Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

"Ал-Каида" желелеп көбөйүүдө


Сомалинин улуттук өкмөтүнүн аскерлери "ал-Каида" менен байланыштагы "Шебаб" уюмунун согушчандары жардырган Улуттар Уюмунун Могадишодогу имаратын карап көрүшүүдө. 19-июнь 2013.
Сомалинин улуттук өкмөтүнүн аскерлери "ал-Каида" менен байланыштагы "Шебаб" уюмунун согушчандары жардырган Улуттар Уюмунун Могадишодогу имаратын карап көрүшүүдө. 19-июнь 2013.

”Ал-Каида” Усама бин Ладен жана башка лашкер башчылары жок кылынгандан кийин мурдагыдай бир борбордон башкарылбай майдаланып кетти.

Ошентсе да, серепчилердин айтымында, террорчул уюмдун өз алдынча аракеттенген бөлүмдөрү бир катар өлкөлөрдө, анан ичинде Сирия, Ирак, Ливия, Малиде саясий кырдаалга бир кыйла таасир этүүдө. Ооганстан менен Пакистанда кырдаалды чөйчөктөгү суудай чайпалтып турат. Кээ бир серепчилер уюмдун азыркы түзүмүн жалпылап, “ал-Каида 2.0” деп мүнөздөшөт.

”Ал-Каиданын” калдыктары дале Кошмо Штаттардын коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатканы Конгресстин Өкүлдөр палатасында 18-июлда болгон талкууда айтылды. Терроризм, ядролук куралдарды жайылтпоо жана соода субкомитетиндеги талкууда демократ-конгрессмен Брэд Шерман террорчул уюмду мындай мүнөздөдү:

- "Ал-Каида" 2001-жылдын 11-сентябрынан бери Кошмо Штаттарда чоң чабуулдарды жасай албады. Бирок “ал-Каиданын” Кошмо Штаттарга болгон коркунучу дагы эле аз эмес. ”Ал-Каида” борбордон башкарылбай, жакшы байланышпаган корпорацияга айланды жана бөлүмдөрү жалпы ысым астындагы түзүлүшкө окшош. Анын террордук ишмердүүлүгү жергиликтүү жана региондук бөлүмдөр тарабынан жүргүзүлөт.

Тажи түрмөсүндө согушчандардын кол салуусу учурунда набыт болгон өкмөттүк аскерлерге Нажаф шаарындагы Имам Али мечитинде жаназа окулууда. 22-июль, 2013
Тажи түрмөсүндө согушчандардын кол салуусу учурунда набыт болгон өкмөттүк аскерлерге Нажаф шаарындагы Имам Али мечитинде жаназа окулууда. 22-июль, 2013
Үстүбүздөгү аптада Ирактагы “ал-Каиданын” бөлүмүнүн жүздөгөн желдеттери Багдаддын батыш жана түндүк тарабындагы эки түрмөгө бир маалда кол салып, кеминде 500 туткунду качырганы маалымдалды. Эл аралык террорчул уюмдун коңшулаш Сириядагы бөлүмү сунни көтөрүлүшчүлөрү тарапта президент Башар Асаддын режимине каршы согушуп жатат.

"Ал-Каиданын" Сириядагы чатакка аралашуусу, вашингтондук серепчи Шамиля Чаудрери айымдын баамында, Жакынкы Чыгышка жана Батышка коркунуч туудурат:

- Дүйнөнүн ар кайсы бөлүгүндө “ал-Каида” жана анын бөлүмдөрү базасын ачканга мүмкүндүк берчү абалдын болгону көптөгөн өлкөлөр үчүн реалдуу коркунуч пайда кылууда. Бул жаңы проблемаларды жаратат. Ооганстан менен Пакистандагы кырдаал “ал-Каида” ал жакта жашаганы үчүн абдан татаалдашып кеткен. Алардын бир уучу пайда болор менен регионалдык жана ички чатактар көбөйөт. Бул болсо, “ал-Каида” барган жакта чатак эл аралык мүнөзгө айланат, себеби ал - Британия, АКШ жана башка өлкөлөргө коркунуч туудурат дегенди билдирет.

Шамиля Чаудрери Вашингтондогу "Жаңы Америка" фондунун Түштүк Азия боюнча улук изилдөөчүсү.

Пакистандагы “ал-Каида” уюму өлкөдөгү “Техрик-е Талибан Пакистан” (ТТП) сыяктуу экстремисттик топ менен эриш-аркак мамиле күтөт. ТТПнын максаты - Пакистан өкмөтүн кулатып, ордуна шариятка негизделген мамлекет куруу. Анын башчылары жакында Сирияга президент Башар Асадга каршы күрөшүү үчүн 100 жоокерди даярдап жибергенин маалымдады. Сунни экстремисттери шииттердин алавит сектасын "Кудайсыз дин безер" деп санашат. Асаддын үй-бүлөсү ушул сектадан.

Дамасктагы Стратегиялык изилдөөлөр борборунун директорунун орун басары Ибрагим Талиптин айтышынча, Сирияда азыр 130 миңден ашуун чет элдик жихадчы бар жана алардын көбү “ал-Каиданын” ар кайсы бөлүмдөрүнө карайт.

- Мен азыр Сирияда 130 миңден көп чет элдик жана араб террорчулар согушуп жүрөт, бул аябай көп жана абдан коркунучтуу деп ишенимдүү айта алам. Адегенде 15 миңдей тунистик согушчан келген. Алардын артынан египеттиктер, палестиналыктар жана ливандыктар келишти. Алардан кийин башка жактардан согушчандар келди. Сирияда ушул тапта 40тан ашуун өлкөнүн жарандары согушуп жүрөт.

"Эркин Сирия" армиясынын жоокерлери тешиктен ок атууда. Алеппо шаарынын Карм ал-Жабал району. 23-июль, 2013
"Эркин Сирия" армиясынын жоокерлери тешиктен ок атууда. Алеппо шаарынын Карм ал-Жабал району. 23-июль, 2013
Сунни экстремисттеринин Сирияда көбөйүүсү жергиликтүү дүниябий эрегишчилерди кыжаалатка салууда. Жакында Сириянын түндүгүндө Күрд демократтык союзу партиясынын (Түркияда тыйуу салынган Күрд жумушчу партиясынын Сириядагы бөлүмү) аскерлери “ал-Каида” менен союздаш адаватчылар менен кагыша кетти. Күрт эрегишчилеринин командири Салих Муслим "ал-каидачылар" үчүн чар тарап ачык экенин айтат:

- “Ал-Каида”, “ал-Нусра фронту”, “Ахрар ас-Шам” жана башка ушул сыяктуу исламчыл экстремисттик күчтөрдүн топтору каалаган жагына каалаган өлкөсү аркылуу кире алат. Алар Түркиядан, Ирактан жана башка жактардан келишүүдө. Алар Сирияга келгенине узак убакыт болду жана "Эркин Сирия" армиясынын маанилүү бөлүгүн түзөт. "Эркин Сирия" армиясы анын ысмын жамынып, экстремисттик группалар согушуп жүргөнүн танган. Бул группалар бардык жакта бар.

"Эркин Сирия" армиясынын уюткусун президент Асадга каршы көтөрүлүш башталгандан кийин Сириянын куралдуу күчтөрүнөн качкан сунниттер түзөт. Анын катарында Ливия, Тунис, Ирактан келген жихадчылар бар экенин ошол өлкөлөрдүн өкмөттөрү ырасмий маалымдаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG