Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:20

Медведевдин таскагы, Путиндин каскагы


Президент Путин жана премьер-министр Путин. Июнь 2008
Президент Путин жана премьер-министр Путин. Июнь 2008

Президент Дмитрий Медведев өлкөнүн саясый элитасына жасаган жылдык кайрылуусунда Россияны модернизациялап, кубатуу державага айлантууга үндөдү.

Кремль сарайынын алтын санжыргалуу Георгиев залында жасаган жылдык кайрылуусунда президент Медведев эски советтик жетекчилерчесинен мамлекетти саясый-экономикалык жактан реформалоонун ар бир деталына жайма-жай токтолуп, Россияны

“Forbes” журналы жарыялаган дүйнөнүн таасирлүү саясатчыларынын тизмесинде Путин үчүнчү, вице-премьер Сечин кырк экинчи, президент Медведев кырк үчүнчү орунда турат.

Милиционер Дмитрий Медведевдин кайрылуусун сыналгыдан көрүүдө. Москва. 12-ноябрь 2009
советтик жолой менен реформалоо зарылдыгына кайра-кайра көңүл бурду:

-Өлкөнүн аброю жана улуттун жыргалчылыгы дайыма эле өткөндөгү жетишкендиктерге таяна албайт. Мамлекеттик бюджеттин барандуу бөлүгүн берген мунай-газ инфраструктурасы, коопсуздугубуздун кепилдиги болгон ядролук куралдар, өнөр жай жана социалдык инфраструктура - мунун дээрлик баарын советтик адистер курган.

Медведев агрардык өлкөнү кубатуу индустриалдык державага айланткан советтик программага жогору баасын берүү менен тоталитаризм астында Москва дүйнөлүк атаандаштыкка жарабай калганын, ошон үчүн “Россияны өнүгүүнүн жаңы баскычына көтөрчү мезгил келгенин” айтты. Модернизациялоонун жаңы планы, анын сөзүнчө, “демократия баалуулуктарына” негизделет:

-Көсөмдөр ар ким үчүн ойлонгон жана чечим жасаган эски архаикалык коомдун ордуна биз акылдуу, эркин жана жоопкерчиликтүү адамдардын коомун курабыз.

Дмитрий Медведев бир жарым сааттык сөзүндө реформа жүргүзүлчү тармактардын узун тизмесин атап, заман талабынан озгон
Улуу Октябрь Социалисттик Революциясынын 92-жылдыгына карата Санк- Петербургда өткөн парад. 8-ноябрь 2009
медицина, энергия, космостук жана маалымат технологиясынын өнөр жайын түзүүгө чакырды. Анткени “өлкөнүн келечеги ушул тармактарга көз каранды” деп ишенет Медведев.
АКШнын вице-президенти Ричард Никсонго (солдо) СССРдин лидери Никита Хрущев алкан чабууда. Москва. ВДНХ. 27-июль 1959


Ал Россиядагы убакыттын 11 алкагын кыскартууга, мамлекеттик ири корпорациялардын экономикадагы ролун азайтууга, болбосо реформалоого да үндөдү. Килейген өкмөттүк корпорациялар Владимир Путин президент кезде пайда болгон.

Серепчилер Медведевдин эртелеп добуш берүүнү жана бурмалоолорду болтурбоо үчүн шайлоо системасын реформалоого чакырганын оң жышаан деп баалашты. Октябрда Россияда болгон регионалдык шайлоолор одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн саясатчылар да маалымат каражаттары да катуу сындашкан.

Президент Медведев канчалык масштабдуу жана негиздүү сүйлөбөсүн көпчүлүк россиялыктар бийликтин туткасы премьер-министр Путиндин колунда деп ойлошот. Себеби өкмөттөгү, президенттик администрациядагы, атүгүл президенттин коопсуздук кызматындагы маанилүү орундарда Путинге ишенимдүү адамдар отурат.

Кошмо Штаттарда чыкчу “Forbes” журналы 11-ноябрда жарыялаган дүйнөнүн таасирлүү саясатчыларынын тизмесинде Владимир Путин үчүнчү, вице-премьер Игорь Сечин кырк экинчи, президент Медведев кырк үчүнчү орунда турат. Москванын “Независимая газетасы” жарыялаган рейтингде да береги экөө Дмитрий Медведевден алдыга кеткен. Ошондуктан, кээ бир талдоочулар Медведевдин либералдуу маанайдагы кайрылуусун серепчилердин көзүнө “чөп салуу” аракети катары көрүшөт.

XS
SM
MD
LG