Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:35

Жакупова: Атамбаев оппоненттерине рахмат айтышы керек


Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынан депутат Чолпон Жакупова
Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынан депутат Чолпон Жакупова

“Азаттыктын” “Эл өкүлү” атайын долбоорунун кезектеги коногу “Бир Бол” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Жакупова болду.

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Жакупова менен болгон маек “Азаттыктын” сайтында жана Фейсбуктагы баракчасында түз эфирде көрсөтүлдү.

Депутат жаштардын жана социалдык тармактардын колдонуучуларынын бүйүрүн кызыткан суроолорго жооп берди. Талкуу Баш мыйзамдын жаңы долбоору тууралуу суроодон башталып, Чолпон Жакупова Конституциянын көмүскөдөгү авторун атады:

- Анын фамилиясы коомчулукка ачык эле айтылды. Ал президенттин аппаратынын кызматкери Анарбек Исмаилов. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талкуу жаралып, анын автору ким деген суроого келгенде эле президенттин аппаратына барып такалчу. Фарид Абилезимович Конституциянын жаңы долбоору тууралуу жөнөкөй эле суроолорго жооп бере албай калганда мен ал автор экендигинен шек санагам. Бирок акыркы угууларда автордун аты ачык эле айтылды. Ал Анарбек Исмаилов. Ал өзү да автордукту мойнуна алды.

Фейсбуктун дагы бир колдонуучусу Тим Дүйшөн Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселесин дагы бир ирет көтөрүп, эгерде 114-берене болбогондо сиз референдумду колдойт белеңиз деп суроо узатты. Баш мыйзамдын 114-беренесине ылайык, Конституцияга 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизүүгө болбойт. Чолпон Жакупова мындай деп жооп берди.

- Мен Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы чыгып жатканымдын себеби жалгыз гана процессуалдык эрежелер бузулуп жаткандыгынан эмес. Башкача айтканда, кеп Конституцияны 2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбойт дегенде эмес. Мен мыйзам чыгаруунун маданияты үчүн, өзгөртүүлөрдү процессуалдык эрежелерге ылайык жүргүзүү үчүн чыгып жатам. Экинчиден, мен Баш мыйзамдын мазмунуна каршымын. Эми биз бир чечимге келишибиз керек да. Эгер биз парламентаризмге карай кадам таштасак, анда биз парламенттик көзөмөлдөө механизмдерин жана парламенттин таасирин күчтөнтүшүбүз керек. "Жок, силер президенттик башкаруу системасынын кайтып келишин колдосоңор, анда уялбай эле ошентип айтпайсыңарбы. Ачык эле айткыла – биз президенттик башкаруунун жанданышын каалайбыз" деп айткыла деп жатам. Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп жаткандар элдин ишеними менен ойноп жатат десем болот. Эл аны окубайт. Алар Коомдук телеканалды эле көрөт да, ал жактан айтылган сөздөргө ишене берет. "Булар президенттин бийлигин алсыздаткысы келип жаткан турбайбы" деп ойлошот. Мен мыйзамды жакшы түшүнгөн адам катары айтам - бул өзгөрүүлөр парламентти алсыздатып, президент менен премьер-министрдин бийлигин күчтөнтөт. Биз анда артка кетебиз.

Фарид Абилезимович Конституциянын жаңы долбоору тууралуу жөнөкөй эле суроолорго жооп бере албай калганда мен ал автор экендигинен шек санагам. Бирок акыркы угууларда автордун аты ачык эле айтылды. Ал Анарбек Исмаилов. Ал өзү да автордукту мойнуна алды.

Айнура Таласбаева деген дагы бир окурман “Президенттикке ат салышкан кайсы талапкерди колдойт элеңиз” деп суроо бериптир.

- Менин билишимче, азыркы күнгө чейин президенттикке өзүнүн талапкерлигин коеру тууралуу ачык бир эле инсан жарыя кылды. Ал - Сариев Темир Аргенбаевич. Андан башка дагы ким ат салышарын мен азырынча билбейм да. Бир неченин арасынан тандап ала турган болсо бир жөн эле. Бирок азыр андай тандоо расмий түрдө жок да. Темир Аргенбаевич өз ниетин ачык айтты. Башкалар үн ката элек. Байкаштырып жатышат. Мен адамдарды ыңгайсыз абалга калтыргым келбейт. Эгер мен оюмду айтып коюп, кийин алар талапкерлигин койбой коюшса, туура эмес болуп калат. Ошол эле учурда президент болгусу келбеген кыргызды элестетүү кыйын го.

Президент Алмазбек Атамбаевдин эгемендик күнүндө сүйлөгөн сөзү да талкууну кызытты.

- Президент Атамбаев 31-августта сүйлөгөн сөзүн убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү сөзмө-сөз талдабаганы үчүн рахмат айтышы керек. Себеби анын айткан сөзү кырдаалды укуктук вакуумга кептеди. Эгер президенттин сөзүн тереңирээк талдай турган болсок, анда учурда биздин парламентибиз мыйзамсыз шайланган. Президенттин өзү да Конституциядан тышкары турат дегенди билдирет. Убактылуу өкмөт кабыл алган бүт чечимдер Конституцияга ылайык эмес деп түшүнсө болот жана азыр жокко чыгарылышы керек дегенди билдирет. Президенттин юристтери ал тексти жок дегенде бир көзү менен да карап көргөнбү, деги? Анткени анын айткан сөздөрү саясий гана эмес, укуктук да мааниге да ээ. Ошондуктан сүйлөөрдөн мурун ойлонуш керек да.

Фейсбуктун Нурлиз Султанакматов деген колдонуучусу эгер референдум ишке ашып, Баш мыйзамга өзгөрүүлөр кирсе, сиз депутаттык мандатыңызды тапшырууга даярсызбы деген суроо берди.

- Бул суроого жооп бериш мен үчүн кыйын эмес. Мен мурда да айтып келгем, азыр да кайталайм: эгер Конституциянын ушул долбоору кабыл алынса, мен өзүмдүн убадама бекем туруп, депутаттык мандатымды тапшырам. Менин оюмча эгер парламенттин ыйгарым укуктары күчтөнүп же тескерисинче алсызданса, ал орган таркашы керек. Эгер андай боло турган болсо 6-чакырылыштын депутаттары мандаттарын тапшырышы керек.

Жакупова: Атамбаев оппоненттерине рахмат айтышы керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:47 0:00

XS
SM
MD
LG