Линктер

Жогорку Кеңеш 22-сентябрда “Референдум жөнүндө” мыйзам долбоорду экинчи окууда кабыл алды.

Анда биринчи окууда айтылган, тиешелүү комитеттин жыйынында сөз болгон долбоор боюнча парламенттик талкуу уюштуруу, көз карандысыз экспертизадан өткөрүү, референдум өткөрүү боюнча демилге көтөргөн адамдардын санын тактоо өңдүү бир катар сунуштар эске алынган жок.

Парламентте “Референдум жөнүндө” мыйзам долбоорду колдоп 98 депутат макул, алты депутат каршы добуш берди.

Негизи документти экинчи окууда талкуулоо бир саатка да жеткен жок. Баарын шаштырган Социал-демократтар фракциясынын депутаттары болду жана алар талкуу баштала электе эле ага чек коюу, дароо кабыл алып, добуш берүүгө жөнөтүү өңдүү сунуштарды айтып чыгышты.

"Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова мыйзам долбоор көз карандысыз экспертизадан өтпөгөнүн сынга алды:

- Бул өтө маанилүү мыйзам долбоор. Бул - конституциялык мыйзам. Коомдук талкуу өтүп жатканда Жогорку Кеңеште эле эмес, көз карандысыз экспертизалардан өтүшү керек эле.

Мыйзам долбоор боюнча баяндама жасап жаткан Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитетинин төрайымы, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Асел Кодуранова көз карандысыз экспертизадан өткөрүү шарт эмес деп жооп берди.

“Бир Бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров комитеттин жоопкерчилиги чоң экенин айтты:

- Эгерде мыйзам долбоордун авторлору кайсы бир беренелер Баш мыйзамга каршы келсе, же болбосо жазылган форматтарында мүчүлүштүк болсо, айтор баарын оңдоп-түзөй турган комитет да.

“Бир Бол” партиясынын дагы бир депутаты Мыктыбек Абдылдаев референдум өткөрүү демилгесин көтөргөн адамдардын санын тактоо боюнча биринчи окууда берилген сунуштары эске алынбай калганын айтып чыкты. Эгер тактоо болбосо кийин чоң маселелер жараларын эскертти.

- Биз мыйзамды бузганды үйрөнүп алдык. Конституцияны да бузбайлы. Баш мыйзамдын 114-беренесинде 300 миң шайлоочунун сунушу менен референдум өтөт деп жазылып турат. Биз бул долбоордо 10-беренеде 10 миң киши деп жатабыз. Мен биринчи окууда долбоорго 300 миңди кошуп койгула деп сурангам. Авторлору макул дешкен. Эгер бул мыйзам долбоор кабыл алынып, ага президент кол коюп койсо, анда Конституцияны бузган болуп калышы мүмкүн. Ушунун айынан башка чакырыктар чыгып кетпесин.

Алмамбет Шыкмаматов

Алмамбет Шыкмаматов

Бул мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов Мыктыбек Абдылдаевдин сунушу маанилүү экенин белгиледи:

- Өткөндө бардык депутаттар ушул маселени коюшкан. Ошондо биз экинчи окууда бул маселени кенен талкуулап, жыйындарды өткөрүп, коомчулук менен акылдашып, парламенттик угуу өткөрүп, ушундай сунуштарды киргизели деп айтканбыз. Кечээ күнкү комитеттин жыйында да биз "кайда шашып жатабыз, шашпайлы, бул өтө маанилүү мыйзам, принципиалдуу бололу" деп айтканбыз. Бирок тилекке каршы, долбоордун авторлору макул болбой жатканына карабай өткөрүп коюшту.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров да Шыкмаматовго үндөш пикирде:

- Бул негизи регламенттин нормасы. Жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын баарын камтып жаткан мыйзам болсо милдеттүү түрдө парламенттик угуу болушу керек деген норма бар. Мен парламенттик угуу, талкуу өткөрөлү деп сунуш кылам.

Аталган фракциянын дагы бир депутаты Исхак Масалиев да бул сунушту кубаттады:

- Азыр ушул жерде отурган 90 пайыз депутат эки анжы болуп отурат. Бир жагынан бул мыйзам долбоор керек деп жатат, ошол эле учурда эртең эмне болот деген ой бар. Чынында ушунтип кооптонууга негиз бар. Ошондуктан ар кандай сунуш болгондуктан мүмкүн болсо бир жума кармап турсак эч нерсе болбойт, талкуулап кайра алып келсек болот.

Эгер бул мыйзам долбоор кабыл алынып, ага президент кол коюп койсо, анда Конституцияны бузган болуп калышы мүмкүн.

Бирок Социал-демократтар фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров экинчи окууда кабыл алуу керек деп шаштырган депутаттардын бири болду:

- Эгер депутаттар айткандай мыйзам бузуу болсо, президент мыйзамга кол койгондон кийин дагы Конституциялык палатада аны жокко чыгаруу укугу бар. Депутаттар да, президент да жаңылышы мүмкүн. Биз Конституциялык палатанын чечимдерине баш ийебиз. Мен бул жерде мыйзам бузууну көргөн жокмун. Конституцияга каршы келе турган дагы норма жок. Кийин бир нерсе болсо Конституциялык палатага кайрылып, жокко чыгарганга мүмкүнчүлүк бар.

Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорду кийинки аптада үчүнчү окууда кабыл алышы мүмкүн. Ошентип Кыргызстанда күзүндө Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүгө жол чабыла баштады.

Мунун алдында, 21-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорунун акыркы тексти менен таанышканын жана аны колдогонун билдирген. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары туура чечим кабыл алып, аны референдумга коёруна ишенич арткан. Мурунку президенттер өз кызыкчылыгы үчүн Баш мыйзамды өзгөртсө, өзүндө жаман ой жок экенин эл билип калды деп айткан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG