Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Орус-немис министрлери Украинаны сүйлөштү


Германия менен Орусиянын тышкы иштер министрлери.
Германия менен Орусиянын тышкы иштер министрлери.

15-августта Орусия менен Германиянын тышкы иштер министрлери жолукту. Анда Украина жана Сирия чатагын жөнгө салуу маселеси талкууланды. Германия министри Франк-Вальтер Штайнмайер Киев менен Москваны кырдаалды курчутпоого чакырды.

Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Екатеринбург шаарында жолугушту. Штайнмайер Орусиянын бул шаарына “Энергетика тармагынын өнүгүү жолдору. Азыркы замандын талаптары” деген темада немис-орус жайкы окууларын ачуу максатында келген.

Бул иш-чарадан сырткары Германия менен Орусия министрлери Украина жана Сирия чатагын жөнгө салуу маселесин да талкуулашты. Бул маселелерди чечүүнүн жолу катары эки министр Украина чыгышында тынчтыкты орнотуу максатында Минск тынчтык жараянын улантууну макулдашкан.

Ошол эле учурда Сергей Лавров Орусия Киевдин Крымда "диверсиялык кол салууну" уюштуруу боюнча “четке кагууга болбой турган” далилдерди алып чыгууга даярдыгын билдирди:

- Албетте, телеберүү аркылуу баарын көрсөтө албайбыз. Бизде андан сырткары кошумча далилдер бар. Анда Крымдагы окуя Украинанын Коргоо министрлигинин башкы чалгындоо башкармалыгы тарабынан мурдатан даярдалган диверсия экендигинин четке каккыс далилдери бар. Диверсиянын максаты - Крымындагы абалды туруксуздаштыруу болгон. Биз коомчулукка жарыялаган маалыматка кошумча фактыларды батыштагы өнөктөргө көрсөтүүгө даярбыз. Мындай нерселердин кайра кайталанбашы үчүн алар Киевге таасир этиши керек.

Украина өз кезегинде Крымда диверсия жасалды дегенге эч кандай тиешеси жоктугун билдирген. Украина президенти Петро Порошенко “Орусия Донбасста аскерлерибиз жок дегендей эле Крымда да беттырмалык кылып жатат” деген. Президент ал окуяга тынчсыздануусун айткан:

- Мен ал факт боюнча өтө тынчсыздандым. Ал өлкө чыгышында артиллериялык аткылоолор кескин күчөгөн мезгилге туш келүүдө. Украина куралдуу күчтөрүн, Улуттук гвардия жана Коопсуздук кызматын жогорку күжүрмөн даярдыкка алып келүүнү тапшырдым. Өзгөчө көңүл Крым менен танапташ жана фронт жүрүп жаткан райондорго бурулушу керек.

Германия министри Штайнмайер акыркы мезгилде Украинада кырдаалдын курчушу “кооптонуу жаратканын” айтып, диверсия жасалды деген жерге иликтөө жүргүзүү үчүн Киев менен Москваны чакырды.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Крымдагы окуя Орусиянын Украина менен дипломатиялык мамилесин үзүүгө алып барбасын билдирген. Бирок Украина Орусиянын жаңы элчисин дайындоого макулдук берген эмес. Учурда элчинин милдетин убактылуу ишенимдүү өкүл аткарып жатканы маалым.

Крым окуясынан кийин Орусия Украинага чектеш аймактарда куралдуу күчтөрдү күжүрмөн даярдыкка алып келген. Президент Владимир Путин Минск келишими боюнча Кытайда Чоң жыйырмалыктын жыйынында Германия, Франция жана Украина лидерлери менен жолугушуунун эч кандай мааниси калбаганын билдирген.

Германия менен Орусия министрлери Сирия маселесин, анын экинчи чоң шаары Алеппонун айланасында түзүлгөн кырдаалды да талкуулашкан. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров:

- Биз Алепподогу кырдаалды да сүйлөштүк. Бизде Орусия, АКШ, батыш өлкөлөрү, ал эмес региондогу өлкөлөрдүн жана Бириккен Улуттар уюмунун катышуусу менен тынч жарандардын абалын жеңилдетебиз деген үмүт бар. Ошону менен бирге шаардын жана региондун бир бөлүгүн көзөмөлдөп турган жоочуларга өз шартын таңуулашына жол бербейбиз.

Сергей Лавров кыска мөөнөттүк гуманитардык максаттагы ок атууну токтотууну жоочулар күчтөрүн топтоштурууга, жаңы жанкечтилерди жана курал-жарак алып келүүгө пайдаланып жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде Штайнмайер Алепподогу абалды “гуманитардык катастрофа” катары баалап, дайымаачык турган гуманитардык коридор керектигин белгиледи.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG