Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Украина: мунаса табуу убайымы


"Норманд" төрттүгүнүн Берлиндеги жыйыны.
"Норманд" төрттүгүнүн Берлиндеги жыйыны.

Берлинге чогулган Франция, Германия, Украина жана Орусиянын лидерлери Донбасс аймагындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картаны ноябрь айынын соңуна чейин иштеп чыгууга макулдашты.

Бирок украин президенти Петро Порошенко түн жарымына чейин созулган жыйындан кийин билдиргендей, тараптар эч бир документке кол коюшкан жок. Украинанын чыгышында тынчтыкты орнотууну көздөгөн Минск келишиминен эки жылдан бери толук майнап чыкпай келет.

Кол коюлган келишим жок

“Норманд төрттүгү” атка конгон, төрт өлкөнүн лидерлеринен турган топ быйыл биринчи ирет Украина маселесин талкуулоо үчүн жолугушту. Бул жолу тараптарды немис канцлери Ангела Меркел бир үстөлгө чогултту. Ал орус президенти келгиче украин президенти Петро Порошенко, Франциянын мамлекет башчысы Франсуа Олланд менен өзүнчө жыйын өткөрдү. Тараптар Украинадагы кырдаал боюнча укмуштуудай бир жыйынтык күтүшпөгөнү менен жыйынга катышууну чечишкен.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгына ылайык, "Норманд төрттүгүнүн" тышкы иштер министрлери ноябрь айынын соңуна чейин Донбасс боюнча жол картаны иштеп чыга турган болду. Бирок бул макулдашууну тастыктаган эч бир документке кол коюлган жок. Украин президенти Петро Порошенко бул жол картадан кийин гана Минск келишиминдеги негизги шарттарды аткаруу маселеси талкууланарын айтты.

Минск келишими 2014-жылы сентябрында ЕККУнун ортомчулугу менен кабыл алынып, 2015-жылкы сүйлөшүүлөрдөн кийин кайра жаңыланган. Бирок эки макулдашуу тең Украинанын чыгышындагы кармашты токтото алган жок.

Берлиндеги жыйындын алдында болгон нааразылык акциясы.
Берлиндеги жыйындын алдында болгон нааразылык акциясы.

Украиналыктар ок атышуу токтогондо гана келишим аткарылмак дешет. Алардын бири Жогорку Раданын депутаты Светлана Зилищук:

- Минск келишиминин өз логикасы бар. Анын биринчи пунктуна ылайык, ок атышуу токтошу керек. Экинчи пункт боюнча аскерлерди чыгарып кетүү зарыл. Үчүнчүдөн, саясий туткундар бошотулуп, төртүнчү пункт боюнча ЕККУнун байкоочулар миссиясына эшик ачылышы керек. Бул иштер аткарылгандан кийин гана саясий кадамдар жөнүндө сөз болушу мүмкүн. Коопсуздук камсыз кылынмайынча, ок атышуу токтомоюнча жана келишимдин алгачкы шарттары аткарылмайынча Украина кийинки кадамдарга барбайт. Азыр бул багытта Украин президентине карата парламентте колдоо бар.

"Өзгөчө макам" талкуусу

Деген менен Минск келишимдеринде Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарынын айрым аймактарына өзгөчө макам берүү маселеси да бар. Украинанын Радасы бул багытта мыйзамдарды кабыл алганы менен чыгышта кырдаал тынчымайынча аны ишке ашырууга шашылган эмес. Анын үстүнө украин коомчулугунда “өзгөчө макамды” жикчилдердин талабына моюн сунгандык катары мүнөздөгөндөр көп. Орус президенти Владимир Путин “өзгөчө макам” Баш мыйзамга киргизилиши керек деп айтканынан кайта элек:

- Эмне үчүн Конституцияда бекитилиши керек? Эгер мыйзамды ишке киргизсе, эртең Баш мыйзамга каршы келет деп ал жокко чыгарылышы мүмкүн. Элдин баары аны так түшүнүп турат. Ошондуктан аны Конституцияга киргизүү керек. Бул тууралуу 17 саат бою Минскиде сөз кылганбыз. Эгер бул иш аткарылбаса, анда азыркы бийлик өз өлкөсүнүн түштүк-чыгышындагы маселелерди чечүүгө даяр эмес дегенди билдирет.

Шаршембиде Донецкиде "Моторола" деген ат менен белгилүү орусиялык талаа командири Арсен Павловдун тажиясы өттү.
Шаршембиде Донецкиде "Моторола" деген ат менен белгилүү орусиялык талаа командири Арсен Павловдун тажиясы өттү.

Украинада 2013-жылдын аягы жана 2014-жылдын башында “Евромайдан” деген ат менен белгилүү элдик толкундоолордон кийин президент Виктор Янукович бийликтен четтетилген. Андан көп өтпөй Орусия референдум өткөнүн жүйө кылып, Крымды аннексиялап алган. 2014-жылдын апрель айында Украинанын чыгыш облустарында Орусияны жактаган жикчилдер менен жаңы өкмөттүн күчтөрүнүн ортосунда кармаш тутанган. Андан бери жаңжал токтобой баш-аягы 9,5 миңден ашык адамдын өмүрүн жалмады. Айрым маалыматтар боюнча, жикчилдер Украина менен Орусиянын чек арасынын 400 чакырымдайын көзөмөлдөп турушат. Батыш өлкөлөрү бул окуялардан улам Орусияга санкцияларды киргизген.

АКШ президенти Барак Обама Италиянын тышкы иштер министри менен жолукканда келишимдеги шарттар аткарылмайынча санкциялар сакталарын айтты:

- Биз Украинадагы кырдаал тууралуу тынчсызданууларыбызды талкуулап, Орусия менен Украина Минск келишимин аткармайынча санкцияларды сактоо маанилүү экенин сүйлөштүк. Ал максатка жетүү үчүн биз “Норманд” тобу менен дипломатиялык иштерди улантабыз.

Тараптар кырдаалды жөнгө салуунун дипломатиялык жолдорун издеп жатканда Украинанын чыгышында дале кармаш жүрүп жатат. Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун миссиясы өзүнүн күндүк баяндамасында Донбасста атышуулар күчөгөнүн кабарлады.

Жакында Донбасста жикчилдердин отрядын жетектеген, “Моторола” аттуу ат менен белгилүү орусиялык талаа командири Арсен Павлов жардыруудан мерт кеткенден кийин өздөрүн “Донецк эл республикасы” деп атаган аймактын лидерлери Украин бийлигине сөөмөй кезеген болчу.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG