Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Президент Ющенконун "вендеттасы"


Украина. Шайлоо мыйзамын өзгөртүү Виктор Януковичтин президент болуу мүмкүнчүлүгүн көбөйттү.
Украина. Шайлоо мыйзамын өзгөртүү Виктор Януковичтин президент болуу мүмкүнчүлүгүн көбөйттү.

Украинадагы президенттик кайра шайлоонун чечүүчү экинчи айлампасына эки күн калганда “Президентти шайлоо жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизилди.

Мындай жарлыкка президент Виктор Ющенко бейшемби күнү кол койду. Эми добуштарды бекитүү үчүн шайлоо комиссиясына кворумдун зарылдыгы жок. Президенттикке талапкер Юлия Тимошенко мыйзамды өзгөртүү анын атаандашына добуштарды
Украина. Юлия Тимошенко 7-январдагы кайра шайлоодон кийин жаңы ынкылапты уюштура алары күмөндүү.
бурмалоого жол ачарын айтып, эгер эл жекшемби күнү болчу шайлоону калыс өтпөдү деп тапса, жабыла көчө жүрүшкө чыгууга үндөдү.

Оболу парламенттик партиялар Тимошенконун жолун бууду

Мурдакы мыйзам боюнча, шайлоо комиссиясы паритеттик негизде түзүлүп, мүчөлөрүнүн экиден үчү катышкан учурда гана бүтүм чыгара алчу. Эски жобону өзгөртүүнүн демилгечиси-президенттикке талапкер Виктор Януковичтин Региондор партиясы болду. Эгерде кворум сакталса, Юлия Тимошенконун блогунун өкүлдөрү шайлоокомдун жыйынына келбей оюн көрсөтөт, деп түшүндүрүштү мыйзамды өзгөртүүнүн зарылдыгын Региондор партиясы.

Мыйзамды өзгөртүүнү президент Виктор Ющенконун “Биздин Украина” партиясы менен коммунисттер фракциясы колдогон.

Юлия Тимошенко бейшемби күнкү пресс-конференцияда шайлоо жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүүнү-Украинадагы “ демократиянын өлүмү” деп атады. Анын сөзүнчө, парламент мыйзам долбоорун тийиштүү комитетте укпай туруп бекитип, мыйзам жолоюн “орой бузган”:

-Бул мыйзам добуш берүүгө эки күн калганда чоң айлакерлик менен өткөрүлүп, шайлоону башкаруунун эрежелери толук өзгөртүлдү. Бул добуштарды кеңири бурмалоого түз жол ачты.

Тимошенконун айтымында, жаңы мыйзам Региондор партиясы контролдогон аймактарда каалаган байкоочуларды алмаштырып,
Донецк шаарындагы Янукович үчүн добуш берүүгө чакырган тасма.
ордуна өз адамдарын дайындоону мүмкүн кылат.

Эски ынагына "матты" президент Ющенко өзү койду

Президенттин басма сөз катчысы Ирина Ванникова Виктор Ющенконун кадамын актап: “Президенттик шайлоо үзгүлтүккө учуроо коркунучу алдында тургандыктан, Укриана президенти Виктор Ющенко “Президенттик шайлоо жөнүндө” мыйзамга парламент киргизген түзөтүүлөрдү бекитип, колун койду”, деп билдирди.

Юлия Тимошенко эл аралык коомчулукка жана ЕККУга кайрылып, жаңы мыйзамды сындаганга чакырды.

Эл аралык байкоочулар, анын катарында ЕККУнун өкүлдөрү шайлоонун 17-январдагы биринчи туру калыс өткөнүн жана административдик ресурстар колдонулбаганын айтып, мыйзамды өзгөртпөөгө чакырган. Ошон үчүн бейшемби күнү ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын байланыштар боюнча директору Клас Бергман алардын миссиясы экинчи айлампанын алдында шайлоо эрежесин өзгөртпөө маанилүү экенине көңүл бурду.

Талдоочулардын баамында, президенттике талапкер арасындагы айтыш аларга жан тарткан өкмөттүк мекемелер менен ырасмий адамдардын эрөөлүнө айланып кетиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG