Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:43

Активисттердин иши: Исаков үй камагына чыгып, Төрөкулова кайра камалды


Гүлжигит Исаков, Зарина Төрөкулова.
Гүлжигит Исаков, Зарина Төрөкулова.

Бишкекте активист Зарина Төрөкулова кайра камалып, тогуз айдан бери абакта жаткан Гүлжигит Исаков үй камагына чыкты.

Бишкек шаардык соту 5-апрелде былтыр “жапырт башаламандыкка” шек саналып камалган жарандык активист Зарина Төрөкуловага берилген пробациялык мөөнөттү жокко чыгарып, беш жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды. Ушул эле күнү “Бийликти күч менен басып алууга чакырык” деген айып менен кармалып, тогуз айдан бери тергөө абагында отурган активист Гүлжигит Исаков үй камагына чыкканы белгилүү болду. Булар социалдык тармактагы билдирүүлөрү үчүн кооптуу беренелер менен кармалган жалгыз активисттер эмес.

"Репост үчүн камалып отурат"

Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл январь айында Зарина Төрөкулованы беш жылга эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен абактан бошоткон.

5-апрелде активисттин жактоочусу Акмат Алагушев “шаардык сот Биринчи май райондук прокуратурасынын арызынын негизинде Төрөкуловага берилген пробациялык мөөнөттү жокко чыгарып, калган беш жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырганын, Төрөкулова сот залынан камакка алынганын” кабарлады.

Алагушев “Азаттыкка” Зарина Төрөкулованын пробациялык мөөнөтүн жокко чыгаруу тез арада, “апелляциялык арыз берүүгө жол берген 30 күндүк мөөнөт өтүп кеткенден кийин, 31-күнү өтүнүч кат менен кайра каралганын” айтты:

Акмат Алагушев
Акмат Алагушев

“Эки репост үчүн эле болуп жатат. Бирөөсү Олжобай Шакирдин видеосу. Олжобай Шакир өзү ал видеосу боюнча дагы деле соттоло элек. Айыпталуучу болуп турат, өкүм чыга элек. Видеосун бөлүштү деп башканы соттоп коюшту. Апелляциялык чечим кыска-нуска, эч кандай негиздемеси жок. Себебин, эмнеге мындай болгонун чечмелеп жазыш керек эле да. Эч нерсе жок, "пробациялык беренелерин алып койгула" деген үч сап сүйлөмдү жазып коюшкан”.

Сот чечими боюнча Бишкек шаардык соту маалымат бере элек.

Атайын кызмат Зарина Төрөкулова “жапырт башаламандыкка” шек саналып камалганын былтыр 11-сентябрда билдирген. Активист "социалдык тармактарда “чагымчыл” билдирүүлөрдү жасаган" деп айыпталып, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен иш козголгон.

Буга чейинки сотто айыптоочу Зарина Төрөкулова Фейсбуктагы “Умай Аруу” аттуу аккаунттан эки маалымат бөлүшкөнүн айткан. Анын бири - “Жапаров мафия”, экинчиси - "Онлайн митинг уюштурабыз" деген билдирүү. Бул материалдарга байланыштуу экспертиза жүргүзүлгөн.

47 жаштагы Зарина Төрөкулова сотто “Азаттыктын” суроосуна кыскача жооп берген учурда бул иштерди "саясий буюртма” катары баалаган.

Юрист Нурбек Токтакунов чечимдер негизсиз өзгөргөн мындай учурлардын көбөйүшүнө соттордун арбитрдик милдетинен алыстап, саясатташып кеткени себеп деген пикирде:

Нурбек Токтакунов
Нурбек Токтакунов

“Сот атаандаша турган аянтча болушу керек. Айыптоочулар менен жактоочулар логиканын негизинде иштеши керек. Сот болсо арбитр катары кайсы тарап күчтүү болсо, ошого жараша чечим чыгарышы керек. Бул жерде буйрук гана бар. Соттор логикага таянбай эле, буйрукту аткара берет. Таптаза саясат болуп калды”.

"Бир нече өтүнүчтөн кийин үй камагына чыкты"

Ал арада “бийликти күч менен басып алуу аракетин көргөн” деген айып менен кармалып, тогуз айдан бери тергөө абагында отурган активист Гүлжигит Исаков 5-апрелде үй камагына чыкты. Активисттин бир тууган агасы Асылбек Исаков анын саламаттыгы начарлап жатканына байланыштуу үй камагына чыгарылганын билдирди:

“Ден соолугуна байланыштуу болду. Күздөн бери эле өтүнүч келтирип келгенбиз. Буга чейин четке кагып келишти. Кечээ канааттандырышып, үй камагына чыгаруу чечимин чыгарышты. Териштирүү иши боюнча айтсам, адвокатынын айтканына караганда лингвистикалык экспертиза чийки. Анын үстүнө иш жашыруун болгондуктан, үстүртөн гана билебиз”.

Гүлжигит Исаковду былтыр 5-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып менен камакка алган. Аны менен кошо "Элдик кеңеш" партиясынын жетекчиси Роза Нурматова, жогорку окуу жайлардын биринин мугалими Чолпонбек Сыдыкбаев да кармалган.

Гүлжигит Исаков Фейсбуктагы баракчасында бийликти байма-бай сындап келген. Ал кыргыз-өзбек чек ара келишими, салык саясаты, коррупция менен күрөшүү сыяктуу маселелерде ой-пикирлери менен бөлүшүп турган.

Эркин пикир айткандар үчүн кооптуу беренелер

Кыргызстанда социалдык тармактагы билдирүүлөрү үчүн саясатчылар, активисттер, блогерлер буга чейин да сот жообуна тартылып, аларга негизинен Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар”, “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен иш козголуп келет.

Адвокат Акмат Алагушев мыйзам боюнча мындай берене менен жаранды жазага тартуу үчүн кылмыштын окуясы болушу керектигин айтып, азыр болуп жаткан көрүнүштү “абсурд” деп атады:

“Бул берене менен айыпталуучуну күнөөлүү деп табыш үчүн чын эле кандайдыр бир жапырт башаламандыктар болушу керек. Бизде эмне жөнүндө болуп атат? Кылмыштын окуясы жок болсо кайдагы башаламандык? Абсурд мына ушунда болуп жатпайбы?!”.

Ал эми журналист Аскер Сакыбаева оюн ачык билдирген жарандарды мындай оор беренелер менен камай берүү өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына терс таасирин тийгизет деген ойдо:

Аскер Сакыбаева
Аскер Сакыбаева

“Акыркы кезде баарына көз салып, караганга убакыт жетпей баратат. Себеби, камалгандар көп, чыгып жаткандар да көп, чыгып, кайра камалып жаткандар да көп. Негизи ушул практиканы жокко чыгарышса жакшы болот эле. Оюн эркин билдиргендин баары эле бийликти алмаштырып жиберейин дегендер эмес да. Эгер чындап эле мыйзам бузган болсо, баарын бир “массалык башаламандыкка” же “мамлекеттик бийликке каршы” дебей Кылмыш-жаза кодексинин туура келген беренелери менен иш алып барышса, эл да ынанмак. Баарын эле бир беренеге такап аткандыгын эл да көрүп, аягы эмне менен бүтөр экен деп турат. Тыя берүү акыркы жакшылыкка алып келбейт”.

"Азаттык" былтыр декабрь айында 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарда пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган 30га чукул жарандын тизмесин жарыялаган. Кармалгандар арасында 70 жаштагы байбичеден тарта 20 жаштагы студентке чейин бар.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан 2023-жылы 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан. Мындан тышкары бир катар эл аралык уюмдар өлкөдөгү сөз эркиндигине камтамачылыгын билдирип турат.

Эркиндик боюнча эл аралык рейтингдерде Кыргызстандын позициясы төмөндөп баратканы белгиленгени менен кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтып, ЖМКларга жана жарандарга жоопкерчилик тууралуу эскертип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG