Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:01

Акылбек Жумабаев: Барак Обамадан элдин үмүтү чоң


Акылбек Жумабаев учурда АКШда жашайт. Британиянын Нотингем университетинде эл аралык бизнес боюнча докторант. “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү. Ал Вашингтондогу кабарчыбызга жолугуп, АКШда бийликке келип жаткан Барак Обаманын саясаты боюнча өзүнүн ой-пикирлерин бөлүштү.

- Акыл мырза, сиз өзүңүз билгендей азыр АКШда жаңы шайланган Барак Обаманын бийликке келишине даярдыктар болуп жатат, сиз эмнени байкап атасыз азыр?

- Бул боюнча элдин үмүтү чоң, жаңы өзгөрүүлөр болот деген. Менин оюмча ар бир мамлекетте жаңы болгон окуялардан үмүттөр болот. Американын калкынын дагы үмүтү чоң.

- Жаңы шайланган Барак Обама ушул үмүттөрдү актай алабы, үмүттөр менен катар эле бул жерде өлкөдөгү экономикалык, саясий абдан орчундуу маселелер турат да?

- Менин оюмча Барак Обаманын элдин үмүтүн аткарууга чоң мүмкүнчүлүктөрү бар болуш керек. Себеби ал жаңы муундун өкүлү. Карап көрө турган болсок, Барак Обаманын билими, өзүнүн жашы дагы жаш. Менин оюмча анын өзгөртүүлөрдү жасоого мүмкүнчүлүктөрү көбүрөк болуш керек.

- Сиз өзүңүз бизнес жаатында билим алып жатасыз, экономиканы жакшы түшүнгөн адистердин бирисиз. Америка кириптер болгон экономикалык кризистен чыгууга Барак Обама жетекчилик кылган Америка өкмөтү канчалык деңгээлде натыйжалуу иштей алат деп ойлойсуз?

- Менин оюмча чындыгында эле Барак Обама бүгүнкү күндөгү абдан кызыктуу абалда президент болуп калды. Америка мамлекетине, чындыгында эле жалаң Америка мамлекетинин элдери эле эмес, бардык дүйнө жүзүнүн элдери азыр карап турушат.

Барак Обама абдан чоң кризис болуп жаткан учурда президенттикке келди, ошон үчүн ушул учурда Америка мамлекетин кризистен чыгарып кеталабы деген үмүт жана суроолор чоң. Башка жагынан алып караганда дагы Барак Обаманын алдында абдан чоң жоопкерчилик турат.

Мен жаңы нерсе алып келем, жаңылантап, мамлекетти оңдойм жана дүйнө жүзүндө лидер болуп эсептелген Америка мамлекетинин даражасын, мүмкүнчүлүгүн көтөрөм деп келген соң, албетте, Барак Обама өзү жана командасы менен ушул иштерди аткарууга күнү-түнү иштеп аракет кылат болуш керек деп ойлойм.

- Азыр Газа тилкесинде жаңжал уланууда. Бул жаңжалда АКШнын түз же кыйыр түрдө ролу абдан чоң экени баарыбызга белгилүү. Барак Обама жана анын жаңы өкмөтү ушул жаңжалды басууга мүмкүнчүлүгү барбы, дарамети жетеби?

- Согушту согуш менен бүтүрүүгө кыйын. Ошон үчүн бул жерде эки тарап тең токтотуп, арача болчу үчүнчү тараптар дагы аракет кылыш керек ушул согушту тынчтык, сүйлөшүү жолдору менен токтотуп бүтүргөнгө. Чечилбеген маселелер болсо ошону чечкенге аракет кылыш керек.

- АКШнын жаңы президенти жетекчилик кылган өкмөт эл аралык деңгээлдеги АКШнын басаңдап калган аброюн канчалык деңгээлде көтөрө алат деп ойлойсуз?

- Азыр дүйнө жүзү, турмуш өзгөрүлдү, ошондуктан жаңы муундун өкүлдөрү албетте жаңыча ойлонушат. Мисалы Кытай, чоң-чоң мамлекеттер менен мурдатан болуп келген башкача кетирген каталары болсо, ошолорду өзгөртүш керек.

- Ошол эле учурда Кытай, Орусия сыяктуу чоң өлкөлөрдүн лидерлери Барак Обамага кандай мамиледе болот?

- Барак Обамага эгерде Американын эли ага ишеним көрсөтүп, президент кылып шайлаган болсо, демек башка ар бир мамлекеттин лидерлери дагы өзүнүн мамилесин көргөзбөстөн, мамлекеттин атынан мамлекетке мамиле кылгандай сый мамиле кылышы керек.

- Айрым серепчилердин айтуусу боюнча, Америкадагы экономикалык кризис, Американын ичиндеги саясий, социалдык кризис, Барак Обама жана анын командасы канчалык сыйкырдуудай саясат жасаса дагы оңой менен бул саздан чыгуу мүмкүн эмес деп айтып атышат. Сиз мындай ойго кошуласызбы?

- Мен мындай ойго кошулам, себеби бул объективдүү нерселер. Чынында эле Барак Обама сыйкырчы эмес да. Ошон үчүн дүйнө жүзү боюнча чоң кризис болуп жаткандан кийин албетте ушул абалдан кайра чыгыш бир топ жумуш иштөөнү, бир топ абадан керектүү чараларды колдонууну талап кылат.

- Американын жаңы өкмөтү Кыргызстанга кандай саясат жүргүзүшү керек деп ойлойсуз?

- Менин оюмча кылымдардан бери Американын эли, Американын мамлекети ар дайым тууну бийик көтөрүп келаткан түшүнүктөрү бар, демократия, адам укуктары деген. Бир гана ушул көз караш менен алдыга жылышы керек алар. Мындан ары дагы ушул гана түшүнүктөр менен биринчи иретте алдыга жылышы керек болот жана биз менен дагы ушул суроолорду алдыга коюп туруп, ошонун негизинде өзүлөрүнүн биз менен болгон карым-катышын алдыга жылдырышы туура болот го.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG