Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:10

Жолдептерден


Курманбек Бакиев жубайы Татьяна Бакиева менен президенттик шайлоодо добуш берүүдө. Бишкек, 2009-жылдын 23-июлу
Курманбек Бакиев жубайы Татьяна Бакиева менен президенттик шайлоодо добуш берүүдө. Бишкек, 2009-жылдын 23-июлу

Эки ыңкылапка чейинки доор тууралуу журналисттик эскерүүлөр.



2000-жылдын декабр айында, жаңы жыл алдында ага чейин Чуй облусунун губернатору болуп турган Курманбек Бакиев премьер-министр болуп дайындалды.

Аны парламентке Аскар Акаев ээрчитип келип сунуштап, эмгек жолу менен тааныштырып, депутаттардан Бакиевдин талапкерлигин колдоп берүүнү суранды.

Ак үйдүн чоң залында депутаттар менен катарлаш отуруп калыптырбыз.

Жанымда отурган жашы өйдөлөп калган эки-үч таанымал мыйзамчы кызуу талкуулап жатышты:

“Ай, бул акебиздин байбичеси башка элдин кызы дейт ко? Кой, анысы жарабайт. Өзүбүздүн эле кыздардан бирди алып берип, ал катасын оңдойлу, “төшөгүн жаңыртып” дегендей. Башка элдин сулуу кыздары бизге тиймек беле? Анысы деле анча эмес дешет”, - деп кыраан каткы түшүп жатышты.

Чоң саясатка аттанган Курманбек Бакиевдин жубайы башка улуттун кызы экенине кабатыр депутаттар ал кезде жаңы премьер эбак эле өзү кам көрүп, кийинки жаш аялынан удаа эки балалуу болуп, дал ошол маалда жаш аялмет болуп жүргөнүн кайдан билишсин?

Бакиев мындай маалыматты коомчулуктан бекем жашырып, чыпчыргасын чыгарбай эл алдына жаш кезинде кошулган байбичеси Татьянаны колтуктап чыгып жүргөнү бул кишинин кандай касиетинен кабар берет?

Көп өлкөлөрдө андай айыбы ачылып, моралдык жактан жаза тайыган саясатчылар ээрден катуу жыдыйт.

Бизде эрөөн-төрөөн көрүнбөйт окшобойбу.


* * * * *

Курманбек Бакиевдин өкмөттүн жыйынын башкарган алгачкы отурумдарынын бирине катышып калдым.

Туризм тармагындагы акыбал тууралуу маселе каралып жаткандыктан тийиштүү мамлекеттик комитеттин жетекчи орун басары Канат Жанузаков трибунага чыкты.

Жаңы жетекчинин сүрүнөнбү, бир аз толкунданып сүйлөй баштады.

Колундагы кагазына үңүлүп алып, адаттагыдай эле орус тилинде: “Кыргыз өкмөтүнүн баланчанчы күндөгү номур түкүнчөнчү токтомуна ылайык, Туризм жана спорт комитети...” деп мукактана сөзүн баштады эле, Курманбек Бакиев аны ачуулуу көздөрү менен алая карап:

“Бул сизге комсомолдук жыйын эмес. Маселенин маңызын айтыныз, кандай иш аткардыңар, ошону айтыңыз”, - деп кесе айтты (орусча).

Ошол тапта трибунада турган Канат Жанузаковдун биртууган агасы Болот Жанузаков Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы болчу.

Бакиевдин алдындагы жетекчинин аке-жакесине карабай, опурула сүйлөгөнү мени таң калтырды.

“Капырай, бул кыйын неме го” деген ой кетти.

Анткени ага чейинки премьерлер өкмөт мүчөлөрүнө, орун басарларына сылык-сыпаа жай сүйлөп, сиз-биз дешип зериктирип отуруп тарап кетишчү.

Азыр ойлосом, Курманбек Бакиев үйдө жети эркектин улуусу болуп, андайда биздин шарттарда боло жүргөндөй, инилерин башкарып жумшап, чоңсунган мүнөздү жаштайынан күтүп алса керек.

* * * * *

2001-жыл, сентябр. Президент Аскар Акаев Ак үйдө Кыргызстандагы бардык айыл-кыштактардын жетекчилерин чогултуп, чоң масилет курду.

Чыкыйган костюм-шым, галстукчан каз-катар тизилген айыл өкмөт башчыларына Акаев трибунадан “Урматтуу кесиптештер” деп кайрылып жатты.

Мен бир өлкө башкарсам, силер да айылдагы чакан мамлекетти башкарып жатасыңар дегени го.

Кыргызстандын экономикасы өргүштөп өсүп баратат, баары жайында, план-программалар толтура деп чоң убадалар берилип жатты.

Сөз арасында бир убакта Аскар Акаев өкмөттүн жыйындар залында шатырата кол чаап, аны кунт коюп угуп отурган айыл башчыларына өзүн жакын адам көрсөткүсү келдиби, же дагы бирдемеге ичи жылый түштүбү, айтор:

“Анан урматтуу кесиптештер, эмдиги жылды биз Туризм жылы деп жарыялаган атабыз. Айылга барганда ал жактагы элге айта баргыла, үй-тамдарын актап-сырдап, тегерек-четтерин шыпырып тазалашсын. Болбосо чет элдик туристтер көп келет, алар бир эле балит үйдү көрсө, экинчи келбей коюшат”, – деп чын дилинен кичи пейил сурана кетти.

Жанагындай сөздү бийик трибунадан айтканда бир аз ичиркене түштүм.

Сөзүн андан ары улантып келатып Аскар Акаев:

“Айылдагылар сокосун иштетип бүткөндө жамбаштап жатып албай соода кылышсын. Соко бир кишини бакса, соода миң кишини багат,” – деп учкул сөз кошо кетти.

Андай “жаңы замандын макалын” кайсыл кеңешчиси жазып бергенин ким билсин, мага элди мыскылдагандай эле угулду.

Кесиптештер арасында:

“Ка-ап, көздү май басат деген ушул экен да. Айылдагылар акиташ-сыр сатып алганды кой, кара курсактын камын ойлоп айласын таппай жатса”, - деген сөздөр айтылды.

Кийин туризм жылы да өттү, негедир туристтер агылып келген жок.

Башка жомоктор айтыла баштады...

* * * * *
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG