Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

Ыраатуу экономикалык өсүш жана бейпил турмуш коомдо өзүнө ток орто катмарды жаратары тарыхтан маалым.

Мурдакы советтик республикаларда акыркы 15-20 жылда жаңы соода классы пайда болду. Бул жаңыдан кубатына толуп бараткан Кытай менен Индияга да таандык көрүнүш. Бул жаңы тап ата журтунда стабилдүүлүктү камсыздаган авторитардык режимди жактайбы же демократиянын кеңейүүсү үчүнбү?


Жаңы тап экономикалык өсүүнүн жемиши

Өнүгүп бараткан өлкөлөрдөгү орто тап-жергиликтүү стандарт менен алганда кирешелеринин үчтөн бирин өздөрү каалагандай чыгымдашат. Алар тапкан маянасын күнүмдүк тиричиликке эптеп жеткирген көпчүлүктөн ушунусу менен өзгөчөлөнүшөт. Бул жаңы классты "The Economist" журналынын редактору Жон Паркер мындайча сыпаттайт:

- Алар күнүнө 2 доллардан 10 долларга чейин табышат. Андай адамдардын саны 2,5 миллиард же капитализм түптөлүп бараткан өлкөлөрдүн калкынын теңинен көбүн түзөт. Алар Батыштын стандарты боюнча орто тап боло албайт. Бирок аларды өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн орто катмары дээр элем.

Орто тап, Паркердин айтышынча, 1990-жылы өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн элинин үчтөн бирин түзсө, азыр көпчүлүк өлкөлөрдө элдин жарымынан көбүн түзөт. Болочокто берегидей буржуйлардын саны дагы өсөт дешет эксперттер.

Жаңы тап демократиялык баалуулуктар үчүн умтулабы же салыштырмалуу туруктуу өсүүнү камсыздаган авторитардык бийликтерди колдойбу? Бул маанилүү суроо. Анткени Батыш өлкөлөрүнүн, ошондой эле кээ бир жаңы өнүгүү жолуна түшкөн мамлекеттердин тарыхынан улуттук буржуазия демократия үчүн күрөштүн башында турганы маалым.

Евразия: Эмне үчүн орто тап Батыштагыдай альтруист эмес?

Көпчүлүк байкоочулардын ырасташынча, 70 жыл коммунисттик бийлик астында болуп, акыркы жылдары түрдүү ыңкылапты же согушту баштан кечирген постсоветтик Евразиянын жаңы буржуйлары Батыштын орто классы сыңары дөөлөтүн курмандыкка чалгандай альтруист эмес. Алар баарынан да финансылык коопсуздугун биринчи орунга коюшат.

Орусияда 1990-жылдардын экинчи жарымында соопкерчилик уюмдары эсепсиз көп пайда болгон. Бирок Путин президент кезинде өкмөт өз букаралары үчүн кам көрөт деп, бейөкмөт уюмдар Батыш менен байланышкан деп шектелип, алар катуу контролго алынган. Анын натыйжасында алар акырындап жок болууда жана мурдакыдай активдүү эмес. Ошол эле мезгилде Орусияда акыркы сегиз жылда 800 миң бюрократ-чиновник пайда болгон. Бул, Мамдуманын төрагасы Грызовдун сөзүнчө, совет заманындагыдан бир кыйла көп.


Авторитаризм демократияга ат салууда

Серепчилердин айтышынча, табигый байлыктарды жана маанилүү бийлик бутактарын бекем контролдогон авторитардык режимдер демократияга жана эркин экономикага чабуул коюп, коркунуч туудурууда. Же британиялык жазуучу жана тарыхчы Тимоти Гартон Эштин сөзүнчө:

- Менин байкашымча, 1989-жылдан бери биринчи жолу демократиялык капитализм Россия же Кытайдагы авторитаризмдин туундууларынын атаандаштыгына кез келди. Алар Батыштын эли үчүн кызыксыз, бирок өнүгүү жолундагы көп өлкөлөрдүн элин өзүнө тартууда.

Бирок сурамжылоолорго караганда, өнүгүп бараткан өлкөлөрдө жарандардын эркиндигин сыйлаган Батыш өлкөлөрүндөгүдөй демократиялуу коомду каалагандар көп. Себеби орто таптын ыкласы менен курулган бул коом дүйнөнүн эң эркин жана өнүккөн бөлүгү.

XS
SM
MD
LG