Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:53

«Камбар-Ата 1»: коңшулардын дымагы, коомчулуктун суроосу


Кыргызстан «Камбар-Ата 1» ГЭСин курулушун баштарын жарыялады. Өлкөнүн жаңы президенти Садыр Жапаров Өзбекстанга сапары учурунда гидроэнергетикалык ири долбоорду Ташкент менен биргеликте кура турганын билдирүүдө.

30 жылдан бери ишке ашпай келген долбоорду коңшу өлкө менен турмушка ашырууга канчалык ишеним бар?

Бул жолу «Биз жана дүйнө» программасында дал ушул суроо талкууланды. Ага Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев, Энергетика, өнөр жай министрлигинин долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Мухаммедамин Аскаров жана Ташкенттен суу-энергетика маселелери боюнча эксперт Бахтиёр Эшчанов катышты.

«Камбар-Ата 1» ГЭСи качан курулушу мүмкүн?

“Азаттык”: Мухаммедамин мырза, ушул күндөрү Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев баш болгон делегация Ташкентте сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы белгилүү болду. Азыркы тапта «Камбар-Ата 1» ГЭСин куруу боюнча долбоор кайсы баскычта турат?

Мухамедамин Аскаров.
Мухамедамин Аскаров.

Аскаров: Бул келишимге эки өлкөнүн Энергетика министрликтеринин деңгээлинде кол коюлган.

Ушул жылдын 13-мартында Өзбекстандын энергетика министри жетектеген делегация Бишкекке келип, тиешелүү жолугушуу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы энергетика, гидроэнергетика, мунай-газ жаатындагы жана «Камбар-Ата 1» ГЭСин куруу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча координациялык комитет түзүү чечими кабыл алынды.

Ошол комитеттин биринчи отурумунда эле комплекстүү программа бекитилип, мөөнөтү, ага жооптуу адамдар аныкталды. Эки өлкө тең тиешелүү жумушчу топторду түздү. Бул иштин биринчи этабы. Бул этапта жумушчу топ биргелешкен техникалык сунушту даярдап чыгышы керек. Бул сунуш кыргыз жана өзбек өкмөттөрүнүн деңгээлинде макулдашылат. Мындан соң финансылык шарттарды аныктап, негизги келишимге өтөбүз.

“Азаттык”: «Камбар-Ата1» ГЭСин куруу боюнча буга чейин эле долбоорлоо иштери жүргөнү, техника-экономикалык негиздеме даярдалганы белгилүү. Азыр ошол эле долбоордун негизинде курулабы же кубаттуулугунда өзгөрүү болобу?

Аскаров: Жогоруда аткандай, жумушчу топторду түздүк. Өзбек тараптын өз документтери бар, биздин да документтер бар. Жумушчу топтун алкагында документтерди бири-бирибиз менен алмашып, карап чыгабыз.

“Азаттык”: Ал эми мөөнөтү аныкталганбы? Качан долбоорлоо иштери бүткөрүлүп, курулуш иштери башталышы мүмкүн?

Аскаров: Эгерде финансылык каражат үзгүлтүксүз болсо, курулушту жүргүзчү подрядчылар, көзөмөл жүргүзгөн консультанттар аныкталса, 1860 мВт кубаттуулуктагы «Камбар-Ата 1» ГЭСинин төрт агрегатын 8-9 жылдын ичинде толугу менен ишке киргизсе болот.

"Азаттык": Бул долбоордун баасы канча болот? «Камбар-Ата 1» ГЭСин канча каражатка курса болот? Эсептелгенби?

Аскаров: 2012-жылы Орусия менен биргеликте ишке ашыруу пландалганда техника-экономикалык негиздемеси даярдалган. Ал документтин негизинде 1860 мВТ кубаттуулуктагы ГЭСке 2,9 миллиард АКШ доллары сарпталат деп эсептелип чыккан.

“Азаттык”: Аалы мырза, кыргыз бийлиги «Камбар-Ата 1» ГЭСин Өзбекстан менен биргеликте кыска убакыт ичинде куруу боюнча амбициялуу планды жарыялады. 30 жылдан бери ар бир бийлик курууга убада бергенин эске алсак, бул долбоор ишке ашат деген ишеним барбы?

Аалы Карашев
Аалы Карашев

Карашев: «Камбар-Ата 1» ГЭСи абдан ири улуттук стратегиялык долбоор. Советтер союзунун учурунда Кыргызстан эле эмес, жалпы Борбор Азия үчүн өзгөчө мааниге ээ курулуш экени белгиленген. Ал көптөн бери эле пландалып, бирок ишке ашпай келет. Менин өзүмдүн практикамды эле айтсам, 2000-жылдардын башында эле курууга белсенип, үч-төрт жылда бүткөрөбүз деген план коюлган. Анда ишке ашкан жок. 2012-жылы Орусия менен биргеликте ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөргө катышкам, ал да ишке ашпай калды.

Эми бул долбоорду куруу боюнча президент Садыр Жапаров менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин билдирүүлөрүнө абдан ишенгим келет. Аны ишке ашыруу үчүн колдон келген бардык жардамды берүүгө да даяр болушубуз керек деп ойлойм. Анткени «Камбар-Ата 1» ГЭСи өлкө келечегин, Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун, «СASA-1000» долбоорун эске алганда сөз жеткис мааниге ээ.

Өзбекстан өзгөртүүнү каалайт

“Азаттык”: Бахтиёр, Өзбекстанда «Камбар-Ата 1» ГЭСин курууга катышуу боюнча келишимди кандай кабыл алышты?

Эшчанов: Ушул тармактагы изилдөө жүргүзгөн адам катары регионалдык деңгээлде бул ГЭСти куруу жана суу ресурстарын биргеликте колдонуу демилгесин абдан кубаттайм. Бул долбоорду жөнөкөй адамдар, коомчулук да колдоого алып, оңунан баалайт деген ишеним чоң.

“Азаттык”: Бул долбоорду ишке ашырууга өзбек бийлиги канчалык кызыкдар? Кыргыз тараптын сунуштарына көнүп, инвестор катары гана катышууну сунуштаганы айтылып жатат. Өзбекстандын инвестор болууга экономикалык мүмкүнчүлүгү барбы?

Бахтиёр Эшчанов
Бахтиёр Эшчанов

Эшчанов: Алгач 2017-жылы Өзбекстан бул демилгени сунуштаганын эске салгым келет. Тагыраагы, Кыргызстан инвестиция боюнча сунушту бергенге чейин эле өзбек тарап бул маселени көтөргөн. Менин пикиримде, «Камбар-Ата 1» ГЭСин куруу боюнча маселе өз убагында көтөрүлдү. Азыркы тапта эки тарап тең Кыргызстанда да, Өзбекстанда да электр энергиясынын тартыштыгы сезилип жатат. Климаттын өзгөрүшү жана региондо калктын санынын көбөйүшү менен маселе дагы курчуй берет. Ошондуктан, бул долбоорду бирге курууга белсенгенин абдан жакшы окуя катары баалайм. Абдан прагматикалык кадам. Мен бул долбоорду үч жыл ичинде ишке ашат деп айта албайм, бирок эки тарап бул багытта прагматикалык саясат жүргүзүп жатканын белгилегим келет.

“Азаттык”: Бахтиёр мен суроону тактай кетейин. Өзбекстандын экономикалык мүмкүнчүлүгү кандай?

Эшчанов: Чынында эле Өзбекстандын абдан олуттуу энергетикалык стратегиясы бар. Анын ичине Атомдук электр станцияны, ондогон ГЭСтерди куруу планы кирет.

Өзбекстандын бул долбоорлорунан айырмаланып, «Камбар-Ата 1» ГЭСин ишке ашыруу жеңилирээк жана ыңгайлуу деп айтсам болот. Ошондуктан, Камбар-Ата ГЭСине инвестиция салуу АЭС же күн, шамал менен иштей турган электр станцияларын курууга караганда Өзбекстан үчүн оңойураак.

“Азаттык”: Демек, учурда Өзбекстан бул долбоорду ишке ашырууга абдан кызыкдар деп айтсак болобу?

Эшчанов: Менин оюмча, бул долбоорго өзбек тарап эле эмес, Кыргызстан да андан кем эмес кызыкдар.

“Азаттык”: Мухамедамин мырза, ГЭС курула турган болсо сууну бөлүштүрүү механизми кандай болот? Ушул долбоордун алкагында Өзбекстан инвестор катары кандай укуктарга ээ болот?

