучулар арбып, алардын ишинин натыйжасы 1% жетпеген көрсөткүчкө түшүп калганы маалымдалды. “Кыргызстан энергетикасы толугу менен таңкыстыкка иштейт”, деп белгиледи Ж. Мерфи.
Азыр Энергетика министри чыгып алып туруп 1 киловат саат электр энергиясы 1 сом 40 тыйын дейт. Бул кайдан табылган нерсе деп менин эсим ооп турат.
А. Матубраимов

Кризистин кыйышпас тууганы

Антип тармактын кризистен башы чыкпай, коррупция туткунунан чыга албай отурушунун олуттуу дегидей биртоп себептери бар.
Осмон Артыкбаев
Америкалык эксперттин пикиринде, аларга тармакты башкаруунун начардыгы, электр энергиясын иштеп чыгуу суунун аздыгына же арбындыгына көз карандылыгы, суроо-талаптын кышында күчөп, жайында азайып кетиши кирет. Тармактын ушундай арабөк калышына кызыкдар күчтөр көп экенин Кыргызстандын энергетика министри Осмонбек Артыкбаев да белгилейт.

- Ар бир деңгээлде, атүгүл жогорку деңгээлде биздин ушул бийликтегилерде да бар. Себеп дегенде, алар дагы, менин таң калганым, ушу бийликтин арасындагы ушул маселени чече турган адамдар тескерисинче каршылык көрсөтүшүп, бир оюндарды жасап, башка максаттардын негизинде. Ошондой иш кылып аткан адамдар көп.

Уурунун жолу кууш эмес

Желлин Мерфи 2007-жылы Кыргызстанда иштелип чыккан электр энергиясынын тең жарымы уурдалып, жоголуп же акысы төлөнбөй калганын маалымдады. Былтыр бул көрсөткүч үчтөн бирге түштү. Бирок да талаага кеткен электр акысы энергиянын өздүк наркына кошулуп, ал акы жалпы керектөөчүлөр мойнуна салынууда. Экс-спикер Алмамбет Матубраимовдун ырасташынча, электр энергиясынын учурдагы өздүк наркы канча экенин билиш кыйын.
Алмамбет Матубраимов

- Азыр Энергетика министри чыгып алып туруп 1 киловат саат электр энергиясы 1 сом 40 тыйын дейт. Бул кайдан табылган нерсе деп менин эсим ооп турат. Мен ошол энергетиканы башынан баштап жакшы билем.

Өткөн жылы Д.Үсөновдун өкмөтү быйыл жаңы жылдан тарта электр акысын 1 сом 50 тыйынга көтөрүп, жайдан тарта аны 1 сом 90 тыйынга чыгарууну болжоп жаткан. 7-апрелден кийин бийликке келген Убактылуу өкмөт электр акысын мурдагы 70 тыйынга кайтарды. Бирок да Энергетика министрлиги мурдагы тариф электр энергиясынын өздүк наркынын жарымын гана жаба аларын эскертип, ортодогу айырманы энергокомпаниялардын кирешелеринин эсебинен толтуруп жатканын ырастоодо. Ошондон опсуз чыгашага учураган энергокомпаниялардын “берешендиги” канчага созулары белгисиз калууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG