Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:57

2005-жылдын 24-марты тарыхта Кыргызстандын бийлигинин элдик толкундоолор аркылуу күч менен алмашкан күнү катары калды. Толкундоолорду биринчи кезекте шайлоо жараяндарындагы бурмалоолор, үй-бүлөлүк башкаруу тууралуу маалыматтар, бийликтин элден бөлүнүп калышы өңдүү көрүнүштөр күчөтүп, ал ыңкылапка өсүп жеткен.

Бул күндүн урматына өлкөнүн бардык аймактарында расмий жыйындар болууда. Бишкектеги Опера жана балет театрында салтанаттуу жыйын өтүп, анда Президенттин куттуктоосу жарыяланат деп күтүлүүдө.

Ыңкылапчылардын алдыңкы сабындагы саясатчылардын 24-мартты майрам деп жарыялоо тууралуу 2006-жылкы демилгеси эки жылдан кийин, партиялык тизме менен шайланып келген парламенттин тушунда ишке ашты. Башкача айтканда Эмгек Кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу Юстиция министрлигинин мыйзам долбоорун парламент 2008-жылы мартта кабыл алган. Ал эми мурдагы парламент бул демилгени колдоо үчүн убакыт керек деген негиз менен колдобой койгон. Бирок 24-март ага чейин президенттин жардыгынын негизинде майрамдалып келген.

Кандай болгон учурда да март ыңкылабы өз максатына жеттиби-жеткен жокпу – бул суроого так жооп боло элек. Ыңкылаптын алдыңкы сабында жүргөн саясатчылардын жана саясий партиялардын жоон тобу президент Курманбек Бакиевдин башкаруусун жактырбай, оппозицияга кетип калышты.

Алардын бири - Социал-демократтар партиясынын парламенттеги фракция башчысы Бакыт Бешимов:

- Коррупцияга батып кеткен режимге каршы чыккан адамдардын көпчүлүгүнүн ишеничи аткарылбады. Тескерисинче коррупциялашкан режимдин ордуна андан да ыплас режим келди, - деп эсептеди “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып.

Коомчулукта деле ушул өңдүү көз караштар, элдик ыңкылап аркылуу келген бийлик элдин үмүт-тилегин актабай калды деген пикирлер айтылып жүрөт. Жакында “Азаттыкка” берген интервьюсунда ыңкылап эркиндикке чыгарган, кийин Бакиев менен тандем түзүп премьер-министр болгон Феликс Кулов ыңкылаптын максатына жетпей калышына обьективдүү, субъективдүү жагдайлар себеп болду деп, аны моюнга алуу шарт экенин билдирди:

- Бул дал бизге – саясатчыларга чоң доомат. Азыр жүрүп жаткан кризистик көрүнүштөргө камылга көрө алган жокпуз. Ошондуктан тилекке каршы азырынча чоң максаттарга жете элекпиз. Андай болгондон кийин мен да жоопкерчиликти алам.

Расмий бийлик өкүлдөрү болсо ар бир жолу кыйабы келгенде мурдагы бийликтин катачылыктарын кайталабоо, чынчыл башкаруу, элдин жашоо-тирдигин оңдоо үчүн жан үрөп, жоопкерчиликти мойнуна алуу аракеттерин көрүп жатканын баса белгилеп келатышат. Буга үндөш пикирин президент Курманбек Бакиев акыркы жолу февралда уюштурган маалымат жыйынында Кыргызстандын Стратегиясы боюнча суроого жооп берип жатып да билдирген:

- Биздин коомчулукта президенттин милдетине кирбеген майда нерселер үчүн да президент жооп бериш керек деген пикир бар. Ошондуктан жоопкерчилик кимдин мойнунда экенин билебиз. Жоопкерчилик президент катары менин мойнумда.

Ал эми саясат таануучу Марс Сариев кандай айткан күндө да март ыңкылабынан кийин саясий жагдай эле эмес, социалдык-экономикалык жагдай дагы начарлап кетти деген ойдо экен:

- Орусиядан транш келбесе ахыбал абдан эле начар. Караманча агрардык өлкө болуп калдык, өнөр жай мүмкүнчүлүгү таптакыр жоголду.

Талдоочунун баамында акыркы төрт жыл кыргызстандыктардын эсинде стабилдүүлүк орноп тургандыгы менен гана калды.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG