Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:05

Постсоветтик орто тап: эркиндиктен байлык артык


Украина -- Жогорку тап шайлоо алдында калктын турмушун жакшыртканга убада берип жаткан кезде үстүндө үйү, табагында ашы жок катмардын өкүлдөрү Лвов шаарында коомдук ашканадан кезерип тамак күтүп отурушат.

Украина -- Жогорку тап шайлоо алдында калктын турмушун жакшыртканга убада берип жаткан кезде үстүндө үйү, табагында ашы жок катмардын өкүлдөрү Лвов шаарында коомдук ашканадан кезерип тамак күтүп отурушат.

Эски совет өлкөлөрүндө тапкан кирешеси, билим деңгээли жагынан өздөрүн орто тапка кошкон адамдар арбын. Бирок алар социалдык катмар катары жаңы каймакталып келатат. Ошол себептен Батыштагы орто таптан кыйла айырмаланат.

Батышта "орто тап" деп адатта өз бөгүн өзү бөктөгөн, кыргыздар айткандай, канга салам бербеген, ошол себептүү саясий жактан эркин катмардын өкүлдөрүн айтышат. Алардын арасында ишкерлер, акыл эмгеги менен жан баккандар, кесипкөй адистер бар.

Экс-совет өлкөлөрүндө өздөрүн орто тап эсептегендер мындай күчкө айлана элек, атүгүл жалпы социалдык идеалдары, принциптери жагынан деле ичтен ыдырап, өз ара жиктелип турушат. Муну шарттаган көп себептер бар.

Ободой куруткан абал

Маселен, Молдовадагы абалга кайрылсак, врачтар менен мугалимдерди билим деңгээли бу жерде жагынан орто тап өкүлдөрү эсептешет, иш жүзүндө алар жакыр катмарга кошулат. Өкмөт аларга жалчыбаган жалыйна төлөйт, аргасыздан пара алганга, кылган кызматы үчүн "шапке" сураганга мажбур болушат.

Медицина доктору Валеру Урсу ушул себептен улам врачтыгын таштап, бизнес кылганга өттү.

"Балакет-балээнин баары айлык акынын өп-чаптыгынан чыгып жатат, медицина чөйрөсүн каптаган коррупция менен паракорлуктан чыныгы абалдын бир четин гана көрсө болот, калганы бүт көмүскөдө былгып жатат", - дейт ал.

Врачтарга чындап келгенде ноокастардын ыраазылык билдирген белек-бечкектерине үмүт кылганга, ошонун аркасында күн көргөнгө туура келет. Оору-сыркоо кишилер болсо адатта как айыгып кеткени акча аянбайт, ободою куруган айрым дарыгерлер ушундан пайдаланат.

Молдовада эмгекке жарамдуу жалпы калктын 16-27 проценти ушу тапта чет жактарда иштейт.

Өлчөөсүз салыктын салакасы

Арменияда бизнес кылган майда ишкерлердин көбү Россияда чакан күркө-дүкөн кармап, оокат кылышууда. Аларды негизинен буга өлкөдөгү салыктардын өтө эле жогору чекке жеткен өлчөмү мажбур кылууда. Анын үстүнө ири иштердин баары өкмөттөгүлөр менен аларды жактагандардын колунда.

"Борборлошкон пландуу чарбадан рынок экономикасына өтүү узакка созула турган процесс", - дейт Эл аралык валюта фондусунун Армениядагы туруктуу өкүлү Ниенке Умс.

Умс өткөн он жылда Арменияда бир топ кадамдар жасалды, бирок дагы өтө көп иштерди жасоо керек деп эсептейт. Экономиканын дээрлик бардык тармактарында атаандаш ишканалар жок, алардын көбүндө ирилешкен бир же эки эле компания үстөмдүк кылат. Мындай шартта өлкөдө орто тапты өнүктүрүү өтө кыйын болот.


Бийлик таптаган тап

Ал эми Азербайжан менен Казакстан сыяктуу мунайга жана газга бай өлкөлөрдө экономика жалаң башкаруучу элитанын көзөмөлүндө турат. Ушул жагдайдын өзү көз карандысыздыкка умтулган орто таптын дымагын ооздуктоо үчүн табылгыс курал болуп калды.

Азербайжанда, маселен, мунай байлыгы мамлекеттик монополияга берилип, аларды болсо президенттин жакын жек-жааты, айрым учурларды алыс туугандары көзөмөлдөйт. Ошондон улам өлкөдө өңчөй бийликтин көзүн караган орто катмар түзүлдү. Өз алдынча иш кылып, көз карандысыз болгусу келгендер бат эле чалмага илинет.

Өлкөдөгү режимге өтө зарыл болгон стабилдүүлүктү сактоо үчүн өкмөт сот, прокуратура жана полиция органдарына жылына эки эсе көп каражат сарп кылат. Быйыл эле аларда орточо айлык акы төрт процентке жогорулатылды, ал эми мугалимдердин маянасы беш процентке төмөндөдү.

"Улуттук акчаны ушундай усулда үлөштүрүү жеткен адилетсиздик, - деп айтты "Азаттыктын" кабарчысына Бакудагы орто мектепте мугалим болуп иштеген Арзу Гусейнова. - Бизде мугалимдер эптеп эле өлбөстүн күнүн көрүп калышты, ал эми полициянын маянасын жыл сайын көтөрүп турушат".

Жергиликтүү байкоочулардын айтымында, орто таптын өнүгүшүнө азыркы режим дегеле кызыкдар эмес. Эгер мындай катмар калың тартып кетсе, анда ал эркиндик, демократия талап кылып, социалдык өзгөрүүлөрдүн туусу башка күчтөрдүн колуна өтүп кетет деп чочулайт.

Тетири үйүт тез жугат

Азербайжан менен Казакстандын өрнөгү башка өлкөлөргө да жайыла баштады. Бийликке кыр көрсөткөн же оппозиция менен кызматташкан ишкерлердин көбүнө жасалма кылмыш иштери ачылып, түрмөгө салынат. Калгандары капиталын башка жактарга которуп,чет өлкөлөргө кеткенге аргасыз болушат.

Жекече иш ачып, тынч оокат кылуу үчүн бийликтин жактоочусу же бери эле дегенде саясаттан окчун болуу керек.

Айрым эксперттер кээ бир экс-совет өлкөлөрүндө, мисалы, Түркмөнстан менен Өзбекстанда орто тап али калыптана элек дешет.

Ал эми калгандарында жалпы жарандык эркиндиктен же демократиядан көрө эптеп жыйып-тапкан капиталын сактап калууну эш көргөн гана катмар бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG