Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:54

АКШ: Каганга ким кандай карайт?


Президент Барак Обама Жогорку соттун мүчөлүгүнө Елена Каганды талапкер кылып көрсөттү. Анын кандидатурасын сенат тастыкташы керек.
Президент Барак Обама Жогорку соттун мүчөлүгүнө Елена Каганды талапкер кылып көрсөттү. Анын кандидатурасын сенат тастыкташы керек.

АКШ президенти Барак Обама Жогорку соттун мүчөлүгүнө юстиция министринин орунбасары Елена Каганды сунуш кылды. Бул чечим сенаттын макулдугунан өтүшү керек. Сенаторлор арасында Каганга ар кандай көз караштар бар.

Республикалык партиянын өкүлдөрү дароо эле эскертишти: Каган сот тармагында тийип-качып, жардамчынын деңгээлиндеги кызматтарда гана иштеген, ошондуктан анын кандидатурасын дароо колдоп берет деп Ак үй анчейин деле үмүт кылбашы керек.

Демократ-сенаторлор президент сунуш кылган кандидатураны кубаттап кабыл алышты.

Жогорку соттун ветеран мүчөсү, бири кем токсонго чыккан судья Жон Пол Стивенс быйыл жайда пенсияга кеткени жатат. Ошондуктан анын ордуна президент Барак Обамага өз талапкерин сунуш кылганга туура келди.

50 жаштагы Елена Каганды Ак үйдө Обама "жакын досу" катары тааныштырды.

"Еленаны көбү укук маселелери боюнча биздин өлкөдөгү эң ири адистердин бири деп эсептейт. Ал конституциялык укуктун тишин чаккан илимпоз-юрист. Учурунда Ак үйдө кеңешчинин кызматында турган, өмүр бою коомдук чөйрөдө иштеген, бийликтин үч тарамынын ортосундагы байланыштарды жана чек араларды терең билген билимгөйлүгү менен таанылган. Мындан тышкары ал жаңычыл лидер, Гарвард университетинде юриспруденция факултетинин деканы болууга жетишкен биринчи юрист-аял",-деп сыпаттады өз талапкерин Обама.

Каган эч качан судья болгон эмес. Университетти бүткөн соң Аппеляциялык, андан соң Жогорку соттогу таанымал судьялардын жардамчысы болуп иштеген. Көп жылын Гарвард университетинде илимий жана мугалимдик иштер менен арпалышып жүрүп өткөргөн.

Быйыл жазда юстиция министринин орунбасарлыгына дайындалган, сенаттан шыдыр өткөн. Кагандын азыркы кызматы "башкы солиситор" деп аталат, башкача айтканда, өкмөттүн Жогорку соттогу өкүлү болуп саналат.

"Акыркы кезде башкы солиситор болуп иштеп, биздин өлкөдөгү конституциялык демократиядагы Жогорку Соттун ролун мурдагыдан да терең жана кеңири түшүндүм, бул органга ого бетер урматым артылды. Сот ашкере маанидеги мекемеге кирет, өз иши менен ал америка элине өтө көп нерсе жасап жатат",-деп айтты Каган өзү.

Жалпы маселелер чөйрөсүндө Каганды көз карашы жагынан либерал дешет. Бирок ал консерваторлор менен да кызматташкан. Айрыкча мамлекеттик сырларды коргоо, аскери трибуналдарды уюштуруу маселелеринде мурдагы президент Жорж Буштун саясатын колдоп, либералдардын токонаалат сөздөрүнө калган. Ал эми окшош жыныстар ортосундагы никени жактаган позициясы үчүн республикалык партиянын көп мүчөлөрүнөн акаарат уккан.

Каган сенаттын колдоосунан өтүш үчүн 60 добуш керек. Демократтардын 59 добушу бар, андыктан республикачыл сенаторлор арасынан Каганды жактаган бирин-экин киши табылышы толук ыктымал. Кокус иш оңдой берди болсо, анда Каган Жогорку Соттогу эки судья-аялдын санын толуктап, алардын үчүнчүсү болуп калат. Мындай учур АКШнын тарыхында буга чейин болгон эмес.

XS
SM
MD
LG