Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Арап лигасы Сирияга үч күн берди


Идлибдеги массалык демонстрация жөнүндө YouTube сайтындагы тасмадан бир көрүнүш, 11-ноябрь, 2011
Идлибдеги массалык демонстрация жөнүндө YouTube сайтындагы тасмадан бир көрүнүш, 11-ноябрь, 2011

Арап мамлекеттеринин лигасы Сирияга нааразылык акцияларын басууда “кандуу репрессиясын” үч күндө токтотушу керек деген шарт койду. Эгерде расмий Дамаск өз багытын өзгөртпөсө, Сирияга каршы экономикалык санкциялар киргизилет.

Бул чечим кечээ Мароккодо өткөн жыйында кабыл алынды. Ага Араб лигасына мүчө мамлекеттерден сырткары Түркия да катышкан.

Катар мамлекетинин тышкы иштер министри шейх Хамад Бин Жассим ал-Тани жыйындан кийинки пресс-конференцияда сүйлөп жатып, “Сирия режимине арап өлкөлөрүнүн чыдамы түгөнүп баратканын” айтты. “Киризсти жөнгө салууда дипломатиялык аракет да аяктап калды”, - деп эскертти министр.

“Сириядагы кризисти чечиш үчүн сырттан кийлигишүү болсо, дагы көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келет. Бирок ал жакта эл азыркыдай акыбалда өлтүрүлүп жатканы да такыр кабыл алгыс нерсе, - деди министр. - Биз боордош сириялыктардын канын сактап калууга жоопкерчиликти сезебиз, ошон үчүн да биз баарыбыз үчүн өтө оор чечимди кабыл алдык. Сириянын өкмөтүн кризисти жөнгө салыш боюнча өзү жактырган арап планындагы талаптарды аткарууга үндөгөнүбүз да ошондон”.

Арап лигасынын баш катчысы Набил ал Араби (солдо) менен Катардын тышкы иштер министри шейх Хамад Бин Жассим ал-Тани, Каир, 16-октябрь, 2011
Арап лигасынын баш катчысы Набил ал Араби (солдо) менен Катардын тышкы иштер министри шейх Хамад Бин Жассим ал-Тани, Каир, 16-октябрь, 2011
Катардын тышкы иштер министри ал-Тани: “Непада Дамаск коюлган талапты аткарбаса, санкциялар киргизилет”, - деди. Лигадан кабарлашкандай, уюмдун эксперттери азыр Сирияны өзүндөгү кызыл кыргынды тезинен токтотууга мажбур кылгыдай кандай экономикалык жаза бар экенин аныктап жатышат.

22 мамлекеттин башын бириктирген лига Сирияда жайкын турмуштагы элди азыркы репрессивдүү режимден сактап калыш үчүн дүйнө “чукул чараларга” барышы лаазым экенин, бирок, ошол эле маалда, алар сырттан Сирияга чабуул болушуна да каршы экендигин билдирди.

Сириядагы акыбалды жөнгө салыш үчүн кабыл алынган арап планына ылайык, өкмөт нааразылыктар чыккан шаарлардан танктарын чыгарып кетиши керек эле, демонстранттарга ок атканын токтотушу зарыл болчу. Планда азыркы өкмөт эки аптанын ичинде оппозиция менен тил табышып, диалогго барышы керектиги да көрсөтүлгөн. Бул талап убагында аткарылбагандыктан, 12-ноябрда Арап лигасы расмий Дамаскты өзүнүн катарынан убактылуу чыгарып койду.

Ошондуктан шаршембиде Мароккодо өткөн жыйынга Сириянын өкмөтүнөн эч ким келген жок.

Дамаск болсо муну “өтө опурталдуу кадам” деп, анын артында АКШ турат деген.

Расмий Вашингтон болсо Сирия лигадан убактылуу чыгарылганын жылуу кабыл алды. Ал арада Кремль аны “натуура чечим болуп калды” деп атады.

Терең изоляция

Сириянын өкмөтүнүн сырткы дүйнөдөн улам обочодо калып баратканынын дагы бир далили Франция менен Марокко ал жактагы элчилерин чакыртып алганы болду окшойт.

“Сирияда зордук-зобун уланып жаткандыктан, мен Алеппо жана Латакиядагы консулдук кызматтарыбызды жаап, элчибизди Парижге чакыртканга мажбур болдум”, - деди шаршембиде Франциянын тышкы иштер министри Ален Жюппе.

Министр өткөн дем алыш күндөрү Франциянын, Бириккен Арап Эмираттарынын жана Түркиянын Сириядагы дипломатиялык миссияларына болгон чабуул жөнүндө айткан эле.

Элчиликтерге чабуул кечээ да кайталанды. Бул ирет режимдин тарапкерлери Марокконун, Бириккен Арап Эмираттарынын жана Катардын элчиликтерине кол салышкан.

Түркиянын президенти Абдулла Гүл элчиликтерге чабуул улана берсе, мунун арты жакшы бүтпөй турганын эскертти.

“Биздин Сириядагы элчиликтерге, жарандарыбызга, дипломаттарыбызга мындай чабуулдардын болушу такыр кабыл алгыс көрүнүш, - деди түрк президенти Гүл. - Биз андай кол салууларды кескин айыптайбыз. Эгерде аларды токтотуш үчүн тийиштүү чаралар көрүлбөсө, биздин ага жооп такыр башкача болот”.

Экинчи аракет

Жюппенин айтымында, расмий Париж азыр Арап лигасы менен биргеликте Сириядагы зомбулукту айыптаган резолюциянын долбоорун Бириккен улуттар уюмуна сунуштаганы турушат. Орусия менен Кытай андай резолюцияны өткөн айда жактырбай, ага вето салып коюшкан эле.

Ал арада Сириянын Хомс, Идлиб жана Дамаск шаарларында коопсуздук күчтөрү 13 жайкын тургунду атып салышканы кабарланууда. Бириккен улуттар уюмунун эсебинде, быйыл президент Башар ал-Ассадга каршы массалык нааразылык мартта башталгандан бери ал жакта өкмөттүк аскерлердин колунан 3500 адам өлгөн.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG