Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

Атуулдарды ойготкон акын Шайлообек Дүйшеев


Акын Шайлообек Дүйшеев "Азаттык" үналгысынын Бишкек бюросунда.

Акын Шайлообек Дүйшеев "Азаттык" үналгысынын Бишкек бюросунда.

Кыргыздын азыркы чыгаан акындарынын бири Шайлообек Дүйшеев тууралуу анын туулган күнүн (23-февралды) утурлап айтылган учкай кеп.



Ыры Кожомкулдай, өзү бекене Киши


Айтылуу кыргыз акыны Байдылда Сарногоевдин:

Мен киммин, мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.
Энекем эптеп төрөп койсо керек,
Элимдин көбөйсүн деп адам саны
”, -

деген керемет саптары бар эмеспи.

Дал ошол ыр толугу менен дагы бир сары акынды - Шайлообек Дүйшеевди сыпаттоого татыктуубу дейм.

Бул ырга, менимче, бир гана өзгөртүү киргизүү керек.

Эгерде Байдылда бул мисалга алынган саптардын акыркысындагы “адам” сөзүн кичине тамга менен берсе, мен Байдыкебиз менен Шакебизге байланыштуу аны “Адам” деп чоң тамга менен жазуу зарыл деп ойлойм.

Ылайым бардык эле энекелер элибизде ушул эки калемгердей Адам санын, Киши санын көбөйткөн уул-кыздарды төрөп, тарбиялап турса экен!

Көркөм ийримдеги жаштыктын жалын доору

Шайлообек байкемдин өзүн көрө электе эле ырын окучумун.

Студент кезим. Анча-мынча азил кептерди жаза коюп жүргөнүмдөн кабардар окутуучум Жаныбек Жакыпбеков (ал кишинин жубайы – белгилүү калемгер Керез Зарлыкова) бир жолу мага айтып калды:

- “Тоо жылдыздары” деген адабий ийрим бар, ошого катыш.

Курсташым, акын болгусу келген Алтын Акпарова экөөбүз, ошентип, алиги ийримге башпактык.

Ийримди фантастикалык чыгармалары менен жаштардын делебесин козуткан, тим эле Эдисондун өзү сыяктуу ойлоп табуучунун “пириндей” сезилген бир калемгер жетектейт экен.

О-о, бир далай жашка барып калган сүрдүү кишидей көрүндү.

Көрсө, 18деги жигит үчүн 30дун кырына жетип-жетпей турган фантаст жазуучу Беганас Сартов ошондой сезилген тура.

Беганас агай улам башка сүрдүү акын-жазуучуларды ээрчитип келип, жаш калемгерлер менен тааныштырып жүрдү.

Алардын баары тең бизге өтө залкар көрүнгөн менен, көрсө, “жаңы толкун” катары адабиятка аралашып жаткан 25-35 жаштардагы калемгерлер экен.

Ийримдин коноктору - Жолон Мамытов, Табылды Муканов, Анатай Өмүрканов, Акбар Рыскулов, Каныбек Эдилбаев, деги койчу, ошол кезде мөлтүрөп бышып турган калемгерлер эле.

Ийримге келгендердин арасында Шайлообек байке жашына жараша чыгармачылыгы жагынан да төбөсү бийик көрүнүп турган.

Анын ырлары ошол кезде эле макталып, улам жаңы алманахтарда жарыяланып турду.

Шакебиздин тели-теңтуш, дос, курсташтарынын арасынан Нуралы Капаров, Жаныбек Өмүралиев (Юморалиссимус) сыяктуу ар сабынан талант учкундары “зып-зып” учуп турган акындар да бар болчу.

Алардан кийин Кыялбек Урманбетов, Жедигер Саалаев, Кожогелди Култегин, Клара Кичинемолдоева, Жыпара Акунова, Чыныбай Турсунбеков сыяктуу “тайлардын дүбүртүнүн” эпкини келди.

Кийинчерээк ийримди сынчы Советбек Байгазиев, акын Акыл Уйлубаева ж.б. башкарып калды.

Шакебиз жана анын мууну болсо - кийинки жаш акындарга жана башка калемгерлерге өрнөк болуп калышты. Турмуш элеги аларды өлкөбүздүн ар кыл жактарына шиледи.

Шакебиз Нарында да (агам Кубанычбек менен чогуу) иштеп келди, кийинчерээк Кыргыз филармониясында да иштеп жүрдү.

Анан “Кыргыз маданияты” гезитинде жана башка эркин гезиттерде да көз майын коротту.

Көз майы менен сөз майынын калган-катканын эми “Азаттык” үналгысына жумшап, андан да артып калганын түнү дебей - күнү дебей адыраңдап жетип келе калган, байкебиздин соо экенин да, ичип алганын да элебеген, чарчаганын да, чаңкаганын да кенебеген, калеми менен компүтери жанында бар-жогуна кайыл болгон, жеңебиздин маанайын таптакыр эсепке албаган кош канатчан тентек аргымакка - Пегаска арноодо.

Бюрократия чидери жана акын

Кыргызстанда жаш калемгерлерди телчитүү үчүн ийримдер ачылып, атайын жыйнактар маал-маалы менен жарыяланып турганына карабастан, суурулуп чыккан таланттардын баарынын эле чыгармалары тез арада китеп болуп жарык көрө берчү эмес.

Көптөгөн жаш таланттар китебин чыгара албай, кол жазмалары он чакты жылдап басма үйүндө чаң басып калган учурлар арбын болчу.

Шайлообек аганын азыркы китептерин жарыялоого сүрөөнчү болгусу келгендер тим эле кезекке тизилип калышты көрүнөт.

Ал эми анын алгачкы китеби өзгөчө создугуп барып жарык көргөн.

Бул тууралуу кичүүрөөк болсо да теңтушу, досу Нуралы Капаров “Азаттык” үчүн 2010-жылы курган маегинде мындайча эскерген:

- Шайлообек өзү бардык нерседен кеч калгандай болуп келди. 25 жашында окууга кирип, 30 жашында бүтүп, 35 жашында «Аптап» деген жупкадай жука китеп чыгарды. 38 жашына чейин адабият майданына деле активдүү киришкен жок. Анда-санда ыр жазып жүрдү, бирок ошол анда-санда жазган ырларынын баары тең чоң талант экенин көрсөтүп турду! Мынаке азыр Шайлообек классик, залкар акын!

Ушундай акыйкатсыздык да, атаандаштык да орун алган чөйрө калемгерди улам “бүлөп” турат эмеспи.

Басмадагы аткаминердик тоскоолдорго карабай, Шакебиз улам терең дүйнөгө үңүлүп, өзүн улам жаңыдан тапканга далаалаттанып келе берди.

Дыйканчылыкка анча эби жок ат-башылык байке ырдын нагыз дыйканы болду.

Кайдыгерликти жеңүү чакырыгы

Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, Кеңеш Жусупов, Ашым Жакыпбеков, Жалил Садыковдор 1960-80-жылдары кыргыздын карт тарыхына жана дастандарына астейдил мамиле кылууга, өтмүштү калыс үйрөнүүгө чакырык жасап, ар кыл публицистикалык, көркөм чыгармалар жарыялашты.

Шакебиз болсо алардан айырмалуу чакырыгын сыйлуу төр жактан эмес, карапайым калайыктын ичинен туруп үн каткан акын катары жарыялады.

Дегиңкиси, анын 1988-жылы жазылып, кийин кеңейтилген “Кайдыгерлик” чыгармасы өз учурунда кагылган добулбас болду.

Акын 1980-жылдардын этегинде кейип жазган жана тарыхый жер-суу аталыштарын калыбына келтирүүгө үндөгөн “татуировка” деген сөздүн “таягын” жегендер азыр да учураганына күбө болуп, кээде таң кала жакабызды карманабыз.

Эгерде бул сыяктуу ырды 1930-40-жылдары жазса, балким, ал атылып кетмек, 1950-жылдары жазса айдалып кетмек, 1960-70-жылдары жазса өмүр бою (тактап айтканда, СССР жыгылганга чейин) “кара тизмеде” калмак.

Бирок ошол кайра куруулар доору, айкындык үчүн күрөш жүргөн 1988-жыл үчүн деле Шакебиздин ыры “тентек”, “журт ойготоор” (эски цензуранын тили менен алганда “журт бузаар”) атуулдук чыгарма болуп калды.

“Кайдыгерлик” ырын көтөрүлүшчү обончу-ырчы Сагынбек Момбеков Совет доору ураган аткан жылдары Бишкекте коммунисттик өкмөткө каршы нааразылык жыйындары учурунда гана эмес, 1991-жылкы жайындагы “Өмүр көчү” жүрүшү маалында жана башка учурларда шаар-кыштактарды түрө кыдырып, эл аралап аткарып жүрдү.

Ошентип, дал ушул “Кайдыгерлик” ыры аркылуу Шакебиз менен Сакебиз ар кимиси өз жолу менен элдин сезимине бүлүк салып, жаш муундарды сергек ойго жетелеп жүрүштү.

Азыр деле ойгоно электер бар, эми бизге айла жок деңизчи!

Алар үчүн акын бул ырынын дагы бир шиңгилин береги эле “бакиевдик доордо”, 2008-жылы жарыялады.

Кайдыгерлик деген неме,
Кайран элди
Чокуга чабабы дейм,
Кара жолго кареги агабы дейм,
Жомок жолборс жолою жоош элдин
Жонун тилип тамгасын салабы дейм,
Жок кылып алабы дейм
.

<…>

Кайдыгерлик деген неме,
Канатсыз калгандыгын
Туюп турат,
Капталдан карышкырдай
Улуп турат,
Кайдыгерлик деген неме,
Абыке-Көбөш болуп,
Ажалын сунуп турат,
Кайнатпай көчүгүңө
Карандай сууну күндө
Куюп турат,
Карасаң маңдайыңда
Калк эмес, кыргыз эмес,
Кашайган дудук турат!

<…>

Чочулаганым, эми эл-журтубуз эки ыңкылапты баштан кечирген соң, алдыдагы он жылдан кийин деле “Кайдыгерлик” ырынын жаңы шиңгилин жазуу үчүн акынга орчун себеп табылбаса экен...

Ай, ким билет, ким билет!..

Шакебиз – эл акыны

Бул сөздү мен Шайлообек аганын буга чейин алган “Эл акыны” деген расмий сыйлыгын ара-чолодо эске сала кетүү үчүн жазган жокмун.

Кыргыз Президенти Роза Отунбаева Эл акыны Шайлообек Дүйшеевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктоодо. Ат-Башы жергеси. 21.02.2011. Кыргыз президентинин басма сөз кызматы.

Негизи, кыргыз акындардын (жана алардын бабаларынын) дээрлик бардыгы сыйлыкка, өздөрүн мактап-даңктоого каршы эмес.

Эсеби маселен, айтылуу ойчул акын Жусуп Баласагын деле 1069-1070-жылдары жазылган “Кут билими” (“Кутадгу билиг” аталышын “Куттуу бийлик” деп которсо да болот) аттуу таалим-нуска, философиялык ой жана маданий бийик көрөңгө камтылган мыкты чыгармасы үчүн Кара кагандардын Кашкардагы ордосунда “аксарай башчысы” (“хасс хажип”) даражасын алган эмеспи!

Бул саптарды окуган “аксарай башчылары” эми орун талашат ко деп Шакебизди “желмогуздай” көрүшпөсө экен!
Акын Шайлообек Дүйшеев өзүнүн 60 жылдыгына арналган жыйында (ортодо ак калпакчан). Кыргыз улуттук филармониясы. 2011-жылдын 26-февралы. Кыргыз президентинин интернет барагындагы сүрөт.


Ошон үчүн шашылыш кошумчалай кетейин - менин айтаарым таптакыр башка.

Негизинен, акын өзү сыйлык аркылуу жылуу сөзгө куштар болсо да, анын чыгармалары эч кандай сыйлыгы жок эле акынды бапестеп алышат.

Акын Токтогул Сатылган уулу, маселен, Токтогул атындагы сыйлыкка эч татыган эмес.

Жусуп Баласагын болсо – Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин ардактуу окутуучусу наамын алган эмес.

Калыгул, Жөжө, Арстанбек, Молдо Кылыч, Осмонаалы, Эшенаалы, Нур Молдо, Жеңижок, Казыбек, Боогачы сыяктуу өкмөт унутса да, эл унутпаган канчалаган чыгаандарыбыз тарыхта болду!

Шакебиздин чоң дөөлөтү, чоң сыймыгы – анын чыгармаларындагы эл кадырлаган рух, эл маашырланган эркин ой.

“Манас” дастанынын айрым окуяларынын былтыр (2010-жылы) күздө жарыяланган Шайлообектик варианты акындын айтаар дил кебинин чети да оюла электигинен кабар бергендей болду.

Атаганат, Жусуп Баласагын “ак сарай төбөлү” болбогон чакта, балким, анын башка дагы бир чыгармасы бизге келип жетээр беле?

Шайлообек ага, сиз деле өзүңүз муктаж болбогон төбөлдүккө ашыкпасаңыз керек?

Жүзгө чыгыңыз, байбичеңиздин кашында, небере-чөбөрөлөрдүн чайын чогуу ичип жүздөн аркысын деле багындырыңыз.

Калемиңизге береке!

Пегасыңызга – Ак-Сай менен Арпанын кийик оту!

Саламым менен,

Алыскы Прагадагы иниңиз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG