Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

“Кыргызстан мусулмандар биримдиги” курултай өткөрө алабы?


“Кыргызстан мусулмандар биримдиги” апрель айынын 22синде алгачкы курултайын өткөрүп, анда коомдук бирикме түзүп, ошондон кийин расмий каттоого алынууну көздөп жатат.

“Кыргызстан мусулмандар биримдигинин” жетекчилеринин бири Турсунбай Бакир уулу алдыдагы иш-пландары тууралу мындай маалымат берди:

- Былтыр ноябрдан баштап биз Кыргызстандын бардык тарабын кыдырып, иш-максаттарыбыз менен тааныштырып келдик. Мусулмандар биримдигин түзүп жатканыбызды жарыя салдык. Ар бир аймакта өзүбүздүн филиалыбызды түздүк. Кудай буюрса, апрелдин 22синде жалпы республикалык курултай чакырып, анда коомдук бирикме түзүп, ошондон кийин расмий каттоого баралы деп жатабыз. Миңдеген кишилер биздин бирикмеге киребиз деп жатыптыр. Бирок биринчи курултайга 200-300 эле киши чакырабыз.

Кыргызстан мусулмандар муфтийи Мураталы-ажы Жуманов Кыргызстанда мусулмандардын атынан муфтият, казияттар гана иш жүргүзүүгө укуктуу экендигин, дин багытында иш жүргүзбөгөн уюмдун атына “мусулман” деген сөздүн аралаштырылганы тапктакыр эле орунсуздугун эскертти.

Турсунбай Бакир уулу “Кыргызстан мусулмандар биримдиги” – диний уюм да эмес экендигин, дин багытындагы саясий партия, саясий уюм да эмес экендигин баса белгилеп, мусулмандардын, жалпы эле дин тутунгандардын укугун коргоо милдетин аркаларын жарыя салды.

Курултай өтүп калса “Кыргызстан мусулмандар биримдиги”, “Кыргызстан дин тутуучулар биримдиги” деген сыяктуу аталыштар талкууга алынышы ыктымалдыгын да кошумчалап өттү.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин пикири боюнча, мусулмандардын укугун коргоо, дин тутуучулардын укугун коргоо – алардын түпкү максаты эмес:

- Бизде ислам укугу же дин тутуучулардын укугу деген жок. Бизде атуулдук укук бар. Аны көзөмөлдөөчү прокуратура бар. Алардын айтканы – жөн эле кыйкым-шылтоо. Бул диний уюм өзүн эптеп турукташтырып, анан саясий аренага чыкканга аракет кылып атат.

Бишкек шаар тургуну Орунбек Алдаяров болсо “Кыргызстан мусулмандар биримдигинин” ишмердүүлүгүнө алдын ала тон бычкандарды – сынга алгандарды айыптап өттү. Оболу алардын ишмердүүлүгүн иш жүзүндө көрүп, анан сөз сүйлөөгө чакырды.

“Кыргызстан мусулмандар биримдигинин” курултайын өткөрчү жайдын табылышы да кыйын болчудай:

- Акчасын төлөп берели десек да, көп эле имарат-жайлардын жетекчилери баш тартып жатышат, бербей жатышат. Алар бийлик төбөлдөрүнөн коркушууда, - дейт “Кыргызстан мусулмандар биримдигинин” жетекчилеринин бири Турсунбай Бакир уулу.

XS
SM
MD
LG