Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Навальныйдын тарапташтары аны боштондукка чыгарууну талап кылган жыйындарга беленденүүдө


А.Навальныйды боштондукка чыгарууну талап кылган иш-чара. Брюссел, Белгия. 2021-жылдын 19-январы.
А.Навальныйды боштондукка чыгарууну талап кылган иш-чара. Брюссел, Белгия. 2021-жылдын 19-январы.


Ишембиде (23-январда) орусиялыктар абактагы оппозициячы саясатчы Адексей Навальныйды боштондукка чыгарууну ьалап кылып, жалпы өлкөдө нааразылык жыйындарга чыгаары күтүлүүдө.

Бери дегенде 65 шаарда нааразылык жыйындары уюшкандыкта өткөрүлүшү ыктымал. Орусия бийликтери бул окуяга утурулай Навальныйдын бир катар шериктерин кармады жана интернеттин коомдук тармактарын эгерде “мыйзамсыз” делген иш-чараларга үгүттөсөңөр, анда жазага кабыласыңар, деп эскертти.

Бул нааразылык чаралары – Навальныйга карата коомдук колдоо үчүн сынак болуп калмакчы.

Леонид Волков. Екатеринбург. 2018-жылдын 2-апрели.
Леонид Волков. Екатеринбург. 2018-жылдын 2-апрели.

Навальный негиздеген “Жемкорлукка каршы күрөш фондунун” координатору Леонид Волков “Кремль массалык демонстрациялардан чочулап турганын биз билебиз”, – деп “Рөйтерс” кабар агенттигине айтты.

Ыраакы Чыгыштагы Владивосток шаарындагы Навальныйдын штабынын өкүлдөрү 23-январда эртең менен "тынч жана куралсыз жыйындарга чыгуу - ар бир жарандын конституциялык укугу" экендигин калайык эсине салган маалыматты "Твиттер" аркылуу таркатты.

Ал эми орус бийликтери азырынча күч колдонуу ыкмасын эч кебелбестен улантып, акыркы күндөрү Навальныйдын өнөктөштөрүнө кысымды күчөттү. Бийликтер оппозициячыл саясатчынын тарапкерлеринин бир нечесин камакка алды жана полиция ар кандай митинг аракеттерине каршы катаал чара көрөт, деп катуу эскертти.

22-январдын таңына карата “TikTok”, "ВКонтакте" жана “YouTube” сыяктуу айрым социалдык тармактарда демонстрацияга чакырган жарыялар өчүртүлгөндүгү тууралуу кабардалууда.

22-январда Владивосток шаарында Навальныйдын штабынын аймактык координатору Екатерина Ведерникованы орус полициясы кармап кеткендиги кабардалган.


Штабдын өкүлдөрүнүн маалымдашынча, аны Владивостоктогу ички иштердин №1 бөлүмүнө алып келишкен. Ведерниковага адвокат Полина Сидельникованы кездештирбей коюшкан.

Ишембидеги эч бир нааразылык чарасы бийликтер менен макулдашылган эмес.

Ал арада хоккей боюнча Орусиянын курамасынын чабуулчусу, учурда "Нью-Йорк Рейнжерс" клубунда ойноп жаткан Артемий Панарин Москвада тергөө абагында жаткан Навальныйды колдоп чыкты.


Панарин өзүнүн “Инстаграмдагы” барагында “Навальныйга эркиндик” деген талапты жарыялады.

Демократиялык өлкөлөрдүн башчылары, бир катар эл аралык уюмдар расмий Кремлди саясатчы А.Навальныйды тез арада бошотууга үндөштү. (TT)

XS
SM
MD
LG