Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:42

Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү демилгеси улам жаңы нааразылыктарды жаратууда.

Парламенттеги айрым фракциялар референдум жөнүндө мыйзам долбоору эрежелер сакталбай кабыл алынганын сындаса, “Референдумга жол жок” кыймылы октябрда Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы кол топтоп, курултай өткөрүүнү көздөп жатат.

Эки жээктүү саясий күрөштүн максаты эмнеде, ага жетүүнүн жолдору кандай болот, референдум идеясы коомду ынандырабы же ыдыратабы, ж.б.у.с. суроолорго “Арай көз чарай” берүүбүздө жооп издейбиз.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, 2010-жылдагы убактылуу өкмөттүн мүчөсү, “Референдумга жол жок” кыймылынын мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев жана коомдук ишмер Бүбайша Арстанбекова катышты.

“Азаттык”: Айнуру айым, референдум жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү иши да мыйзам бузуулар менен коштолуп, экспертизага берилбей, экинчи окуудан шашылыш өткөрүлдү деп сындагандар аз эмес болду.

Айнуру Алтыбаева: Бул мыйзам боюнча бүт процедуралар сакталып жатат. Ал эми коомдук угуулар боюнча маселе бар. Бул мыйзам долбоору июнь, июль, август – үч ай бою Жогорку Кеңештин интернет сайтында илинип турду. Экинчи угууга сунуштарын берем дегендерге мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Конституциялык палата өзүнүн укуктук корутундусун бериши керек эле. Ал мыйзам Конституцияга туура келеби же келбейби алар айтышы керек болчу. Алардын бирөө да жасалган жок, кантип анан биз мыйзамдуу иш болду деп айта алабыз.

“Азаттык”: Кеңешбек мырза, сиздердин “Референдумга жол жок” кыймылы референдумга каршы болууга жана Жогорку Кеңешти таркатуу боюнча элден кол топтоо демилгеси менен чыкканы айтылды. Эки маселенин бир коюлуп жатканынын себебин эмне менен түшүндүрөсүз?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Ооба, биз бүгүнтөн баштап эки талап коюп, кол топтоо баштадык. Эмне үчүн? Биринчиден, азыркы Жогорку Кеңештин референдум жөнүндө мыйзамды демилгелеп, көтөрүп чыгууга укугу жок. Экинчиден, бул демилгенин өзү бүт мыйзамдарды бузуу менен жүрүп жатат. Үчүнчүдөн, биз бийликти узурпациялап алууга жол бербейбиз. Анткени бүгүнкү Жогорку Кеңеш президенттик аппараттын бир бөлүмү болуп, алардан түшкөн гана көрсөтмөлөрдү аткарып калды. Буга биздин тиешелүү далилдерибиз да бар. Ошондуктан жогорудагы эки талап менен чыгып жатабыз.

“Азаттык”: Кенешбек мырза, сиздердин референдумдун өтүшүнө каршы чыгып жатышыңар эл арасында канчалык колдоо табат деп ойлойсуздар. Анткени кыймылдын башында тургандар жөнүндө карама-каршылыктуу пикирлер көп эмеспи?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Биздин оюбузча талаптардын баары колдоого ээ болот. Айнуру айым айтып жаткан жер-жерлердеги талкуулар жөнүндө бир да факты жок, кайда, эмне болду, канча киши катышты, протоколдор толтурулдубу, эч нерсе бере алышпайт. Мындан сырткары бул мыйзам долбоору бир дагы экспертизадан өткөн жок. Талап боюнча беш жерден: укуктук, гендердик, коррупциялык, керек болсо экологиялык да экспертизадан өтүшү керек болчу. Конституциялык палата өзүнүн укуктук корутундусун бериши керек эле. Ал мыйзам Конституцияга туура келеби же келбейби алар айтышы керек болчу. Алардын бирөө да жасалган жок, кантип анан биз мыйзамдуу иш болду деп айта алабыз. Ошонун баарын биз элге барып айтып, түшүндүрсөк, колдоо табарыбызга ишенебиз. Жогорку Кеңештин сайтына чыкты дейт. Элдин баары аны көрө албайт. Керек болсо, гезиттерге чыгарып, акыркы алыскы айылдарга чейин жеткирип, эл арасында коомдук талкууларды уюштуруу керек болчу.

“Азаттык”: Бүбайша айым, сиз Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү, аны референдум аркылуу чечүүнү колдоп келесиз. Сиз колдоп жаткан негизги принциптер кайсы, кайсы беренелердеги өзгөртүүлөрдү колдоп жатасыз?

Бүбайша Арстанбекова: Азыр шайлоочулардын баары тажап бүттү.

“Азаттык”: Эмнеден?

Бүбайша Арстанбекова: Баш мыйзам алмашкандан, так талаштан, бийлик талаштан...

“Азаттык”: Анда азыркы Баш мыйзамды өзгөртпөй эле тынч жашай берсек болмок да?...

Конституция деген тирүү организм. Биздин мамлекет башкаруу системасы боюнча беш-алты жылдан бери көптөгөн тажрыйбаларды алдык. Биз күтүп отурбашыбыз керек.

Бүбайша Арстанбекова: Тынч жашай берсек деле болмок. Бирок, менин жеке оюмда тынч тура албай турган маселелер болууда. Мурдагы Конституцияда “Кыргызстан эркин, демократиялуу мамлекет...” деп жазылган. Ал эми биздин эгемендүүлүгүбүз кайда? Эркин менен эгемендүүлүк деген сөздүн ортосунда чоң айырма бар. Мындан сырткары террористтик, сепаратисттик уюмга мүчө болгондор мамлекеттин жарандыгынан чыгарылсын деген норма кирип жатканы үчүн да Конституцияны колдоп жатам.

Кеңешбек Дүйшөбаев: 2010-жылы Атамбаев, Отунбаева болуп убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү “келген бийлик эле өзүнө карап Конституцияны өзгөртө берди, эми 2020-жылга чейин өзгөртпөйлү” деп ант бергенбиз. Он жыл элди тынч коелу дегенбиз. Эми Алмаз Шаршенович баш болуп анттан тайган кандай болот? Өлгөн балдардын алдында берген убадаларыбыз эмне болот? Ант бергенде кыргызда “Жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн” айткан. Өз айтканыбызга турушубуз керек болчу.

Айнуру Алтыбаева: Азыркы оппозициялык күчтөр маселенин сырткы көрүнүшүнө, талкуу болбой калды деген уюштуруу иштерине эле басым жасап жатышат. Биз Конституциянын ички мазмунуна көңүл буруп жатабыз. Конституция деген тирүү организм. Биздин мамлекет башкаруу системасы боюнча беш-алты жылдан бери көптөгөн тажрыйбаларды алдык. Биз күтүп отурбашыбыз керек. Айталы, сот системасы боюнча көп иштер бар. Баш мыйзам катып калган нерсе эмес, убакыт келди. Коомдо өнүгүү болушу үчүн керектүү өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек.

(Талкуунун толук варианты менен видеодон таанышыңыз)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG