Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Орусия Крымдын аннексиясы боюнча жараянды аяктады


Федерация кеңеши Украинанын Крым жумуриятын Орусияга кошуу боюнча келишимди ратификациялады, 21-март 2014-жыл
Федерация кеңеши Украинанын Крым жумуриятын Орусияга кошуу боюнча келишимди ратификациялады, 21-март 2014-жыл

Орусия парламентинин жогорку палатасы – Федерация кеңеши Украианын Крым жумуриятын Орусияга кошуу боюнча келишимди ратификациялады. Ал эми Украинанын премьер-министри Брюсселде Европа Биримдиги менен макулдашууга кол койду.

Федерация кеңешиндеги добуш берүү Крымдын аннексиясы боюнча ратификация процессин жыйынтыктады. Бейшембиде Мамлекеттик Дума көпчүлүк добуш менен келишимди колдогон.

- Биз акыркы күндөрдөгү тарыхый окуяларга күбө гана болбостон, аларга катышып жатабыз. Жана ар-намыс, жоопкерчилик, патриоттук менен тарыхый миссиябызды аткардык, - деди Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко.

Украина болсо Крымдын «боштондугу» үчүн күрөштү улантаарын ырастоодо.

Батыш өлкөлөрү Автономиялуу жумурияттын аннексиясы эл аралык мыйзамдарды бузуу болуп эсептелээрин кайталап келатат. АКШ жана Европа Биримдиги Крымды басып алууга байланыштуу бир катар санкцияларды киргизип, Вашингтон кийин тизмени узартты.

АКШ президенти Барак Обаманын айтымында, жаңы санкция Орусия өкмөтүндөгү таасирлүү чиновниктерге тиешелүү жана Кремлди материалдык жактан колдогон банктарды камтыйт. Баса, ошол тизмеде Валентина Матвиенко да бар.

АКШнын санкцияларына жооп кайтырып, Орусия да өзүнүн “кара тизмесин” жарыялады.

Тышкы иштер министри Сергей Лавров Федерация кеңешинде сүйлөгөндө Батыштын орусиялык расмий адамдарга каршы санкциялары “иррационалдуу” жана “кереги жок тоскоолдуктарды түзөт” деп айтты. Орус парламенти болсо санкцияларды “саясий шантаж” деп сындаган билдирүү кабыл алды.

Ал тапта Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимдин саясий беренелерине кол койду.

- Бул – менин өлкөм үчүн тарыхый күн. Бүтүндөй Европа үчүн тарыхый учур деп ишенебиз. Биз Европа деген чоң үй-бүлөөнүн бир бөлүгү болууну каалайбыз. Украиндердин мүдөөсүнө төп келген толук кандуу мүчөлүккө карай алгачкы, маанилүү кадам шилтедик.

Шаркеттин төрагасы Херман Ван Ромпөйдүн айтымында, документ эки тараптын кызматташтыгы канчалык маанилүү экенин көргөзөт.

Украинанын кулатылган президенти Виктор Януковичтин ноябрда дал ошол келишимге кол коюудан баш тартышы нааразылыкты күчөтүп, өлкөнү азыркы кризиске кептеген.

- Өткөн ноябрда бийликтин Европа Биримдиги менен ассоциациялык келишимге кол койбой коюшу элдик толкундоону жаратып, саясий жана маданий өзгөрүүлөргө алып келди. Эркиндик үчүн өз өмүрүн аябаган адамдарга таазим этебиз жана Украинада ачык коом курууга бар күчүн жумшап жаткандарды колдойбуз, - деди Ромпөй.

Бейшембиде Брюсселде башталган саммитте Евробиримдиктин лидерлери Орусияга Украинадагы кырдаалдын мындан ары курчушуна алып келчү кадамдарга барбоону эскертти.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG