Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40

Арктиканын байлыгы ири өлкөлөрдү кызыктырат


Арктика – талаштуу аймак” деген аталышта эл аралык жыйындан бир көрүнүш.

Арктика – талаштуу аймак” деген аталышта эл аралык жыйындан бир көрүнүш.

22-сентябрда Москвада Орусиянын Географиялык коому уюштурган “Арктика – талаштуу аймак” деген аталышта эл аралык жыйын ачылды. Анда башкы маселе – Арктикага болгон эл аралык кызыгуу, анын табигый байлыгы жана экологиялык маселелер болмокчу.

Иши эки күнгө созулчу жыйынга Орусиянын премьер-министри Владимир Путин, Исландия президенти Олафур Гримссон, Монако башында турган князь Альберт Экинчи, Норвегия жана Дания канзаадалары катышууда.

Окумуштуулардын такташынча, Арктикада Ала-Тоо чокусундагы көк мөңгүдөй түбөлүк жатчу зоо муздар эрип атат. Ал бери дегенде 2030-жылдары толугу менен эрип, сууга айланат. Аба-ырайы менен бирге ал аймакта айлана чөйрө, жергиликтүү калктын турмушу да өзгөрөт. Ошондой келечекти утурлап, геосаясат жандана баштаган.

АКШ, Орусия, Канада, Дания, Норвегия, Финляндия, Исландия, Швеция бул маселени чечүү үчүн билек түрүнө киришти. Буга чейин 2009-жылы Вашингтондо “Арктиканы башкаруу жана анын жанындагы өлкөлөр менен кызматташуу” деп аталган конференция өткөн. Атаандашып жаткан мамлекеттерге Кытай, Польша, Испания, Италия жана башкалар кирет. 1996-жылы түзүлгөн (АС) Арктикалык кеңеш уюмга мүчө 8 мамлекеттен тышкары дайыма байкоо салып, жыйындарга катышып келет.

Адегенде арктикалык жээктин кайсы жери кайсы өлкөгө таандык экенин тактап алуу зарыл болгонун Географиялык институттун жетекчилеринин бири Аркадий Тишков айтты.

Түндүк муз мухитине ыктап жаткан АКШ, Канада, Дания, Норвегия жана Орусия Арктика байлыгын ачууга акылуу деген түшүнүк бар. Бирок 2008-2009-жылдары өткөн талаш-тартыштан соң Арктиканын табигый байлыгын талашууга укугу бар экендигин далилдөөгө аракет кылган 20дан ашуун өлкө чыккан. Алардын бири – Кытай.

Арктика мейкиндигин өздөштүрүүдө айлана чөйрөнү булгоо азыркыдан алда канча арбын болорун “Гринпис” кыймылынын жетекчилеринин бири Владимир Чупров айтат:

- Азыркы тапта Ханты-Манты аймагы, Коми жумурият жана Сахалинде үйүлгөн таштандылар эми Арктикада пайда болот.

Арктикалык кеңеш уюмуна мүчө өлкөлөр көп тараптуу кызматташтык келишимине 2011-жылы жетишмекчи. Бирок эки тараптуу да келишимдер пайда болууда. Маселен, үстүдөгү жылдын 15-сентябрында Орусия менен Норвегия “Түндүк муз мухити жана Баренц деңизи үстүндө аймактарда кызматташууну чектөө туралуу” келишимге кол коюшту.

“Жапайы табият” институту Түндүк муз мухитин эми булганарын, аны бийлик эске алганга дейре арктикалык долбоорго мораторий жарыялоо керектигин айтып келет. Институттун жетекчиси Александр Шестаков “Арктиканы ири деңгээлде өздөштүрө баштаганга дейре бийлик аны ар тараптан карап, айлана чөйрөнү коргоого чындап киришмейин биз мораторий жарыялоо үчүн кол көтөрөбүз” деп белгиледи.

Окумуштуулардын эсебине ылайык, Арктика суу тереңинде жаткан көгүлтүр отун жана кара май дегеле дүйнөлүк запастын 20 пайызын түзөт. Бир эле кара майдын көлөмү азыр Сауд Арабиянын запасына тең келет.
XS
SM
MD
LG