Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Түркия-Армения: мамилелерге жаңыча көз-караш


Бир кылымга жакын мезгилден бери мамилелери оңолбой келе жаткан Түркия менен Армения дипломатиялык алака түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо тууралуу макулдашты.

Түркия менен Армения Швецариянын арачылыгы менен бир жылдан ашык убактан бери жүргүзүлүп келе жаткан сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, мамилелерди оңдоп, дипломатиялык алака түзүү тууралуу мунасага келишти.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери 31-августта билдирүү жасашып, жетишилген мунасаны формалдуу келишимге айландыруу үчүн чукул арада саясий сүйлөшүүлөрдү баштай тургандыктарын айтышты.

Маалыматтарга ылайык, 6 аптага созула турган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 2 протоколго кол коюлуп, эки өлкөнүн парламенттеринин кароосуна жиберилет. Протокол боюнча Түркия менен Армения өз ара мамилелеринде жана эл аралык байланыштарда “тең укуктуулук, эгемендүүлүк, бири-биринин ички иштерине аралашпоо жана чек аралардын кол тийгистиги” принциптерин урматташат.

Ошондой эле эки өлкө эл аралык укуктун тийиштүү келишимдеринде баяндалгандай, бири-биринин чек араларын таанышат. Ереван менен жетишилген мунаса тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу буларды айтты:

- Ушу тапта башталганы жаткан жараян - 6 апталык бир өз ара маслеттешүү жараяны. Ошондон кийин кол коюла турган протоколдор эки өлкөнүн парламенттеринин кароосуна жиберилет. Буга чейинки мамилелер колубуз менен кармаган жарылууга даяр бомбаларга окшойт. Өткөн жылы биз муну Грузиянын жаңжалында көрдүк. Биз өз эркибиз менен кризисти чечүүгө белсенип киришибиз керек. Чек араларды ачуу маселеси азырынча күн тартибинде жок.

Дамасктан Кипрге учуп баратканда Ахмет Давутоглу “Рейтер” агенттигинин кабарчысы менен болгон маегинде “бул көпкө созула турган жараян. Бул соңуна чыкканда жалгыз гана Армения чек арасы гана эмес, көптөгөн башка чек аралар ачылат” деген сөзү менен ал Бакунун тынчсыздануусун жайгысы келди. Ахмет Давутоглу кол коюла турган протоколдор эч качан Азербайжандын таламдарына зыян тийгизбей турганын ишендирди:

- Эч кандай жараян биз үчүн Азербайжан менен болгон алакабыздан да маанилүү боло албайт. Биз кечээ билдирген жараян Азербайжандын улуттук таламдарына зыян тиигизбей турганына кепил боло алабыз.

20-кылымдын башынан бери мамилелери начар болуп келген Түркия менен Армениянын дипломатиялык байланышы жок. 90-жылдардын башында армяндар Азербайжандын Тоолуу Карабакка басып киргенден кийин Түркия Азербайжанга колдоо билдирип Армения менен чек арасын жаап салган.

Тасмада: Армения: Элеттиктер чек аранын ачылышына зар

Армениянын Маргара кыштагынын тургундары чектеш Түркиядагы коңшулары менен соода жүргүзө албайт, жада калса чек аранын бери жагындагы өз үлүшүндөгү жер тилкесине да оңдоп каттай алышпайт. Алар Анкара менен Еревандын мамилеси жакшырат деп үмүттөнүшөт. ZMa.

Армения: Элеттиктер чек аранын ачылышына зар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:12 0:00

XS
SM
MD
LG