Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:12

Ооганстан менен Пакистандан четке сүрүлгөн экстремисттик күчтөр Фергана өрөөнүнө топтолушу мүмкүн. Кедейликтен башы көтөрүлбөгөн жергиликтүү калк арасында жикчилдердин максат-мүдөөсү колдоо таап кетиши деле ыктымал.

Кытайдын Шиңжан-уйгур автоном районундагы кагылышуулар, Ооганстан менен Пакистандагы аскерий иш-чаралар, Борбор Азия менен Кавказдагы жагдай мамлекеттин диний саясатын кайрадан карап чыгууну талап кылууда. Диний жамааттар мамлкеттин диний жикчилдикке каршы күрөшүнө колдоо көрсөтүшү керек, бирок да маммлекеттин жикчилдикке каршы күрөшү өзгөчө катаал чараларга айланбашы абзел. Андайда диний чаарбаштардын каршылыгы күчөп, анын салакасын барып-келип эле карапайым калктын өзү тартат.

“Дин, Укук жана Саясат” көз карандысыз аналитикалык изилдөө борборунун жетекчиси Кадыр Маликовдун ырасташынча, андай коркунуч ушу тапта Кыргызстанды да акмалап турат.

- Кыргызстандагы түштүгүндө чакчелекей салууга куштар чаарбаштар Ооганстан менен Пакистандан ооп келиши ыктымал. Биз анын себептерин айта албайбыз. Бирок да Кыргызстанга сырттан башка бир күчтөрдүн аракети жасалып калышы мүмкүн экендигин болжоп жатабыз. Ошон үчүн биз калк арасында бардык күчтөрдүн макулдашылган аракети иш жүргүзүшү туура болор эле деп ойлойбуз.

Кадыр Маликов буга чейин мусулмандар жамааты менен мамалекет ортосундагы мамиле кыйла эле салкын-суз болуп келгенин эскертип, аны алдыда боло турган президенттик шайлоодогу саясий жагдай деле аныктап тургандыгын билдирди. Дүйнөнүн тигил же бул жеринде болуп өткөн окуялардын диний жаңырыгы артынан тилектештик сезимдерин козголоп ийиши мүмкүн. Ошондон “коогалаңдуу тилке” катары эсептелген Кытайдын Шиңжан-уйгур чатагы, Ооганстан менен Пакистандагы уруштар, Фергана менен Түндүк Кавказдагы кыл учунда турган калтыс абалдар дүйнөнүн аркыл бурчунда жашаган мусулман жамааттарына таасирин тийгизиши ыктымал.

Саясат таануучу Эсен Усубалиевдин айтуусунда, Кыргызстандагы мусулман жамааты күндөлүк саясий өнөктүктөрдө кайдыгер күч катары сыртта калышууда.

- Ошондуктан алар тигил же бул талапкердин таламын талашып үгүт жүргүзүшпөйт. Жер-жерлерден мечиттерде имамдар кимдир бирөөлөргө добуш бергиле деп чакырык таштаганын уга элекпиз. Биздин иликтөө да андай маалыматтын жоктугун ырастоодо.

Диний жикчилдиктин уламдан күчөп баратышынын бир себеби, Кыргызстандагы Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматовдун ырасташынча, батыш өлкөлөрүнүн дин боюнча кош стандарт саясатына байланыштуу.

- Оң чечилиши үчүн Американын тышкы саясатында эки өлчөм болбостон бир тарабы менен өлчөш керек. Бүгүнкү күнгө чейин Американын тышкы саясатында, менин жеке көз карашымда, мусулмандарга болгон башка өлчөм, ошол эле жөөттөргө болгон саясаты, өлчөмү башкача болуп келди. Бул бир эле Америкага тиешелүү эмес, ар бир мамлекетте адилеттүүлүк болмоюнча өзгөрүлбөйт.

Парламент депутаты Ажыбай Калмаматовдун ырасташынча ислам динин такай террорчулук менен биргеликте кароо аны билбегендиктен чыккан көз караш.

- Ислам дүйнөсүнүн, ислам мамлекеттеринин баягы жалаң эле эктремист террорчулар эмес экенин, бул диндин багыты таптакыр бөлөк экенин түшүнүү жолуна түшүп атышат деп ойлойм.

Кадыр Маликов Кыргызстандын диний саясаты мурдагы калыбында жүрүп жатканын, мамлекет социалдык багытка умтулган топуктуу ислам менен тыгыз мамиле-катышка өтүшү керек деп эсептейт. Ансыз кедейчилик менен жокчулуктан башы чыкпаган социалдык катмардын көбү диний чаарбаштардын арасына кошулуп кетиш коркунучу бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG