Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:09

Кучма: Тимошенко-Янукович Украинага саясый стабилдүүлүк алып келбейт


Украинанын президенти Леонид Кучма. 2004
Украинанын президенти Леонид Кучма. 2004

Украин бийликтери өлкөнү далыдан басып, жерге ныкырган проблемаларды жөндөөгө кудуретсиз болууда. Бул экс-президент Леонид Кучманын пикири.

Украинын мурдакы президенти Леонид Кучма “Азаттык” радиосуна берген интервьюда, жаңы саясатчылар келбесе, 2004-жылкы саргылтым ыңкылаптан кийин эл ичинде пайда болгон ажырым бүтөлбөсүн айтты.

Кучма: Жаңы саясатчылар келиш керек...


Өлкөдөгү бийликтин бир да бутагынын:
президенттин да, өкмөттүн да, парламенттин да эл ичинде кадыр-баркы жок болгонуна украиндер уялыш керек.
Леонид Кучма
Президенттикке талапкер Юлия Тимошенко үчүн добуш берүүгө чакырган плакат. Киев. 1-февраль 2010
Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 7-февралда болот. Леонид Кучманын пикиринче, шайлоодо не премьер-министр Юлия Тимошенко, не оппозиция лидери Виктор Янукович жеңбесин, бийлик улутту көйгөгө салган проблемаларды жөндөй албайт:

-Бизге жаңы саясатчылар керек экени талашсыз. Шайлоодо ким жеңбесин, Украинага саясый стабилдүүлүктү алып келбеси же экономикалык проблемаларды чече албасы анык.

Кучманын айтышынча, 2004-жылкы саргылтым ынкылап учурунда берилген убада сөздөр аткарылган жок жана эл азыр саясатчыларга ишенбейт. Ал үчүн Кучма ынкылап учурунда ынтымакташ болуп, кийин элдешкис душманга айланган президент Ви́ктор Ю́щенко менен премьер-министр Юлия Тимошенкону күнөөлөйт. Алар өткөн беш жылда “өз ара иштешендин ордуна бийлик укуктарын кеңейтүү үчүн тытышып отуруп,” бийликтин кадыры качты, дейт
Президенттикке талапкер Виктор Януковичтин сүрөтү түшүрүлгөн палкат. Киев. 1-февраль 2010
Леонид Кучма:

-Өлкөдөгү бийликтин бир да бутагынын: президенттин да, өкмөттүн да, парламенттин да эл ичинде кадыры жок болгонуна украиндер уялыш керек.


Кучма 1994-жылы президент шайланып, бийлик башында он жыл отурган. Анын жетеги астында жүргүзүлгөн реформа Украинанын экономикасын туруктуу нукка салган. Бирок Кучма коррупциянын жайылышына, эркин басма сөздү муунтууга, ошондой эле оппозициячыл журналист Георгий Гонгадзенин өлүмү үчүн жооптуу, деп күнөөлөнүп жүрөт.

Кучма жана Ю́щенко: тышкы саясаттагы айырма

Кучма мураскери катары тандаган Янукович добуштарды бурмалады деп айыпталып, жумалап созулган көчө толкундоолорунун натыйжасында бийликке Виктор Ю́щенко келет. Ал Украинанын НАТО жана Евробиримдикке кошулуусуна зарыл реформаларды аягына чыгара албады. Акыркы беш жылда украин тилдүү батыш региондор менен орус тилдүү облустар арасындагы жик тереңдеди. Кучма жиктешүү үчүн күнөөнү Ю́щенкого жүктөдү:

Президент Виктор Ющенко жана премьер-министр Юлия Тимошенко. Киев. 29-январь 2010
-Мен президент кезде Украина Батыш-Чыгыш болуп бөлүнгөнүн сезбедим. Тескерисинче, биз бири бирибизди түшүнө баштаганбыз деп ойлойм. Бирок 2004-жылкы президенттик шайлоо өлкөнү экиге бөлдү. Менимче, ошол бойдон абал өзгөрбөдү. Бүгүн Тимошенкону Батышта көп колдошсо, Януковичти колдоочулардун көбү Чыгышта.


Леонид Кучма эгер Киев Москва менен жакын болсо, Украина Россиядагыдай авторитардык саясый моделди карманууга мажбур болот деген пикирге кошулбайт:

-Мындай көз карашты такыр негизсиз деп эсептейм. Украина Россия эмес, биздин элдин менталитети бөлөк. Бизде “эки украинге үч гетман бар”. Бизде бийликтин ар бир деңгээлинде күрөш жүрүп турат. Бизде андай коркунуч жок деп ойлойм. Анткени, биздеги парламенттик-президенттик модель өлкөнү диктаторлуктан сактап турат.

Кучманын айтымында, ал Виктор Ю́щенко сыяктуу дон айрымаланып, президент кезинде “көп багыттуу” тышкы саясатты жүргүзүп, Россия жана Батыш менен жакшы мамиле күтүүгө умтулган. Ю́щенко Россияны назарга илбей, Батыш менен гана алака жүргүзмөк болду. Бул, экс-президент Леонид Кучманын баамында, Москванын каршы аракетин жараткан.

XS
SM
MD
LG