Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Бийлик референдумга даярдыгын билдирди


Жогорку Кеңеш Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду 4-декабрга дайындады. Мындай мыйзам долбоорду парламент 1-окууда кабыл алды.

Референдум өткөрүү боюнча демилгени 90 депутат көтөрүп чыккан. Парламент жыйынында оппозициячыл депутаттар референдум мыйзамдарды бузуу менен өткөрүлөрүн сынга алышты. Ал ортодо Борбордук шайлоо комиссиясы референдумду өткөрүүгө даяр экенин жарыялады.

Салянова: Мыйзам бузулуп жатат

Жогорку Кеңештеги референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоору кызуу талкуулар менен коштолду. Мыйзам долбоору боюнча баяндамага жасаган “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев референдумду өткөрүү демилгесин 90 депутат көтөрүп жатканын белгиледи.

Канат Исаевдин жүйөсүндө, 2010-жылкы Конституция өлкөдө абал курчуп турганда шашылыш кабыл алынгандыктан бир катар беренелерин өзгөртүүгө зарылчылык пайда болду:

- Бул Конституциянын айрым жоболору коомдо талаш туурудуп келет. Саясий күчтөр Баш мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча демилгелерди дээрлик жыл сайын көтөрүп келет. Себеби, айрым көйгөйлөрдү Конституцияга өзгөртүү киргизбей туруп жөнгө салууга мүмкүн болбой жатат. Ошондуктан, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду 2016-жылдын 4-декабрына дайындоо боюнча мыйзам долбоор сунушталууда.

Исаев Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча төрт тегерек стол өткөрүлүп, 60 кайрылуу болгонун кошумчалады. Ошондой эле атайын эксперттик топ иштеп, келген сунуштар эске алынганын “Кыргызстандын” лидери белгиледи.

Бул мыйзам долбоор боюнча талкуулар башталганда эле бир катар депутаттар сындап чыкты. Алардын көпчүлүгү референдумду дайындоодо бир катар мыйзамдарды бузуу менен өтө шашылыш түрдө жүрүп жатканын айтышты.

Маселен, “Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Салянованын айтымында, колдонуудагы Баш мыйзамга өзгөртүү боюнча референдум дайындоону 300 миң жаран көтөргөн соң гана президент жарыялайт. Бирок учурда мындай норма аткарылбай, мыйзамдар бузулуп жатканын Салянова эскертти:

- Конституциянын кайсы беренесинин негизинде өзгөрүүлөр демилгеленип жатат деген суроого жооп ала алган жокмун. Бүгүнкү иштеп жаткан мыйзам боюнча референдумду президент жарыялайт. Ал эми демилгечилер болуп 300 миң жаран чыга алат. Мына ушул сыяктуу нормалар болуш керек эле. Эч бир мыйзамда жазылбай турса эле жөндөн-жөн эле биздин депутаттар 80ден ашык депутат болуш керек деп кол коюп киргизишти. Бирок бул бир да жерде жазылган эмес. Мындай жол менен демилгечимин дегендер мыйзам бузууга барып жатышат жана бул мыйзамсыз.

Аида Салянова мындай аракеттери үчүн айрым депутаттар келечекте мыйзам алдында жооп берерин эске салды.

Депутаттардын суроолоруна мыйзам боюнча баяндама жасап жаткан “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев ынанымдуу жооп бере алган жок. Исаев бул суроолорго жооп берүүдө президенттик аппараттын өкүлдөрүнөн жардам сурап жатты.

Мындан улам көпчүлүк депутаттар референдумдун демилгечиси эл өкүлдөрү деп көрсөтүлгөнү менен, иш жүзүндө президенттик аппарат даярдаганын айтып жатышты.

Кооптонгон депутаттар

Ошол эле учурда бул референдумдун арты менен учурдагы чакырылыштагы парламентти таратууга негиз түзүлөрүн айткан депутаттар да чыкты. Маселен, депутат Каныбек Иманалиев буга чейин Конституция маселесинин айынан эки парламент таратылганын эске салып, мындай абал бул жолу да кайталанышы мүмкүндүгүн билдирди.

Мындай пикирди “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев да айтты. Ал Баш мыйзамды өзгөртүүнүн айланасында чоң саясат жүрүп жатканын белгиледи:

- Мен эмне үчүн эле шашылыш кабыл алуу зарылчылыгы болуп жатканын эч түшүнбөй жатам. Бир жарым ай эч нерсе чечпейт. Бүгүнкү күн тартипке карап көрсөк окуялар башкача өнүкчүдөй болуп жатат. Бул мыйзамды карап бүткөндөн кийин дароо "Шайлоо жөнүндө" мыйзамды караганы жатабыз. Ал жерде саясий партиялардын мүмкүнчүлүктөрү башкача болгону жатат, долбоор болсо да шайлоо босогосу жогорулачудай болууда. Биз коңшу Казакстанда дал ушундай болуп, парламент таратылып, мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөнүн эске алышыбыз керек. Бул чоң саясат болуп турат.

Ал эми “Бир бол” фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча жараян өтө ыраатсыз өтүп жатканына көнүл бурду:

- Баш мыйзамды талкуулап жатканда мамлекет башчысы өз пикирин айтыш керек болчу. Парламенттин төрагасы өз оюн айтыш керек. Мына ошондо биз мамлекет башчыларынын оюн билет элек. Болбосо, комитетте бир фракция лидери сүйлөп, парламент жыйынында башкасы сүйлөп, Конституциянын маңызын төмөн түшүрүп салдык.

Бирок референдум тууралуу мыйзам жок кезде референдумду дайындоо кызыктуу фактор. Мунун кесепети келечекте тиет.
Алмаз Акматалиев

Мына ушундай талкуулардан соң мыйзам долбоор добушка коюлуп, жыйынга катышкан 105 депутаттын 94ү колдоду. Парламентте талкуу жараткан мыйзам биринчи окууда кабыл алынды. Мындай жол менен референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен бирге өткөрүлгөнү жатат.

Ал ортодо бийлик органдары референдумду өткөрүүгө даярдыгын билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалыматында референдум өткөрүүгө талап кылынган бардык каражат-жабдыктар даярдалган.

Каржы министринин орун басары Алмаз Азимов референдум өткөрүүгө 317 млн сом зарыл экенин жана буга чейин жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрүү үчүн 235 млн сом каралганын маалымдады.

Коомдук ишмер Алмаз Акматалиевдин пикиринде, шашылыш негизде кабыл алынган мыйзам азыр иштесе де, келечекте бир катар маселелерге жол ачышы мүмкүн:

- Керек болсо Конституциялык кеңешме чакырып эле жер-жерлерде талкуулар өтсө жакшы болмок. Экинчиден, шашып жаткандардын көмүскө себептери болсо керек. Себеби, убакыт өткөн сайын саясий жараяндар жүрүп атат. Бирок референдум тууралуу мыйзам жок кезде референдумду дайындоо кызыктуу фактор. Мунун кесепети келечекте тиет. Мындай жол менен прецедент жаратып берип жатышат.

Кыргызстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси саясий кырдаалга таасирин тийгизди. Буга чейин бир тарапта болуп келген Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн жаатташтырып, мамилесин бузду.

Буга чейин оппозиция Баш мыйзамга өзгөртүү маселеси боюнча талкуулар өтпөгөнүн сындаган. “Референдумга - жок” аттуу кыймыл түзүп, референдумду өткөрүүгө каршы жана учурдагы чакырылыштагы парламентти таратуу боюнча жарандар арасында кол топтоону баштаган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG