Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:43

Такер: Президенттин тандаган жолу кооптондурат


Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев эгемендик күнүндө сүйлөгөн сөзүндө Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүн сынга алган.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев эгемендик күнүндө сүйлөгөн сөзүндө Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүн сынга алган.

Кыргызстанда Конституцияга өзгөртүү киргизилери жарыялангандан бери саясий кайым айтышуулар көбөйдү. Өлкөнүн азыркы саясий айдыңында болуп жаткан окуяларга кандай мүнөздөмө берүүгө болот?

“Азаттыктын” бул жана башка суроолоруна АКШдагы Жорж Вашингтон университетинин Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Ноа Такер жооп берди.

Ноа Такер: Кыргызстанда күн сайын жаңы өнүгүүлөр болуп жатканы менен жалпы картинаны алсак, өлкөдө көз карандысыз жылдарында боло келген окшош нерселер кайра кайталанып жатканын көрүүгө болот. Эгемендик күнү президент сүйлөп жаткан учурда мурдагы президент Роза Отунбаева сахнадан кетип калганын көрдүк. Президент Атамбаев Убактылуу өкмөттө чогуу иштешкен адамдардын дарегине олуттуу айыптарды айтты. Ал адамдар президент өзү оппозицияда жүргөн мезгилдеги өнөктөштөрү болчу.

Биз Кыргызстандын мурдагы президенттери учурундагы окуялардын кайталанып жатканына күбө болуп жатабыз. Президенттер канчалык узакка бийликте калышса, мөөнөтүнүн акырында алар өздөрүнө көбүрөөк бийлик алуу үчүн айрым институттарды өзгөртө баштайт. Бир канча жыл мурда Атамбаев акырындап парламенттен бийликти колго алган. Ал бийлик 2010-жылдагы Конституция боюнча парламентке таандык эле. Азыр Атамбаев бийликке келүүгө жардам берген жакынкы өнөктөштөрүн жоготуп жатканын көрүп жатабыз.

“Азаттык”: Конституцияны өзгөртүү маселесине келсек, президент Атамбаев бул өзгөртүүлөрдү жактап, Кыргызстандын толугу менен парламенттик өлкө болушун каалай тургандыгын айтып келет. Конституцияны өзгөртүү аракетинде көшөгө артында кандай максаттар болушу мүмкүн?

Ноа Такер: Менимче, бул өтө карама-каршылыктуу жагдайдын мисалы. Атамбаев мурдагы өнөктөштөрү жана Убактылуу өкмөт менен бийликке келгенде, алар 2010-жылы кабыл алынган Конституция белгилүү мөөнөткө өзгөрбөйт деп чечишкен. Эми ал жана анын өнөктөштөрү Конституцияны өзгөртүү аракети менен өздөрүнө өзү каршы чыгып жатышат. Бул адаттан тыш жагдай.

Мурдагы президент Роза Отунбаева жана азыркы президент, Убактылуу өкмөттүн учурунда премьер-министрлик кызматты аркалаган Алмазбек Атамбаев өкмөттүн Бишкектеги жыйынында, 20-декабрь, 2010-жыл.

Мурдагы президент Роза Отунбаева жана азыркы президент, Убактылуу өкмөттүн учурунда премьер-министрлик кызматты аркалаган Алмазбек Атамбаев өкмөттүн Бишкектеги жыйынында, 20-декабрь, 2010-жыл.

Ал кызматтан кеткенде президент кездеги бийлигин кайра парламентке бергиси келсе да, биз анын саясий партиясы – КСДПны күчтөнтө турган жагдайларды көрүп жатабыз. Конституция - бир дагы партия, бир дагы саясатчы же бир дагы өкмөттүн бийликти бир колго топтоп албашын кепилдеши керек. Бул Конституция бийликти бөлүштүргөн жана анын алмашып турушун шарттаган мыйзам болушу керек эле. Бирок аны өзгөртүү менен, тилекке каршы, бул процесс кайра артка кетип жатат. Ушунчалык тез өзгөртүү менен Баш мыйзам өз табиятын жоготуп жатат.

“Азаттык”: Кантсе да алдыдагы айларда Кыргызстанда олуттуу өнүгүүлөр болот деп күтүлүүдө. Кыргыз президенти референдумду өткөрүп, өзү каалаган өзгөртүүлөрдү колдоп бергиле деп элди көндүрө алабы?

Парламент жана оппозиция 2010-жылга же башка убактарга салыштырмалуу алсызыраак абалда тургандай көрүнөт. Бирок “конституциялык өзгөртүүлөр колдоо табабы же таппайбы” деген суроонун суралып жатканы да бир нерседен кабар берет.

Ноа Такер: Борбор Азияда “өкмөттүн сунуштарын эл колдойт” деген стереотип бар. Буга кээде элдин тандоосу, кээде элди көз жаздымда калтырган бурмалоолор себеп болот. Эгер бул референдумда өзгөрүүлөр элдин колдоосуна ээ болбой калса, анда өтө кызык жыйынтык болмок. Балким бул - Кыргызстандагы демократиялык институттар үчүн позитивдүү жыйынтык болмок. Конституциялык өзгөртүүлөр өтпөй калса, Кыргызстанда чыныгы демократия бар экенин көрсөтмөк.

Өзгөртүүлөр жаман же жакшы дегенден алысмын. Кыргыз эли өзү чечим чыгарышы керек. Аларга кайсы тарапты тандоо керектигин айта албайм. Бирок маанилүүсү - эгер бул референдум ачык, бурмалоосуз өткөрүлсө, анда эл кандай добуш бергенин билмекпиз. Эгер кыргыз эли мурдагы Конституциянын калышын колдосо өлкөнүн демократиялык өнүгүшүн көрсөтмөк. Анда өкмөттүн сунушун эл колдобой койгон Борбор Азиядагы биринчи учур болмок.

“Азаттык”: Кыргызстанда бир катар саясатчылар Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып, бул багытта “Референдумга – жок!” кыймылы да түзүлдү. Алар бийликти көндүрүп же аларга жарандык басым кылып, өзгөртүүлөрдү референдумга жеткирбей токтотуп кала алышабы? Бул алардын колунан келеби?

Ноа Такер: Чынын айтсам, андай болсо мен таң калмакмын. Себеби президенттик администрациянын бул өндүү маселелерди колдоодо колдоно турган өтө көп административдик ресурсу, өкмөттүн ар кыл деңгээлиндеги көзөмөлү бар. Парламент жана оппозиция 2010-жылга же башка убактарга салыштырмалуу алсызыраак абалда тургандай көрүнөт. Бирок “конституциялык өзгөртүүлөр колдоо табабы же таппайбы” деген суроонун суралып жатканы да бир нерседен кабар берет.

Мисалы, коңшу Тажикстан быйыл референдум өткөргөндө анын жыйынтыгы эч кимде күмөн жараткан эмес. Бул багытта Кыргызстанга, керек болсо Атамбаевдин ишине баа берүү керек. Ал өзүнө бийликтин көп бөлүгүн алганы менен, демократиялык системаны түзүүгө салым кошкон. Анткени Кыргызстанда элдин эрки бир адамдын кызыкчылыгы үчүн колдонулуп кетет деп ойлобойм. Эгер референдум колдоо таппай калса, президенттин мурасы андан жакшыраак болмок. Эң жакшысы - маселени элдин чечимине коюу. Эч кийлигишпестен, элге өз оюн билдирүүгө уруксат берүү керек. Эгер эл каршы болсо, анда бир канча жолку бийлик алмашкан Кыргызстандагы демократиялашуу багытындагы эң чоң жетишкендик болмок.

Мени 2010-жылдагы улут аралык араздашуудан кийинки сезимдерди козгогон айрым аракеттер тынчсыздандырып жатат.

“Азаттык”: Конституцияга өзгөртүү киргизилээри жарыялангандан бери Кыргызстанда саясий кайым айтышуулар да күчөдү. Депутат Өмүрбек Текебаев кыргыз президентин жер басып алууга жана криминалдык төбөлдү боштондукка чыгарууга айыптады. Президент болсо Кыргызстанда өмүр бою абакка кесилген Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн тиешеси бар же жогун аныктоону Башкы прокуратурага тапшырды. Мындай кайым айтышуулардын болочоктогу өнүгүшү тууралуу эмне айтууга болот?

Ноа Такер: Кыргызстанда алдын ала жоромолдоп айтуу кыйын. Кайрадан эле мындай жагдай буга чейинки президенттердин учурундагы кырдаалга окшош. Президенттер канчалык узакка бийликте турса, ошончолук административдик жана аткаруучу ресурстарды, анын ичинде Башкы прокуратура, Коопсуздук комитети сыяктуу мекемелерди саясий оппоненттеринин оозун жабуу үчүн колдонушкан. Атамбаевдин кокустан мурдагы өнөктөштөрүнүн артынан түшкөнү жана ал тандаган жол кооптондурат. Бул – мурдагы президенттер Акаев жана Бакиевдердин учурундагы окуяларга окшошуп кетет. Анда Атамбаевдин өзү бутага алынган эле. Биз саясий айлампадан чыга албай калгандайбыз.

Атамбаев мурдагы президенттердин жолуна түшпөйт деп ишенем. Мени 2010-жылдагы улут аралык араздашуудан кийинки сезимдерди козгогон айрым аракеттер тынчсыздандырып жатат. Системадан четтетилген өзбек саясатчысына өз саясий каршылаштарын байланыштыруу жана кыргыздар арасында улутчулдукту күчөтүү аракети өтө коркунучтуу. 2010-жылдагы окуялар бул маселе кооптуу экенин көрсөтүп турат. Ал учурда мен жолуккан кыргызстандыктардын баары бул окуянын кайталанышын каалашпайт. Ал маселелерди саясий максатта кайра козгоо жана бир саясатчынын кызыкчылыгы үчүн улутчулдукту күчөтүү – өтө коркунучтуу оюн. Теги ким болбосун бул жагдай бардык кыргызстандыктар үчүн жакшы эмес. Бул оюнда жеңүүчү болбойт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG