Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

«Кумтөр»: А.Акаев менен Н.Танаевдин келишими


Парламентте “Кумтөр” алтын кенин улутташтыруу тууралуу мыйзам долбоору кезегин күтүп турат. “Жерүй” алтын кенинин ишке кирүүсү кечеңдеп, “Андаш” кенинин айланасындагы талашка дагыле чекит коюла элек. "Азаттыктын" бетме-бет талкуусунда ЖКнын мурдагы депутаттары Алмамбет Матубраимов жана Дастан Сарыгулов.

- Алмамбет мырза, парламентте “Кумтөр” алтын кенин улутташтыруу жөнүндө мыйзам долбоору кезегин күтүп турат. Ушул аракетти кандай дээр элеңиз?

Алмамбет Матубраимов:
- Бул өзү Кыргызстандын кендирин кескен маселе болууда. Мурда алтын кенди берип жатканда 1 унций - 33 грам алтындын баасы 320 доллар деп эсептелген эле. Азыр ал 900 долларга чамалап кетти. Биз а кездеги өкмөт мүчөлөрү 19 министр кол койгонбуз. Бир гана Ян Ефимович Фишер кол койбой койгон. Кумтөрдүн 75,4% Кыргызстандыкы, курулуш кезинде дагы анын жетекчиси Кыргызстан жараны болот деп жазылып турат. Биринчи алтынды казып алгандан жер алдына түшкөнчө кандай иштер жасалары көрсөтүлгөн. Бир тонна рудадан канча грамм алтын чыгары, 3 граммдан 14 граммга чейин алынары белгиленген. Мунун баары СССР кезинде эле изилденип чыккан. “Кумтөр” алтынынын айланасындагы иштер, Т.Чыңгышевдин кызматтан кетиши, А.Акаевдин автоматтарды алдыга жайып түшүнүк бериши – баары болгон. “Кумтөрдү” биз өзүбүзгө алышыбыз керек. Келишимди качан да болсо карап чыгууга биздин укуктук жөнүбүз бар.

- Дастан мырза, “Кумтөр” алтын кени иштей баштагандан бери эле анын айланасында талаш-тартыш уланып келатат. Бул долбоордон Кыргызстандын тапкан пайдасы эмне болду, зыянычы?

Дастан Сарыгулов:
- Мунун башы 1993-1994-жылдарга барып такалат. Башы түз болуп, аягы кыргыз элинин кызыкчылыгына жооп бербеген багытка түшүп кетти. Союз тушунда каражаттын жетишсиздигинен “Кумтөр” алтын кенин куруу кийинкиге жылдырылган. Эгемендик тушунда мамлекет кепилдиги жок эле Кыргызстанда алтын кенди эки жылда куруп ишке киргизишти. Келишимде алынган карыз акча үстөгү менен төлөнүп берилгенден кийин алтын кен кыргыз өкмөтүнүн менчигине өтөрү жазылган. Курулушка 415 миллион доллар карыз акча алынган, үстөгү менен 650 миллион доллар кайтарылып берилген. Ошондон кийин ишкана Кыргызстандын менчиги болуп таанылып, чет өлкөлүктөр түшкөн пайдадан 30% гана алып тим болмок. 2002-жылы парламент чечими чыкканына карабай Кыргызстандын туңгуч деген президенти муну саткан. Акылбек Жапаров бир гезитте А.Акаев “Кумтөрдү” “Центеррага” кошуп койгондугу үчүн 400 миллион доллар акчаны сол чөнтөгүнө салганын жазып чыккан. Биргелешкен ишканага “Кумтөрдү” өткөрүп берип, анда кыргыз эли болгону 35% үлүшкө ээ болуп отурат. Бул улуттук кызыкчылыкка түп-тамырынан каршы келген чечим. А.Акаев аны 2002-жылдын 31-декабрында сатып жиберген. Андан кийинки окуя бул өзү чоң маселе. Пайдасы кайсы болду дегенде курулуш кезинде 200 миллион доллар акча кыйыр түрдө түшкөнүн айта кетүү керек. Курулушчулар, жардамчы кызматтар, иштеген жумушчулар, алардын алган айлыктары, төлөгөн салыктары бар. Анан бул маселе саясий болуп кетпедиби. Анын проблемасын так билбей, бирок бийлик талашуунун куралына айлантып ийишкени албетте, өкүнүчтүү көрүнүш.

- Алмамбет мырза, жалгыз “Кумтөр” эле эмес, “Жерүй”, “Андаш” башка кендеринин айланасындагы талаш дагыле токтоло элек. Бул жерде кимдир-бирөөлөрдүн экономикалык кызыкчылыгы жаткан жери жокпу?

Алмамбет Матубраимов: - Бул жерде экономикалык кызыкчылык ойноп жатат. Баары таламайга түшүп, тартип кеткенден болуп жатат. “Жерүйдү” мен көргөмүн. 1991-жылы “Жерүй” алтын кени курула баштамак. Темир жолунун негизи да даяр болуп калган. Ал жерге рельстерди гана алып келип коюш керек болчу. Завод иштегенге даяр болчу. Кандай оюн болуп жатат? Бул эле эмес, “Солтон-Сарыны” да жок кылдык. “Андаш” кени эмне болду? “Талдыбулакты” иштете албай жатабыз. А кезде көп нерсени изилдеп анан бир чечимге келген элек.

- Дастан ага, А.Атамбаевдин өкмөтү түзгөн келишимдер эки парламенттен тең өтпөй калды. Мунун себебин эмнеге байланышту деп ойлойсуз?

Дастан Сарыгулов: - А.Акаев мыйзамды одоно бузуп “Кумтөрдү” чет өлкөлүктөргө өткөрүп бергенди бузуш керек эле. Мунун мыйзамдуу жолдору бар. Анын үстүнө ошол комиссиянын ичинде бир да адис жок. Келишим кыргыз элинин кызыкчылыгына жооп бербейт. “Центерра” жөнүндөгү келишимди жокко чыгарыш керек. Башынан түзөш керек муну. Бизди сот менен коркутуп атышпайбы. Иштин көзүн билген адамга калыс түзүлбөгөн келишимди моюнга коюу оңой эле. “Кумтөр” тышкы карызынан кутулуп, жылына 14-18 тонна алтын иштеткен ишкана болчу. Ага иштебеген кенди Монголия менен Америкадан кошушуп Кыргызстандын “Центеррадагы” үлүшү 80% кем эмес болушу керек эле. Алар эмне кошту, Кыргызстан эмне кошту? Эгер “Центерра” биригип 23 тонна алтын тапса, ошонун 20 тоннасы Кыргызстанга таандык болсо анын үлүшү 70 – 80% болуш керек эле. Мунун ар бир эларалык уюм далилдесең туура дейт. Буга адис керек. Анан да эрк керек. Таза иштөө керек.

Албетте, бир-эки алтын кен Кыргызстандын тагдырын чечип ие албайт. Бирок да “Кумтөргө” КМШ өлкөлөрдүн бирөөнө да келбеген ири инвестициянын келиши ишеним жараткан. Анан алтындан да көп киреше бере турган мүмкүнчүлүктөрдү биз пайдаланбай жатабыз. Мисалы, элдик кол өнөрчүлүктү. Ошондуктан азыркы паракорлук канатын жайып турган учурда алтын кендерин кайрадан карап, иштетүүнү токтотуш керек. Себеби сол чөнтөккө түшүп, кыргыз элинин казынасына түшпөй турган абалга келдик. Кудай берген сууну сатып, кыргызды караңгы түнгө капталткан бийлик, эмне, алтынга колун салбайт дейсизби?

- Алмамбет мырза, эки келишимдин өтпөй калышын эмнеге байланыштуу деп эсептейт элеңиз?

Алмамбет Матубраимов: - Кызыкчылыктар сөзсүз ал жерде болгон. Н.Танаевдин ратификациядан өтпөгөн келишимин жок кылмайын бул маселе эч качан жөнгө келбейт. Буга тиешелүү иштер, иштетиле элек кендердин акциясын алып жүргөнүбүз – баары ачык айтылыш керек. Бүдөмүк нерсе калбаш керек. Мына жалаң алтын эмес, ачыла элек көмүр кендерин ээлеп алгандар бар. Иштетпейт, бирөөгө да бербейт. Энергетиканы да сатпашыбыз керек. Биз айтабыз, болбой эле сатабыз дешет. Башкаруунун начарлыгын да айтышыбыз керек. Мамлекет ээлигиндеги мүлктү жеке колго берип башкара алабызбы?

- Мырзалар, ишиңиздерге ийгилик болсун!

XS
SM
MD
LG