Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Кошалиев: Парламент өз милдетинен четтеп кетти


Кадыр Кошалиев.
Кадыр Кошалиев.

Кыргызстанда референдумга каршы жана парламентти таратуу боюнча кол топтоо башталды. Аны уюштуруп жаткан “Референдумга жол жок!” кыймылынын жетекчилеринин бири Кадыр Кошалиев "Азаттык" радиосуна маек курду.

"Азаттык": Референдумга каршы түзүлгөн кыймыл буга чейин Баш мыйзамды өзгөртүүдөн баш тартууга бийликти чакырып келген. Эми парламентти таратуу демилгеси кошулуптур, буга кайсы жагдайлар түрткү болду?

Кадыр Кошалиев: Өлкөдө түзүлгөн саясий кырдаалды жалпы журт жакшы билет. Жайында баары эс алууда жүргөндө капилеттен чагылган түшкөндөй бийлик Конституцияны өзгөртүү боюнча демилге көтөрүп, анан ал коомдук талкуудан өткөрүлбөй эле, керек болсо Жогорку Кеңеште талкууланбай туруп таңуулана баштабадыбы. Ошондон тарта референдумга каршы күчтөрдүн биригүүсү башталган. Биз сентябрдын башында эле каршылык көрсөтүүлөрдү баштамакчы болгонбуз. Бирок, Эгемендиктин 25 жылдыгы, Көчмөндөр оюндары тынч өтүп кетсин дедик. Андан кийин КМШ өлкө башчыларынын саммити өтүшүн күттүк, президент Алмазбек Атамбаев 60 жылдыгын өткөрүп алсын деп тынч турдук. Ушул айда референдумга каршы улуттук, мекенчил күчтөр, саясатчылар, журналисттер, жарандык коом, жаштар биригип, атайын кыймыл түзгөнбүз. Мындан мурда референдум тар саясий кызыкчылыкка байланыштуу экенин, укуктук-процедуралык маселелер бузулуп жатканын айтып чыкканбыз. Эми болсо жогорудагы маселелердин баарын мыйзамдуу түрдө аткара турган, өзүнүн милдети болгон Жогорку Кеңеш президенттик аппараттын бир бөлүмүнө окшоп калды. Эмне айтса, ошону аткарып жатат.

Бүгүн эки маселе боюнча кол топтоо башталды. Биринчиси - референдумга каршы турабыз деген ураан менен, экинчиси кол топтоо азыркы Жогорку Кеңешти таратуу маселеси боюнча болот. 8-октябрда биздин кыймыл элдик курултайга чогулат.

Жакында эле "Референдум жөнүндөгү" мыйзам да регламентти бузуу менен шашылыш кабыл алынды. Мындай чоң конституциялык мыйзам кабыл алынардан мурун коомдук, элдик чоң талкуулар болуш керек эле. Ага карабай тездетип, өткөрүп салышканы референдумга жол ачып берүүдө. Ошондуктан биз алтынчы чакырылыштагы парламент мыйзамдуу вазийпасын так аткарбай, улуттук, мамлекеттик кызыкчылыкка каршы иштеп жаткандыктан таратылсын деп жатабыз.

"Азаттык": Кол топтоо жараяны качанга дейре созулат?

Кадыр Кошалиев: Бүгүн эки маселе боюнча кол топтоо башталды. Биринчиси - референдумга каршы турабыз деген ураан менен, экинчиси - азыркы Жогорку Кеңешти таратуу маселеси боюнча болот. 8-октябрда биздин кыймыл элдик курултайга чогулат. Ошондо эң алгачкы коомдук пикирлердин жыйынтыгы талкууланат. Канча кол топтолгону белгилүү болот. Курултайда чечим кабыл алынгандан кийин каршылык акцияларын жер-жерлерде улантабыз. Коомдук колдоо азыр эле байкалууда. "Референдумга жол жок!" кыймылынын катарына күн сайын жаңы күчтөр, жаңы топтор кошулуп жатат.

"Азаттык": Бул аракеттерден натыйжа чыгып, бийлик Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүдөн баш тартарына көзүңүз жетеби?

Кадыр Кошалиев: Бул цивилизациялуу жолдогу аракеттер. Кол топтоо аркылуу коомдүк кысым көрсөтүү, митинг өткөрүү менен бийликти максатынан артка кайтарууга умтулуп жатабыз. Мыйзамга ылайык, биз курултай өткөрүү ыкмасын тандап алдык. Айта кетүүчү жагдай, биздин "Элдик курултай кыймылы" 2012-жылы эле азыркы Баш мыйзам туңгуюкка алып келерин айтып, улуттук Конституция кабыл алынышы керектигин сунуштаганбыз. 300 миң кол топтоо үчүн бийлик бутактарына, БШКга кайрылганбыз. Ошондо бизге "Баш мыйзам 2020-жылга чейин өзгөрбөйт" деп айтышкан. Мына азыр бийликтин өзүнө керек экен каалагандай кылып жатат.

XS
SM
MD
LG