Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

БЕЛОРУС ОППОЗИЦИОНЕРИ САХАРОВ СЫЙЛЫГЫН АЛДЫ


Кечээ Страсбургда белорус оппозициясынын лидери Александр Милинкевичке Сахаров сыйлыгы тапшырылды. Бу сыйлыкты Европарламент 1988-жылы уюштурган жана ал адам укуктарын коргоо,эркин ойду өнүктүрүү үчүн күрөштө айрымаланган адамдарга ыйгарылат.

Сыйлыкты белоруссиялык оппозиционерге Европа парламентинин төрагасы Жозеп Боррель тапшырды. Өз сөзүндө ал азыркы белорус режимин “Европадагы акыркы диктатура” деп атады.

Александр Милинкевич болсо бул сыйлыкка аны менен бирге быйыл мартта борбордук аянтта демонстрацияда турган,андан соң түрмөгө түшкөн, университеттерден чыгарылган жана жумуштан алынган бардык белорустар татыктуу болушканын белгиледи. Милинкевич жакынкы аралыкта Белоруссия европалыктардын бүлөсүнө сөзсүз кошуларына,эркин жана демократиялуу өлкө болоруна бекем ишенерин билдирди. Диктатуранын тарыхый келечеги жок,тажрыйба көрсөткөндөй,зулумчулуктун арты дайыма зулумдар үчүн кайгылуу аяктайт, деп айтты ал.

Маалымат жыйынында Милинкевич өзүндөй эле шайлоодо президент Александр Лукашенкого атаандаш болуп, азыр түрмөдө отурган Александр Казулиндин абалына да европарламенттегилердин көңүлүн буруп өттү. Казулинди бийликтер беш жарым жылга эркинен ажыраткан, мындан эки ай мурда ал абакта ачкачылык жарыялап, эки күндөй мурун гана акциясын токтотту.

Милинкевич Лукашенконун режимине кысым көрсөтүүнүн жаңыча ыкмалары зарылдыгын,бул жагынан европалыктардын кеңири колдоосу керектигин белгилеп, шайлоо жолу менен эле абалды өзгөртүү кыйын экенин эскертти. Диктатура өз эрки менен эч качан бийликтен кеткиси келбейт, деп айтты ал.

Оппозиционердин айтымында, режимди массалык демонстрациялар гана солкулдата алат. Ошондуктан оппозиция калк арасында колдоочуларын арбытып,аларды көчөлөргө чыгарып,тынчтык жол менен Лукашенконун өкмөтүн бийликтен кетирүүнү көздөйт.

XS
SM
MD
LG