ГЭС Кыргызстандын аймагында курулуп жаткан соң сууну бөлүштүрүү рычагдары кыргыз тарапта болушу керек деп ойлойм.​

Бирок ГЭС Кыргызстандын аймагында курулуп жаткан соң сууну бөлүштүрүү рычагдары кыргыз тарапта болушу керек деп ойлойм.
Мухаммедамин Аскаров.

Аскаров: Азыр иштин биринчи этабында элебиз. Учурда техникалык сунуш даярдалып жатат, анын алкагында сиз айткан шарттар каралат. Бирок ГЭС Кыргызстандын аймагында курулуп жаткан соң сууну бөлүштүрүү рычагдары кыргыз тарапта болушу керек деп ойлойм.

“Азаттык”: Сиз белгилеп өткөндөй, сүйлөшүү, жумушчу топтордун иши пландагандай жүрсө, ГЭСти куруу кайсы убакта башталып калышы мүмкүн? Бул боюнча так мөөнөт белгилендиби?

Аскаров: Биз азыр алдыбызга оптимисттик пландарды коюп жатабыз. Бул долбоорду ишке ашырууда маанилүү иш негизги келишимге кол коюу. Дал ушул келишимге жылдын аягына чейин кол коюуну пландап жатабыз. Андан соң аны ратификациялоо керек. Аны дагы жыл аягына бүткөрсөк деген ниет болуп жатат.

Карашев: Колдогу байлыкты иштетиш керек

“Азаттык”: Аалы мырза, өлкө ичинде ГЭСти коңшу өлкө менен биргеликте куруу канчалык туура деген пикирлер айтылып жатат. Ал эми эл аралык коомчулук «Камбар-Ата 1» сыяктуу ири объекттерди Борбор Азиядагы сууга бай жана сууну көп колдонгон өлкөлөр чогуу куруп, анын пайдасын чогуу көрүшү керек деп сунуштап келген. Демек, аймактагы өлкөлөр азыр гана бул долбоорду ишке ашырууга бышып жетилдиби?

Карашев: Бул маселе кечээ эле чыга калган жок. Кыргызстан буга чейин деле Өзбекстан, Казакстан, Орусия менен бирге куралы деп сунуштап келген. «Камбар-Ата 1» ГЭСи Кыргызстан үчүн абдан зарыл долбоор, ал кандай болбосун курулушу керек. Экинчи жагынан Кыргызстан тоолуу, сууга бай мамлекет. Бизде 2000ге жакын узундугу 10 чакырымдан ашкан дарыялар бар. 760 миллиард куб метр запасы менен 6580дей мөңгү бар.

Биз буларды туура пайдаланышыбыз керек. Ар кыл булактардын эсептөөсү боюнча Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы 145-150 миллиард кВт.саатка жетери айтылып жүрөт. Ошонун ичинен 2020-жылдагы статистика боюнча 15,3 миллиард саатын же 10 пайызын гана пайдаланып жатабыз. Ушуларды сөзсүз түрдө иштетишибиз керек. Союз маалынан бери эле Нарын дарыясынын нугуна 35тей ГЭС курса болот деген долбоорубуз бар. Ошолорду четинен курбасак болбойт.

Мен келишимди түзүүдө так чечимдер керек деп ойлойм. Шартын аныктап, башкаруусун, кызыкчылыктарын түшүнүктүү кылып түзүп, кийин суроо жаралбагандай жазыш керек. Адатта маселе эмнеден чыгат? Ачыктык болбой калганда чыгат. Ошондуктан, бул келишимди түзүүдө ачык иш алып баруу кажет.

“Азаттык”: Бахтиёр, биз жакшы билгендей, Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов «Камбар-Ата». «Рогун» сыяктуу ири энергетикалык долбоорлордун курулушуна каршы болуп келген. Өзбек бийлиги эмне себептен бул тармактагы саясатын өзгөртүүнү чечти?

Эшчанов: Бул жааттагы эки өлкө ортосундагы түшүнбөстүккө саясий эрктин жоктугу себеп болгон деп ойлойм. Мына ушундан улам гидроэнергетика абдан рентабелдүү тармак болгонуна карабастан ири долбоорлор ишке ашпай келди. Албетте, бул ГЭС курулушунун коопсуздугуна байланыштуу көйгөй болгон. Мындан сырткары суу, энергетикага байланышкан маселелер чөлкөмдөгү өлкөлөрдө ашыкча саясатташып кеткен. Ушунун баары кайсы бир деңгээлде долбоорлордун ишке ашышына тоскоол болду. Бирок мени мунун баары артта калып, мамлекеттик деңгээлде саясий эрктин пайда болгону кубандырды.

Эмне болсо да, биринчи кадамдар ташталды. Эми бул багыттагы кызматташтыктын жолдорун жана механизмдерди конкреттештирип, өнүктүрө бериш керек деп ойлойм.

“Азаттык”: Дегеле, суу-энергетикалык жааттагы мамилелер Борбор Азияда абдан курч маселелердин бири болуп келген. Эгер бул маселелерди консенсус менен чечпесе, чек ара сыяктуу эле потенциалдуу конфликттердин себеби болорун айтып келишет. Учурда Борбор Азия өлкөлөрү ушул маселени түшүп жатабы?

Саясий эрк болбосо, кандай гана маселе чыкпасын конфликттин очогуна айланышы мүмкүн.
Бахтиёр Эшчанов.

Эшчанов: Ооба, чынында эле суу-энергетикалык ресурстар потенциалдуу чыр-чатактардын себеби болору айтылып келген. Бирок бул дарыяларды канчалаган кылымдар бою чөлкөмдөгү элдердин жашоо булагы катары мүнөздөсөк болот. Саясий эрк болбосо, кандай гана маселе чыкпасын конфликттин очогуна айланышы мүмкүн. Буга кошумча, үчүнчү тараптар кийлигишип чек ара же суу-энергетикалык ресурстарга байланышкан маселелерди кайсы бир пикир келишпестиктин куралы катары колдонушу мүмкүн.

Дал ушул багыттан алганда, Кыргызстан менен Өзбекстандын «Камбар-Ата 1» ГЭСин чогуу курабыз деп ниет кылганы бул тармактагы мамиленин жакшырганы жана чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн кайым айтышуу ордуна кызматташтууга бышып жетилгенинин белгиси болду окшойт.

“Азаттык”: Ошол эле учурда Кыргызстан менен Тажикстан сууну товар катары баалап, анын экономикалык пайдасын көрүш керек деп айтып келет.

Карашев: Бул маселе өлкөбүз эгемендик алгандан бери көтөрүлүп келе жатат. 1990-жылдары маркум Турдакун Усубалиев демилге кылып, атайын мыйзам долбоорун жазып көргөн. Эл аралык сүйлөшүүлөр болгону менен сууну товар катары таануу боюнча аракеттен жыйынтык чыкпай келет. Бул маселени эки жагынан карашыбыз керек. Биз сууну топтоп берип жатабыз, гидротехникалык жабдыктар болсо эскирди. Аларды жаңылоого миллиарддаган каражат керек. Бул жагынан сууну коңшу мамлекеттер пайдаланып жатканы үчүн биз алар менен сүйлөшүп, ушул маселенин үстүнөн иштешибиз керек.

«Азаттык»: Бахтиёр мырза, суунун башындагы өлкөлөр сууну товар катары таануу демилгесин көтөргөнү менен Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан муну четке кагып келген. Акыркы жагдайлары эске алуу менен азыркы тапта бул маселе боюнча бирдиктүү саясат иштеп чыгуу мүмкүнбү?

Эшчанов: Билесизби, сууну товар катары таануу үчүн аны сатчу рынокту аныктап алуу зарыл. Дал ушундай кырдаалда товар сатып алуучу мамиле суу башындагы өлкөлөр менен дарыянын төмөн жагындагы мамлектеттердин ортосунда жүрүш керек. Ал эми бул жааттагы түшүнбөстүк дал ушул товарды көзөмөлдөй албагандан улам чыгып жүргөн.

Ал эми «Камбар-Ата 1», «Рогун» сыяктуу ири суу резервуарлардын курулушу суу-энергетикалык тармактагы алыш-беришти ыраатка салууда маанилүү. Ушул жааттан алганда аймактагы энергетикалык объекттерди же долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу суу жана энергетикалык ресурстарды эффективдүү колдонууга жол ачат.

Ошондуктан, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда суу же ирригация тармагында рыноктук мамилелерди түзүү азыркы учурда кыйын. Ошентсе да эки тарап биргеликте кызматташтыкты өнүктүрсө, суунун баасын аныктоо боюнча алга карай жылыш болот деген ойдомун.

Талкуунун видеосун бул жерден көрө аласыз.

“Камбар-Ата-1”: Өзбекстан өтөсүнө чыгабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:42:49 0:00

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG