Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

Адабият боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаты, беларус жазуучусу Светлана Алексиевич өткөн жылы “Эркин Европа/Азаттык” үналгысына маек курган.

Ал орус аскерлеринин Сирияга жиберилгенин түшүнүү кыйын экенин, Украинадагы окуяларды кайра куруу жылдарындагы нес кылуучу жагдайларга салыштырса болорун белгилеген. Маекти журналист Тимур Олевский уюштурган.

- Сиз Сирияда күндө болуп жактан окуялардан кабардар болуп турасызбы?

- Албетте, экрандан адамдардын өлүмүн көрө бергенден тажаган адамдар сыяктуу бул маселе мен үчүн да маанилүү. Бир сүрөткер үчүн бир адам экинчисин өлтүрүп жатканы чыдай алгыс жагдай. Ал жерде эмне болуп жатканын түшүнүү кыйын.

- Ким ким менен согушуп жатканын түшүнгөн адамдар аз. Бирок Орусияда бул окуяларды көрүп жатып көп адамдар согушту жактырып калышкандай. Эмне үчүн?

- Бул өтө коркунучтуу. Сапарга чыгаардан мурда менин профессор таанышым келип калды. Биз чай ичкени отурсак: “Уксаң, бизде 15 чакырым алыстыктан бутага ала турган курал бар. Ал Путинде гана бар, башка эч кимде жок”,-деди. Мен анын жүзүндөгү кубанычты көрүп, ага: “Мен эч нерсени түшүнбөй турам. Бизге эмне болду?”-деп айттым. Себебин түшүнө албайм.

Бир четинен түшүнсө болот. Албетте, бул – аскердик маданият. Биз согуштун адамдарыбыз. Бизде башка тарых болгон эмес, же согушка даярданчубуз же согушчубуз. Андыктан милитаризм адамдын аң-сезиминдеги бардык кнопкаларды дароо иштетип койду.

Светлана Алексиевич Нобел сыйлыгын алган учур.

Светлана Алексиевич Нобел сыйлыгын алган учур.

- Сирияда да, Украинада да согушка катышкан адамдарга мамиле кандай болот? Ар башка согушка ар башкача мамиле болобу же бирдейби?

- Мен билбейм. Албетте, Сириядагы согуш алыс жерде болуп жатат. Бирок ал да коркунучтуу. Ал эми Украина менен согуш - кайра куруу доорундагы нес кылуучу өзгөрүүлөргө тете. Адамдардын аң-сезими нес болуп турат. Анткени бир тууган бир тууганы менен согушуп жатат.

- Украинадагы согушка байкоо салып турганда, ким туура эмес жана ким туура экени боюнча бир позицияңыз болгонбу?

- Албетте. Мен Украина тараптамын. Бул - чыныгы оккупация.

- Украинадагы окуяларды Сириядагы окуяларга байланыштырасызбы?

- Жок, таптакыр болбойт.

- Эмнеге?

- Анткени Украина маселесинде Путиндин максаты түшүнүктүү болчу – Орусияны кое бербөө. Украинасыз Орусия деген эмне? Украинасыз Орусия коё бергиси келбеген империялык түшүнүк жоголот. Сирия болсо алыс жакта. Ал элге таптакыр түшүнүксүз. Керек болсо мага, Толстой, Достоевский, Ремаркты окуган, саясаттан анчалык алыс эмес, отуз жыл бою “кызыл киши” менен алпурушкан адамга да ал жакта эмне кылып жатканыбыз түшүнүксүз.

Чыгыш Украина

Чыгыш Украина

- Сиз үчүн Орусиянын чеги каякта башталып, каякта бүтөт?

- Жок, дегенде азыркы турган чектери. Бирок Беларус менен Украина Орусиянын чегине кирбейт. Муну сиздер эстен чыгарбаңыздар.

- Советтик адам дале жашап жатат, Украинада, Орусияда, керек болсо Беларуста советтик адамдын кайрадан төрөлүшү жүрүп жатат дегендер бар. Эмне үчүн сиз бул циклди жыйынтыктаган китепти жаздым деп ойлойсуз? Бул советтик адамды изилдеш керек эмеспи?

- Орусияда, Украинада жана Беларусияда таптакыр башкача окуялар болуп жатат. Мен жашаган Беларусиядан баштасак. Ал жакта убакыт токтоп калгандай. Ал адамдар социализмден алыстабагандай. Бийлик жөнүндө түшүнүк да ошондой. Украинада болсо адамдар өзгөргөн. Мен жакында ал жакта болуп келдим. Карыган профессор болобу, карыган министрби же жаш журналисттер болобу, алардын баары англисче үйрөнүп жатышат. Мени менен чет өлкөлүк журналисттер барган эле. Украиналык жаш журналисттер алар менен оңой эле англисче тил табышып кетишти. Алар келечекти каалашат. Алар келечекти таптакыр башкача түшүнүшөт. Орусия болсо... О кудай, Орусия сени кайда болбосун кууп жетет.

Мисалы, Германияда мен таксиге отуруп калдым. Менин орус түспөлүндө экенимди көрүп, биз сүйлөшө баштадык. Кандай десем, алар беларустарды бөлүп карашпайт. Анан “сен өзүбүздүкү, орус турбайсыңбы” деди. Ал он жылдан бери бул жакта экенин айтты. Анан биз Путин жөнүндө сүйлөшүп кирдик. Мен Путинге эмес, Путинге каршы тургандарга ушундай жек көрүүчүлүктү көптөн бери көрө элек болчумун.

- Путин дегенде адамдардын аң-сезимине эмне келет?

- Албетте, империя жана күчтүү мамлекет. Орус кишисине бул түшүнүктөн арылуу өтө кыйын болот. Мен китеп жазып жатканда бир суроо сурагам. “Сиз нормалдуу өлкөдө жашагыңыз келет беле же күчтүү өлкөдөбү?”,- деп сурагам. Сексен пайызы күчтүү өлкөдө жашагысы келет. Орус маданиятында жогорку бир идея маанилүү. Ал адамга жетишпеген боштукту толтуруп турчу.

- Билесизби, азыр Орусияда бир талкуу жүрүп жатат. “Өлкөдөн кеткендер өлкөдө калгандардын алдында күнөөлүү. Биринчиден, өлкөнү өзгөртүү керек, экинчиден, өлкөдө калгандарга акыл үйрөтүү анча жакшы эмес” деген таризде. Сиз кандай ойлойсуз?

- Адамдын кеткенге укугу бар. Мен өзүм он жыл иммиграцияда болгом.

- Өлкөдөн кетип, бирок сырттан кандай жардам кылса болот?

- Өлкө жөнүндө эмне ойлогонуңду айтсаң болот. Анын үстүнө сыртка чыккан адамдар эки эсе жакшыраак көрүп калышат. Башка дүйнөнү жана биздин дүйнөнү, албетте, алар тагыраак көрө алышат.

- Өлкөдө калгандар сени угушу үчүн аны кантип айтуу керек?

- Менимче, суроону башкача бермекмин. Ал адамдарды кантип угуу керек? Менимче, сенин өзгөрүүңө жана адам бойдон калышыңа өбөлгө боло турган бардык нерсеге кулак төшөө керек. Ошондо коом башкача болот. Ошондо сен башкада жок пулемёт же миномёт сенде бар экенине кубанбайсың.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG