Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Араб өлкөлөрүнүн армия түзүү кадамы


Саудиянын тышкы иштер министри, ханзаада Сауд ал-Файсал бин Абдулазиз Шарм аш-Шейхтеги жыйында. 29-март 2015
Саудиянын тышкы иштер министри, ханзаада Сауд ал-Файсал бин Абдулазиз Шарм аш-Шейхтеги жыйында. 29-март 2015

Пентагондун башчысы Араб лигасынын суннит жетекчилеринин бирдиктүү аскер күчтөрүн түзүү планын колдоду. Араб лигасынын бирдиктүү армиясы түзүлсө, уюм 70 жыл мурда түзүлгөндөн бери араб өлкөлөрү айтып жүргөн сөз өтөсүнө чыгат.

"Орток куралдуу күчтөрдү түзүү мерчеми “жакшы нерсе” деди АКШ коргоо министри Эштон Картер 30-мартта Нью-Йоркто сүйлөгөн сөзүндө.

Бирдиктүү армияны түзүү планына Йемендеги радикалчыл “Ислам мамлекети” тобунун курамындагы суннит экстремисттери жана Иран колдогон хусит эрегишчилерине каршы күрөшүү зарылдыгы түрткү берди.

29-мартта Египетте болгон саммитте маалымдалгандай, орток куралдуу күчтөрдүн курамы, вазиайпасы төрт айдын ичинде аныкталат.

Жекшемби күнү жарыяланган келишимге караганда, оперативдүү башкарылчу орток армияны түзүү планы - Сауд Арабия, Египет жана алардын союздаштары чөлкөмдөгү коогалаңдуу окуяларды чечкиндүү басууга бел байлаганын жышааналайт. Ошондой эле Йемендеги шиит козголоңчулары - хуситтерди колдогон Иран үчүн олуттуу чакырык.

- Йемен жардын кырында турат. Бул жагдай Араб жана эл аралык коомчулуктан натыйжалуу аракетти талап кылат. Хуситтердин кутумун тынч жол менен токтотуу жана мыйзамдуулукту орнотуу аракети натыйжа бербеди - деп маалымдаган Араб лигасынын башкатчысы Набил ал-Араби 29-мартта Шарм эш-Шейх курортундагы жыйындан соң.

Аба соккулардан кийин Санадагы күйүп жаткан имарат. Йемен, 30-март, 2015-жыл
Аба соккулардан кийин Санадагы күйүп жаткан имарат. Йемен, 30-март, 2015-жыл

Вашингтон Араб лигасынын күчтөрүнүн милдети жана түзүмү кандай болорун күтүп, анан өз баасын берет. Бул жөнүндө Мамдепартаменттин өкүлү Мария Харфи 30-мартта билдирди. Бирок, ошол эле күнү АКШ коргоо министри Эштон Картер Нью-Йоркто сүйлөп, Араб өлкөлөрү аралык күчтөрдү түзүү планын колдоду.

26-марттан бери Саудия баштаган коалициянын учактары Йемендеги шиит адаватчыларга жана өлкөнүн мурдагы шиит президенти Али Абдулла Салехке ишенимдүү күчтөргө көктөн сокку урушууда.

"Биринчи күндөн тарта аба күчтөрүнө чабуулдан турак үйлөр жана жөнөкөй эл зыян тарпасын деген тапшырма берилген" деп маалымдады Саудиянын аскер өкүлү, генерал Ахмед Асери 30-мартта эр-Риядда:

- Биз алгачкы күндөн бери кошумча зыян болбосу үчүн катуу аракет кылып жатабыз. Эгер хуситтер антиавиациялык артиллерияны үйлөрдүн жана элдин ичине орнотуп алган болсо, согуштук учактар аларга жооп берген болушу мүмкүн...

Египеттин аскер жана коопсуздук күчтөрүнүн мартабалуу адамдарынын сөзүнчө, Араб лигасынын куралдуу күчтөрү тандалма 40 миң аскерден туруп, штабы же Каирде же эр-Риядда жайгашат. Анын курамында согуштук учактар менен кемелер да болот.

Шиит калктуу Ирандын таасири күчтүү Сирия жана Ирактын жаңы аскерий долбоорго кошулары күмөндүү.

Араб өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны
Араб өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны

Нью-Йоркто чыкчу The Wall Street Journal гезитинин жазышынча, акыр аягында Араб мамлекеттеринин регионду терроризм менен Ирандын аргессиясынан коргоо үчүн канын жана акчаларын садага чапканы оң көрүнүш. "Бул ошондой эле АКШнын Жакынкы Чыгыштагы коопсуздукту камсыздоодогу ролу төмөндөп бараткан чактагы айла жоктон жаралган амал экенин көрсөтөт" деп белгиленет 30-марттагы макалада.

Серепчилердин баамдашынча, Араб лигасында эзелтен ынтымак жок болгондуктан, орток армия түзүү куру кыял бойдон калышы да ыктымал. Вашингтондогу Карнеги эл аралык тынчтык корунун эксперти Фредерик Уихринин "Франс пресс" агенттигине айтышынча, “ич ара кызматташуу маселеси, саясый ишенбөөчүлүк жана мыкты машыккан аскерлердин жетишсиздиги” араб мамлекеттери үчүн чоң көйгөй.

Франциялык араб таануучу Матье Гидердин айтымында, жаңы түзүлчү орток армия сунниттердин армиясы катары кабыл алынат. "Ошон үчүн, оболу армия бир жааттын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылбаганын далилдеши шарт" дейт Тулуз университетинин профессору М. Гидер.

Кээ бир божомолдор боюнча, араб дүйнөсүндөгү экономикасы бакубат Саудия болочокку орток армияны башкарууда чечүүчү сөзгө ээ болушу мүмкүн. Египеттин армиясы баарынан чоң, бирок Саудия жана Перс булуңундагы өлкөлөрдүн капчыгына көз каранды.

XS
SM
MD
LG