Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:38

Коммунисттик режимге каршы алгачкы иш-чарага 20 жыл


20 жыл мурдагы иш-чара Кыргызстандын андан кийинки саясий багытын тандоосунда чоң салымын кошкону айтылып келет.(Сүрөттө: 2006-жылдын ноябрь айындагы "Ала-Тоо" аянтындагы оппозиция митиги.)

20 жыл мурдагы иш-чара Кыргызстандын андан кийинки саясий багытын тандоосунда чоң салымын кошкону айтылып келет.(Сүрөттө: 2006-жылдын ноябрь айындагы "Ала-Тоо" аянтындагы оппозиция митиги.)

Мындан жыйырма жыл мурун 25-январда Кыргызстанда коммунисттик режимге каршы чыккан жаштар Ала-Тоо аянтында алгачкы демонстрациясын өткөргөн. Анда жаштарды турак-жай жана жумуш менен камсыз кылуу талабынан тышкары алгачкы саясий талап – союздун курамынан чыгып, өз алдынча мамлекет болуу талабы коюлган.

Бул иш-чара Кыргызстандын андан кийинки саясий багытын тандоосунда чоң салымын кошкону айтылып келет.

Азыркы тапта саясатчылардын катарына кирип калган Жеңиш Акматов 1990-жылы 2-курстун студенти эле.

Ал жаштардын 25-26-январда Ала-Тоо аянтында өткөн алгачкы демонстрациялар тууралуу мындайча эскерет:


Ж. Акматов 1990-жылы 25-январда 2-курстагы студент болгон
- Кыштын кар жаап жаткан күнү кечинде “Ак үйдүн алдында митинг болот экен” деген кабар тарады. Анан окуу жайлардын, факультеттердеги активист балдар-кыздар Өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, ал жерден митингге катыштык.


Жыпар Жекшеев келип сүйлөдү, ошол убактагы Коопсуздук кызматынын жетекчиси генерал Асанкулов келип, “тарагыла” деп таратып жиберишти.


Эртеси күнү (26-январда) дагы уланды, ал күнү эл көп чогулган. Андан кийинки күндөрү эле ошол митингге катышкан студенттердин баарын ректоратка чакырып, айылдан ата-энелерин кошо чакыртып, “мындан кийин мындай болбойт, саясий иш-чараларга катышпайм” деген убадаларын алып, катуу ызы-чуу болгон.

Ал эми жаштардын бийликке нааразылык иш-чарасына жигердүү катышкан бейөкмөт уюмдун - "Ашар" кыймылынын иш-аракетинин уюштуруучусу болгон “Ашар” кыймылынын ошол кездеги жетекчилеринин бири Жыпар Жекшеев бул митингге Бишкектеги курулуп бүткөн үйлөргө Азербайжандан качкындарды алып келип, отурукташтырат экен деген кабардын негизинде ошол кездеги өкмөткө каршы чыккан үй-жайсыз жаштар да катышканын эскерет:

Ж. Жекшеев -"Ашар" козголушун жана саясий митингдин уюштуруучусу
- Ошондо армян-азербайжан чатагы жүрүп жаткан. Ошондо “бизге Бакудан миңге жакын армян үй-бүлөсү келет экен, аларга үйлөрдү даярдап, берген атышат” деген кабарды ИИМде иштеген бир подполковник жеткирди.

Биз ага чейин жарым жыл мурун үй-жайсыз жаштардын турак-жай тургузуу үчүн шаар четинен жер ээлеп алышын колдоп, алардын башын бириктирип, “Ашар” деген коом түзгөнбүз.

Анан бул жерде даяр бүткөн үйлөрдү сырттан келген качкындарга берилишине каршы туруу үчүн 25-январда кечки саат алтыга Ак үйдүн алдына чогулгула деп, жаштардын ар кайсы уюмдарына көрсөтмө бердим.

“Ашар” козголушунун өкүлдөрүнүн жана башка өкмөт саясатына нааразы бишкектик жаштардын лидерлеринин уюштуруусу менен 25-январда башталган нааразылык иш-чарасы эртеси күнү да борбордук аянтта улантылган.

Көпчүлүк жаштар жыйынды социалдык талаптар менен эле чектөө аракетин четке кагышкан. Жыйында саясий талаптар айтыла баштаган.

Жыпар Жекшеевдин айтуусунда Кыргызстан СССРден көз карандысыз өз алдынча мамлекет болушу керек деген талап дагы алгачкы жолу ошондо коюлган:

- “Союздун саясаты менен макул эмеспиз, анда кыргыз элинин кызыкчылыгы эч качан эске алынган эмес, аткарылбай келди, ошондуктан, Кыргызстан союздун курамынан чыгып, өз алдынча демократиялык өлкө болсун” деген талаптарды, чакырыктарды ошол күнү айта баштадык.

“Ашар” коому андан жети айдай мурдараак, 1989-жылы июнда Бишкектеги үй-жайсыз кыргыз жаштарды турак-жай менен камсыз кылуу талабын коюп, шаардын четиндеги айдоо аянттарын үй куруу үчүн ээлеп алып жаткан жаштардын башын бириктирип түзүлгөн.

1985-жылы СССРдин акыркы жетекчиси М. Горбачев жүргүзгөн жалпы союздук деңгээлдеги кайра куруу ачык саясаттын эпкини менен ал убакта жалпы державада ар кандай толкундоолор, союздун курамынан чыгып, өз алдынча мамлекет болуу талаптары коюлуп жаткан.

“Кыргызстан коммунисттери” партиясынын мүчөсү Орозбек Дүйшеев союзду кулатуу империалисттердин негизги максаты болгон, алар “Ашар” козголушу сыяктуу улутчул кыймылдарды пайдаланган, деп эсептейт:

О. Дүйшеев: "Союзду кулатуу империалисттердин негизги максаты болгон, алар “Ашар” козголушу сыяктуу улутчул кыймылдарды пайдаланган"
- Мунун бардыгын АКШ башында турган империалисттик бийлик социализмге каршы жасаган. Бирок эми мындан кимге пайда чыкты?

Мына мурунку СССРдин курамындагы мамлекеттер бүгүнкү күнгө чейин оор акыбалда калды.

Социалдык теңсиздик күчөдү, мына азыр Кыргызстандагы элдин 5-6% абдан бай, укмуш жашап жатышат, калгандары баары оор жашоону баштан кечирип жатышат.

Кыргыз эли азыр эмнеге ээ болуп кетти?

Кен-байлыктарынын баарын капиталисттер ээлеп атат, бийликти дагы башкалар башкарып жатышат.



Ал эми саясат талдоочу Токтогул Какчекеев “Ашар” козголушу тарабынан саясий талаптар коюлуп, элдин аң-сезими өзгөргөнү өлкөнүн келечекте демократиялык жолго түшүүсүнө чоң салымын кошту, бирок бул максатты Акаевдин үй-бүлөлүк режими жокко чыгарып кетти деген пикири менен бөлүштү:

Т. Какчекеев 20 жыл мурун ИИМ кызматкери болчу
- Мунун баары тең кыргыздын эгемендик доорундагы биринчи адамдар.

Алар өз доорунда бийликке каршы чыгып, “өз мамлекетибизди курабыз” деген адамдар болгон.

Ошол алгачкы жолу тоталитардык бийликке каршы чыккан адамдар Кыргызстандын жаңы тарыхында орун алышы керек болчу, ошолордун эрдигине, ак жүрөктүгүнө сөз айта албай, жаш муундарды окута албай жатабыз.

Акыйкатсыздык болбой жатат, ошол убактагы компартиянын райондук бөлүмдөрүн башкарып отургандар бүгүн дагы деле кызматта
.

Кийинчерээк, 1990-жылдын 25-майында, "Ашар" козголушу башка да "Асаба" сыяктуу жаңы уюшулган саясий партиялар, бейөкмөт уюмдар жана коммунисттик режимге каршы саясатчылар, интеллектуалдар, студенттер менен бирге "Кыргызстан" демократиялык кыймылы (КДК) уюмуна кирген.

Серепчилер жана тарыхчылар "ашарчылар" жана аларды колдогондор тарабынан Бишкекте 1990-жылдын 25-26-январында уюштурулган нааразылык жыйындары Кыргызстанда коомчулуктун өз эркиндиги үчүн күрөшкө чыгуусу үчүн ойготкуч мүнөзгө ээ болгонун белгилешет.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG