Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:25

Орусия: бийлик да, оппозиция да ыраазы


31-октябрда Москвадагы ири аянттардын биринде бийликтин уруксаты менен оппозиция митинг өткөрдү. Алар эркин чогулуу талабын койду.

Тартип коргоо органдарынын эсеби боюнча акцияга 800гө жакын киши катышкан. Оппозиция тарап болуп бир коалицияга кирген “Башка Орусия” кыймылынын лидерлеринин бири Эдуард Лимонов, бийликтин көчөгө чыгуучуларга чек коюшуна нааразылыгын билдирип, өз алдынча акция өткөргөн. Орусияда ушул өңдүү митингдер башка шаарларда да өткөн.

Кыйладан бери бийлик ар кандай шылтоо менен оппозициянын митингдерине тыюу салып, бут тосуп келаткан. Мурдагы шаар башчысы Ю.Лужков уруксат бербей келаткан Триумфалдык аянтка жаңы мэр С.Собяниндин макулдугу менен оппозиция митинг өткөрдү. Адаттагыдай эле бул акцияда да Орусиянын Баш мыйзамында жазылган 31-беренени, андагы митингдерди эркин өткөрүү талабы коюлду.

Ошентип аянтта митинг өткөрүү мүмкүн эмес эле, бирок ага уруксатты бул жолу “Хельсинки” тобунун лидери Людмила Алексеева алып чыккан. Бийлик митингге чыккандардын саны 800дөн ашпашы керектигин айткан. “Башка Орусия” кыймылынын лидерлеринин бири Эдуард Лимонов мындай талапты четке каккан.

Баш мыйзамдагы 31-беренени коргоп көчөгө чыкканн оппозиция тобунун лидерлеринин бири Людмила Алексеева “акыры биз Триумфалдык аянтка да чыктык, бирок биз каалагандай эмес болду” деп айтты:

31-октябрда “Башка Орусия” кыймылынын Э.Лимонов жетектеген канаты митинг аяктаганда Ак үйдү карай жүрүшкө чыккан. Аларды милиция демейдегидей турган жеринен кармабай, артынан ээрчип барган. “Башка Орусия” “Путинсиз Орусия! Путин иштен кетсин!” деген чакырыктарды таштаган.

Москва шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Виктор Бирюков кыймылдын 27 мүчөсү кармалганын билдирди.

Анткен менен Ак үйгө чейин жөө жүрүштү митингдин катышуучуларынын бири Игорь оппозициянын жеңиши катары баалады. Себеби “Макул эместердин” жөө жүрүшү алгачкы ирет соңуна чыкты.

Адистердин баамында, орус бийлиги митингдерди күч менен баспай, алардын санын азайтуунун жаңы стратегиясын ойлоп тапты. Эми мындан ары митинг өткөрүүнү каалагандар бийликтин “800 гана киши чыгышы керек” деген талабын аткарышы керек.

XS
SM
MD
LG